Panasonic Huawei менен иштешпей калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жапониянын белгилүү Panasonic компаниясы Кытайдын технология гиганты деп эсептелген Huawei менен кызматташууну токтотту. АКШ өкмөтү Huawei компаниясын уурулук кылды деп айыптап, аталган компания менен иштешпей калган эле. Panasonic муну эске алып, Huawei менен келишимди токтотууга мажбурбуз деп билдирди.
Өткөн аптада АКШ Huawei компаниясын кара тизмеге киргизип, лицензия албай туруп эч бир америкалык компания аны менен иштеше албайт деген бүтүм чыгарган. Бул өлкө аталган компанияны улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп айыптап жатат.
Жакында эле Google компаниясы Huawei чыгарган телефондордогу Android системасынын жаңыртууларын токтото турганын билдирген. Башкача айтканда, аталган компаниянын жаңы смартфондору үчүн Google тиркемелери жеткиликтүү болбой калат. Азырынча кайсыл кызмат көрсөтүүчү тиркемелер жабылат, бул тууралуу талкуу жүрүүдө.
Softbank жана KDDI деп аталган жапон операторлору Huawei компаниясынын жаңы телефондорун сатпай турганын айтып жатат.
Британиянын микрочиптерди иштеп чыгарган ARM компаниясы дагы Huawei менен келишимди токтотушубуз мүмкүн деп билдирди.
Сатуудагы кыйынчылыктар
Дүйнөдөгү эң кубаттуу экономикасы бар АКШ менен Кытайдын 600 млрд. долларга тете соода талашы ырбап кетти. АКШ жакында эле 200 миллиард долларлык кытай товарына бажы төлөмдөрүн эки эсеге көбөйткөндөн кийин, Кытай жооп катары өлкөгө импорттолгон 60 миллиард долларлык америкалык товарларга бажы тарифтердин көтөрдү.
АКШ президенти Бээжинди бажы төлөмдөрүн жогорулатпоого чакырган. Бирок Кытай "чет өлкөлүк кысымга баш ийбейбиз жана өз кызыкчылыгыбызды коргойбуз" деп билдирип келет.
Huawei соода согушунун ортосунда калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Huawei Кытайдын тыңчы компаниясыбы?
Буга чейин жаңы технологиялардын гиганты Huawei Кытайга тыңчылык кылууга көмөктөшөт деп АКШ билдирген. Кошмо штаттары бир нече жылдан бери Huawei компаниясына каршы далилдерди топтоп келди. Алардын пикиринде, кытайлык компания Бээжиндин буйругун аткарып, технология жаатында уурулук кылат. Huawei болсо мындай дооматтарды четке кагууда.
АКШдан тышкары Австралия менен Жаңы Зеландия Huawei компаниясынын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизип, бул компания сунуштаган 5G байланышынан баш тарткан.
Эмне болот?
Huawei АКШ салган санкцияларга моюн сунбай турганын көрсөтүп жатат. Анын негиздөөчүсү жана башкы директору Жэнь Чжэнфэй аталган компания чиптерди ири масштабда топтоп алып, АКШ тараптан болуп жаткан тоскоолдукка алдын ала даярданганын билдирди.
"Huawei 5G планына АКШнын санкциясынын кедергиси тийбейт. Башка компаниялар бизди жакынкы эки-үч жылдын ичинде кууп жете албайт", -деди Жэнь Чжэнфэй.
Кытайды улуттук колдоо маселесине келгенде Чжэнфэй сабырдуу болууга чакырып, "Биз улутчулдукту жана популизмди жалбырттатпашыбыз керек",- деди.
Батыш өлкөлөрүндө Huawei ишканасынын кирешеси кыска убакытта эле чоң жоготууга учурашы мүмкүн. Смартфон сатып алуучулар Google Play дүкөнүн колдоно албаса, Huawei телефондорунан баш тартышы ыктымал.
Мындан улам Huawei Google телефон тиркемелерине альтернатива издөөгө мажбур. Бирок аталган компания мурунтан эле мындай болушун билгендей түр көрсөтүп жатат. Себеби германиялык Die Welt гезитине компаниянын өкүлү жылдын башында интервью берип, "биз өзүбүздүн жаңы системаларды иштеп чыкканбыз, бул биздин план Б" деген эле.
Бирок бул план дагы кытайлык компанияга чоң жоготуу алып келиши мүмкүн. Huawei сатуу жагынан Samsung ишканасынан озуп өтүп, 2020-жылы эң көп сатылган смартфондор болобуз деп жаткан эле. (ErA)












