Бейруттагы жарылуу: тургундар күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылууда

The aftermath of the blast at the site

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарылуудан кеминде 135 адам каза тапты

Бейруттагы жарылуудан кийин 2750 тонна аммоний нитрат сакталган порттун расмийлери үй камагына алынды.

Шейшемби күнү болгон жарылууда кеминде 135 адам каза тапты, төрт миңден ашуун киши жаракат алды. Өлкө бийлиги эки жумага созулган өзгөчө кырдаал жарыялады. Учурда куткаруу иштери дагы деле уланууда.

"Бейрут ыйлап жатат, Бейрут кыйкырып жатат. Эл тажады, жинденип жатышат",-деди атактуу режиссер Жюд Чехаб.

Өлкөнүн бажы кызматынын башчысы порттон химиялык затты чыгарып кетүү керек экенин бир нече жолу айтканын, бирок анын өтүнүчү аткарылбаганын маалымдады. Ал эми Ливандын президенти Аун 2750 тонна аммоний нитраты портто алты жылдан бери сакталып турганын, ошол эле маалда эч кандай коопсуздук шарттары сакталбаганын белгилеген.

Жергиликтүү тургундар социалдык сайттар аркылуу өкмөт коррупцияга малынганын жазышып, жоопкерчиликтен качып жатканын кошумчалашууда.

A destroyed silo is seen amid the rubble and debris following yesterday's blast at the port of Lebanon's capital Beirut, on August 5, 2020.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарылуу болгон аймак урандыга айланды

Лондондо жайгашкан Чатхам хаус аналитика борборунун өкүлү Лина Хатиб аммоний нитратынын кишилер жашаган аймакка жакын сакталганы өлкөдөгү коррупциядан жана өкмөттүн чабалдыгынан кабар берет деп айтты.

"2750 тонна аммоний нитраты кимге керек? Бул зат менен бомба жасаса болот, аны Ливандагы куралчан топтор колдонуп келгени дагы белгилүү. Ливандын айыл чарба тармагы алты жылдан бери портто катылып турган мындай көлөмдөгү жер семирткичтен эч пайда көргөн жок",-деди ал.

Өлкөнүн премьер-министри Диаб күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат деп белгиледи.

Аммоний нитраты же аммиак селитрасы (NH4NО3) азоттук жер семирткич жана жарылгыч заттарды өндүрүүдө колдонулат.

Айрым маалыматтарда портто ширетүү иштери жүрүп жаткан. Анын оту пиротехникага тийип, өрт чыгып, аммоний нитраты сакталган аймакка тутанып кеткен деп айтылууда.

A helicopter puts out a fire at the scene of an explosion at the port of Lebanon's capital Beirut on August 4, 2020.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куткаруу иштери дагы деле уланууда
A street left entirely destroyed by the blast

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарылуунун толкуну бир нече чакырым аралыктагы имараттарды талкалады
The area destroyed by the beirut explosion

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көптөгөн чакан ишканалар, дүкөндөр урандыга айланды

Коомдук сайттарда жарылуу болгон жерден ондогон видеолор жарыяланды. Жарылуу ушунчалык кубаттуу болгондуктан анын толкуну бир нече чакырым аралыктагы автоунааларды дагы учуруп кеткен. Порттун өзү эле эмес, ага жакын райондор катуу жабыркады.

Порт болсо толугу менен иштен чыгып калды. Бул күнүмдүк керектөөнүн дээрлик баарын сырттан ташып келген өлкө үчүн өтө оор сокку. Жарылуунун үнү өтө катуу болуп, Бейруттан 240 чакырым аралыктагы Кипр аралына чейин угулган.

line

Анализ

Себастиан Ашер, Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти

Ыктыярчылар Бейруттун көчөлөрүнө агылып чыгып, урандыларды тазалап кирди. Айрымдар жарылуунун кесепетин көрүп, дендароо абалына кабылууда.

Ливандын бийлиги ачык жана толук кандуу териштирүү иштери болорун убада кылды. Ошондой эле портто сакталып турган аммоний нитратынын калдыктарын өлкөнүн армиясы өз кампасына сактамай болду.

Бирок бейруттуктар өкмөттүн кадамына ынанган жок. Көптөр бийлик кайрадан жоопкерчиликтен качып жатканын ачык айтышууда.

Коомдук тармактарда бейруттуктардын көбү дүйнө жүзүнөн келген каржылык жардамга ыраазычылык билдирип, бирок акчаны өкмөт уюштурган эсептер аркылуу жөнөтпөөгө чакырышууда. Себеби, өлкө калкынын басымдуу бөлүгү өкмөттү коррупцияга терең баткан, көйгөйдү чече албаган структура катары көрөт.