Европа: Сауд Арабиядагы чабуулдун артында Иран турат

Workers are seen at the damaged site of Saudi Aramco oil facility in Abqaiq, Saudi Arabia, September 20, 2019

Сүрөттүн булагы, Reuters

Франция, Германия жана Британия Сауд Арабиянын мунай объекттерине болгон чабуулдун артында Иран турганын билдирди.

Бирок ошого карабастан Европа мамлекеттери 2015-жылы жетишилген келишимди сактап калууга аракет жасай турганын айтууда.

"Чабуулдун артынан Иран турганы бизге так болду. Башка түшүндүрмө жок. Биз күнөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөөнү колдойбуз",-деп айтылат Европа мамлекеттеринин лидерлери бирдиктүү билдирүүсүндө.

Тегеран айыптоолорду четке кагууда. "Европа мамлекеттеринин лидерлери акылга сыйбаган АКШнын дооматтарын тоту куштай эле кайталап жатат",-деди Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф.

Европа лидерлеринин өзөктүк курал боюнча жаңы келишимге жетүү сунушуна Тегеран ишенбейт. Анткени Европа мамлекеттери АКШнын уруксаты жок "өз милдеттерин аткара албайт" деди Зариф.

Iranian Foreign Minister Mohammad Javad Zarif at the General Assembly of the United Nations in New York, 23 September 2019

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф

Буга чейин Иран Сауд Арабиядагы окуядан кийин АКШ жана анын өнөктөштөрү аскердик аракеттерге барса, Тегеран жооп кайтарат деп эскерткен.

14-сентябрда болгон чабуулга Йемендеги хусит козголоңчулары жоопкерчиликти алган. Бул топту Иран колдоп келет. Сауд Арабиянын Коргоо министрлиги кол салууда 18 дрон жана жети ракета колдонулганын ырастап, алар Йемен тараптан эмес, Ирандан учурулганын белгилеген.

Мунай объектилерине болгон чабуулдан кийин дүйнөлүк мунай өндүрүшү беш пайызга кыскарды. Сауд Арабиянын мунай объектилери эми бир нече аптадан кийин гана ишке кирет. Бул өлкө дүйнөдөгү эң ири мунай экспортеру, өлкө күнүнө жети миллион баррел май сатат. Сауд Арабиясынын Энергетика министрлиги мунай өндүрүштөгү кыскартууларды кампада сакталган резервдер менен толукталат деп маалымдаган.

French President Emmanuel Macron (L) meets with German Chancellor Angela Merkel and British Prime Minister Boris Johnson (R) at the UN headquarters on Sept 23, 2019, in New York

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европа мамлекеттеринин лидерлери

Окуянын контекстти кандай?

Йемендеги хусит козголоңчулары Сауд Арабиянын аймагында бир нече жолу ракета менен дрон чабуулдарын уюштурду. Сауд Арабия баш болгон коалиция Йемен өкмөтүн колдойт. Хусит козголоңчулары болсо 2015-жылдын март айынан бери өкмөттүк күчтөр менен согушуп жатат.

Согушта 10 миңден ашуун киши мүрт кетип, миллиондогондор ачарчылыкка дуушар болду. Эл аралык уюмдар согушту дүйнөдөгү эң катаал кризис деп атаган.

Ал эми Сауд Арабия менен Иран региондогу таасирди талашып, үстөмдүк үчүн күрөш жүргүзүп келүүдө. Диний көз караштардын дал келбегени алардын тирешин андан бетер тереңдетти. Иранда шииттер үстөмдүк кылат, ал эми Сауд Арабиясы өзүн исламдын суннит бутагынын лидери санайт. Сауд Арабия менен Иран ортосундагы тирешүү өзгөчө соңку он беш жылдан бери чыңалып жатат. (AT)