5G байланышы дүйнөнү өзгөртөбү?

Woman uses 5G services on a virtual reality devices in Seoul in April 2019

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Самсунг" компаниясы Galaxy S10 смартфондору 5G байланышына кошулганда, интернет жыйырма эсеге тездейт деп билдирди

Түштүк Корея жана АКШда биринчи жолу 5G технологиясы ишке кирди. Ал смартфон колдонуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет деп айтылууда.

"Самсунг" компаниясы Galaxy S10 смартфондору 5G байланышына кошулганда, интернет жыйырма эсеге тездейт деп билдирди.

Бир нече өлкө 5G технологиясын өнүктүрүп, өлкөгө жайылтууну көздөп турат. 5G айдоочусуз унааларды колдонуу үчүн да маанилүү экени айтылууда.

Бирок жаңы технология коопсуздукка коркунуч жаратат дегендер да бар.

Woman looks at looks at a Samsung Galaxy S10 5G smartphone during a Korea Telecom 5G launch event in Seoul on 5 April 2019

Сүрөттүн булагы, Getty Images

5G деген эмне?

5G смартфондогу интернет байланышын түзгөн технологиянын бешинчи мууну. Чөнтөк телефон колдонуучулар тез жана туруктуу интернет байланышына мүмкүнчүлүк алат.

Талдоочулар 4G байланыштан 5G технологиясына өтүү чоң секирик болоорун белгилешүүдө.

A screen of a 5G smartphone

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талдоочулар 4G байланыштан 5G технологиясына өтүү чоң секирик болоорун белгилешүүдө

Биринчи муун деп саналган 1G технологиясы үн менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзгөн, 2G текст, 3G сүрөт, ал эми 4G байланышы менен видео аркылуу баарлашып калдык.

Бешинчи муун деп саналган 5G интернетти он эсеге чейин тездетет. "Самсунг" компаниясы болсо алардын смартфондору менен интернет жыйырма эсе тез болоорун айтууда.

Технология айрым өлкөлөрдө сыноодон өтүп жатат. Жакын арада айрым компаниялар аны кеңири жайылта баштайт.

Түштүк Кореяда өткөн аптада үч компания 5G кызматын сунуштады. АКШда болсо Verizon компаниясы эки шаарда 5G кызматын сунуштай баштады.

5G коопсуздукка корунуч жаратабы?

5G байланыштын инфраструктурасы кытайлык Huawei компаниясынын катыштыгы менен түзүлгөндүктөн, айрым мамлекеттер коопсуздук маселесин көтөрүүдө.

Technician checks 5G antenna in Seoul in April 2019

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Корея 5G байланыштын инфраструктурасын өнүктүргөн өлкөлөрдүн бири

Буга чейин жаңы технологиялардын гиганты Huawei Кытайга тыңчылык кылууга көмөктөшөт деп АКШ билдирген. Кошмо штаттары бир нече жылдан бери Huawei компаниясына каршы далилдерди топтоп келди. Алардын пикиринде, кытайлык компания Бээжиндин буйругун аткарып, технология жаатында уурулук кылат. Huawei болсо мындай дооматтарды четке кагууда.

АКШдан тышкары, Австралия менен Жаңы Зеландия Huawei компаниясынын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизип, бул компания сунуштаган 5G байланышынан баш тарткан.

5G технологиясын көзөмөлдөө коммуникация тармагынын маанилүү бөлүктөрүн башкаруу катары саналат. Талдоочулардын айтымында, 5G байланышы аркылуу Huawei сыяктуу компниялар тыңчылык кылууга мүмкүнчүлүк алат. Келечекте айдоочусуз унаалардан тарта үйдөгү электрондук жабдыктарга чейин 5G технологиянын жардамы менен иштеп калат.

Ага карабастан мобилдик операторлордун тыңчылык кылганы тууралуу бир дагы факты каттала элек. (AT)