Исламдын жаралышына чоң салым кошкон Кадича

Illustration of a veiled woman in a Mosque

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Margarita Rodríguez
    • Role, BBC News Mundo

"Ал тоскоолдуктарга карабастан ийгиликке жеткен. Аны 1400 жылдан кийин деле кыз-келиндер суктана турган, жасаган иштерин кайталагысы келген аял катары мүнөздөсө болот".

Дал ушундай пикирин Манчестер шаарынын имамы, белгилүү динаятчы Асад Заман билдирди.

Кадича (Кадыйча, Хадижа) VI кылымда азыркы Сауд Арабиясы жайгашкан аймакта туулуп-өскөн. Ал белгилүү, таасирдүү жана бай адам болгон. Көптөрдүн турмуш куруу сунушун четке каккан.

Кадича үч жолу күйөөгө чыккан. Биринчи күйөөсү каза болгон, экинчи күйөөсү менен ажырашып кеткен деген жоромол бар. Бул окуядан кийин Кадича кайра күйөөгө тийбейм деп чечкен. Бирок мыкты сапаттары бар жигитке кезиккенде чечимин өзгөртүп, үчүнчү жолу турмуш курган.

Ошол доордо өзгөчөлөнүп, кырк жашка чыккан Кадича 25 жаштагы жигитке турмуш куруу сунушу менен өзү кайрылган. Бирок аны дагы бир махабат окуясы катары кабыл алуу катачылык. Бул кадам дүйнөдөгү экинчи эң чоң диндин жаралышына түрткү болгон.

Кадичанын күйөөсү Мухаммед эле, ал көп өтпөй пайгамбарга айланган.

Соодагер

Camel caravan

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кадичанын соодагерлери Жакынкы Чыгышты кыдырып чыгышкан эле

Нью-Йорк университетинин Жакынкы Чыгыштын байыркы тарыхы боюнча профессору Робер Хойланд Кадича кандай адам болгону тууралуу так маалымат алуу татаал экенин айтат. Себеби ал көз жумганына көп жыл өткөндөн кийин гана Кадича тууралуу жазылган булактар бар.

Ага карабастан, колдогу булактардын көбү аны "амбициялуу, руханий жактан бекем жана эрктүү" аял катары мүнөздөшөт, дейт профессор Хойланд. Мисалы, Кадича ал учурдагы салт талап кылгандай алыскы тууганына күйөөгө чыкпай койгон. Анткени күйөөсүн өзү тандагысы келген.

Кадича соодагердин кызы эле. Анын атасы үй-бүлөлүк бизнести соода империясына айлантууга жетишкен. Атасы согушта каза болгондон кийин бизнести Кадича колуна алган.

"Ал кыйынчылыктарга туруштук бере алганы калетсиз. Чынында, анын бизнестеги жөндөмү дүйнө тарыхын өзгөрттү",-дейт тарыхчы Беттани Хьюз.

Жардамчы

Close up of Bettany Hughes

Сүрөттүн булагы, David Levenson/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тарыхчы Беттани Хьюз: Кадича кыйынчылыктарга туруштук бере алганы калетсиз

Кадича Меккеде жашап, ишкерлик менен алектенген. Бирок анын кербендери Жакынкы Чыгыштагы ири шаарларды, Йеменден Сирияга чейин кыдырып келген.

Кадичанын байлыгынын бир бөлүгү үй-бүлөсүнөн келгени менен, ал өзү дагы байлыкты көбөйтө алды, дейт Лидс университетинин Ислам тарыхы боюнча профессору Фойза Бора.

"Ал өзүнө ишенген ишкер катары таанылган",-дейт профессор Бора.

Кадича туура кишилерди ишке алып, адамдын сапатына өзгөчө маани берген. Ошол учурда ал чынчыл, катуу иштеген жаш жигит тууралуу уккан. Ошол жигитке жолуккандан кийин каравандарынын бирин башкарганы берген.

Кадича анын өжөрлүгүнө суктанып, убакыт өткөндөн кийин турмуш курууну сунуштаган.

Мухаммед жетим бала эле, аны агасы баккан. Кадичага үйлөнгөндөн кийин Мухаммед "туруктуулук жана экономикалык бакубаттуулукка" жетишти, дейт Фойза Бора.

Мухаммед менен Кадичанын төрт баласы болгонун, бирок бир кызы гана аман калганы айтылат.

Бирок эки түгөйдүн дагы бир өзгөчөлүгү бар эле: "Алар моногамиялык [көп аялдуулук эмес] үй-бүлө болгон. Бул таң калыштуу, анткени ошол доордогу коомдо эркектер көп аял алышкан", -дейт Лондондогу мусулман институтунун профессору Раниа Хафаз.

