Google компаниясы Huawei менен иштешпей калабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Google компаниясы Huawei ишканасы чыгарган телефондордогу Android системасынын жаңыртууларын токтотот. Аталган компаниянын жаңы смартфондору үчүн Google тиркемелери жеткиликтүү болбой калат.
Huawei менен Google бул тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн карманып жатат. Азырынча кайсыл кызмат көрсөтүүчү тиркемелер жабылат, бул тууралуу талкуу жүрүүдө.
Huawei Android системасынын лицензия боюнча ачык турган версияларын колдоно берет деп айтылууда.
"Google компаниясы расмий түрдө ачык билдирүү менен чыга элек. Ошондуктан бул аракеттердин натыйжасы жөнүндө сөз кылууга кыйын болуп турат. Эгерде журналисттердин бул тууралуу жазгандары туура чыкса, Huawei ишканасы олуттуу жоготууга учурайт. Бирок аталган компания өзүнүн тиркемелер дүкөнүн улам жаңыртып жатат. Эгерде Google менен келишимдер үзүлө турган болсо, Huawei жаңы өзгөртүүлөр менен чыга берет деп ойлойм",- деди Би-Би-Сиге CCS Insight консалтинг компаниясынын өкүлү Бен Вуд.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Эмне болот?
Батыш өлкөлөрүндө Huawei ишканасынын кирешеси кыска убакытта эле чоң жоготууга учурашы мүмкүн. Смартфон сатып алуучулар Google Play дүкөнүн колдоно албаса, Huawei телефондорунан баш тартышы ыктымал.
Мындан улам Huawei Google телефон тиркемелерине альтернатива издөөгө мажбур. Бирок аталган компания мурунтан эле мындай болушун билгендей түр көрсөтүп жатат. Себеби германиялык Die Welt гезитине компаниянын өкүлү жылдын башында интервью берип, "биз өзүбүздүн жаңы системаларды иштеп чыкканбыз, бул биздин план Б" деген эле.
Бирок бул план дагы кытайлык компанияга чоң жоготуу алып келиши мүмкүн. Huawei сатуу жагынан Samsung ишканасынан озуп өтүп, 2020-жылы эң көп сатылган смартфондор болобуз деп жаткан эле.
Huawei Кытайдын тыңчы компаниясыбы?
Буга чейин жаңы технологиялардын гиганты Huawei Кытайга тыңчылык кылууга көмөктөшөт деп АКШ билдирген. Кошмо штаттары бир нече жылдан бери Huawei компаниясына каршы далилдерди топтоп келди. Алардын пикиринде, кытайлык компания Бээжиндин буйругун аткарып, технология жаатында уурулук кылат. Huawei болсо мындай дооматтарды четке кагууда.
АКШдан тышкары Австралия менен Жаңы Зеландия Huawei компаниясынын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизип, бул компания сунуштаган 5G байланышынан баш тарткан.
5G технологиясын көзөмөлдөө коммуникация тармагынын маанилүү бөлүктөрүн башкаруу катары саналат. Талдоочулардын айтымында, 5G байланышы аркылуу Huawei сыяктуу компаниялар тыңчылык кылууга мүмкүнчүлүк алат. Келечекте айдоочусуз унаалардан тарта үйдөгү электрондук жабдыктарга чейин 5G технологиянын жардамы менен иштеп калат. (ErA)