Биринчи аяттар

Panoramic view of Mecca

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кадича жана анын үй-бүлөсү Меккеде жашаган. Бул шаар Исламдын борборуна айланды

Мухаммед Курайш уруусунан болот (Кадича дагы ушул уруудан). Ал доордо бул уруу бир нече кудайга сыйынган. Мухаммед менен Кадича баш кошконуна бир нече жыл өткөндөн кийин, Мухаммедде руханий өзгөрүүлөр башталып, ал Меккенин айланасындагы тоолорго көп барып турган.

Мусулмандар Мухаммед пайгамбар кудайдан Габриэль периште аркылуу аяттарды алып жатканына ишенет. Ушул жол менен мусулмандар ыйык санаган Куран Мухаммедке ачыкталган.

Мухаммед биринчи аятты укканында эмне болуп жатканын түшүнбөй, корккону айтылат.

"Ал эмнени сезип жатканын түшүнгөн эмес. Пайгамбар бир гана кудай бар деген түшүнүктү биринчи жолу угуп жаткан. Анын уруусу көп кудайга сыйынган эле. Айрым булактар аяттарды алгачкы жолу угуу оңой эмес экенин жазышкан",-дейт Фойза Бора.

A copy of the Koran on a wooden book stand, in front of an open window

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мусулмандар кудай сөзүн Мухаммедке периште аркылуу жеткиргенине ишенет

Мындай кыйын учурда Мухаммед "өзү ишенген адамга кайрылган",-дейт профессор Хойланд.

Кадича Мухаммеддин айткандарын угуп, аны тынчтандырып, бул жакшы нерсе экенин түшүнгөн.

"Мухаммед Курандагы аяттары алгачкы жолу уга баштаганда өзүнө ишенбей, кыйынчылыкка туш болгонун билебиз. Бирок Кадича ага жардам берип, ал пайгамбар экенине ишендирген",-дейт Гарвард университетинин Ислам таануу боюнча окумуштуусу Лейла Ахмед.

Биринчи мусулман аял болгон

Fozia Bora at her desk

Сүрөттүн булагы, Fozia Bora

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фойза Бора: тарыхчы жана мусулман катары Кадичага суктанам

Окумуштуулардын көбү Кадича Мухаммедке жеткирилген аяттарды биринчи болуп уккандыктан, аны тарыхтагы биринчи мусулман катары көрүшөт.

"Кадича аяттарга ишенип, аны кабыл алган. Менимче, бул кадам Мухаммедке ишеним берип, ал кудайдын сөзүн жайылта баштаган",-дейт Фойза Бора.

Тарыхчы Беттани Хьюз болсо дал ушул учурда Мухаммед уруунун аксакалдарына каршы чыгып, өзүнүн сөзүн ачык айта баштаган: "Бир гана кудай бар, Алла. Башка кудайга сыйынуу акарат катары саналат".

Фойза Бора Мухаммед Исламды жайылта баштаганда, Мекке коомунун басымдуу бөлүгү аны обочолонтконун айтат. Алар бир гана кудай бар экенине каршы чыккан.

Ага карабастан "Кадича өз колдоосун көрсөтүп, пайгамбарды коргоого алган. Кадича он жыл бою үй-бүлөлүк байланыштарын жана байлыгын колдонуп күйөөсүн колдогон. Ушул жол аркылуу көп кудайга ишенген коомдо Ислам дини жайылган",-дейт Фойза Бора.

"Кайгылуу жыл"

Woman praying in a Mosque

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Исламда бир нече таасирдүү аял тууралуу сөз болот

Кадича Мухаммедди колдоо үчүн колунан келгендин барын жасаган. Бирок 619-жылы ал ооруп калып, көз жумган.

25 жыл бою чогуу жашаган жары өтүп кеткенден кийин Мухаммед катуу кайгыга баткан.

"Кызыгы ошол доордогу булактар, Кадичаны Мухаммеддин эң жакын адамы катары мүнөздөшөт. Жада калса Мухаммедди коштоп жүргөн Абу Бакр же Омардан дагы жакын көрүшөт",-дейт профессор Хойланд.

Тарыхчы Беттани Хьюс болсо Кадича көз жумган жылды мусулмандар "Кайгылуу жыл" катары атап келгенин белгиледи.

Мухаммед кийин кайра үйлөнгөн жана бул жолу бир нече аял алган.

Би-Би-Синин программасына катышкан окумуштуу, Кадича тууралуу балдарга китеп жазган Фатима Баркатулланын айтымында, Кадича боюнча маалыматтар негизинен хадистерге (Мухаммеддин турмушу тууралуу оозеки айтылган окуялар, маалыматтар) негизделген. Хадистерди алгач Мухаммед пайгамбарды коштоп жүргөн жакын кишилер оозеки айтып, ал кийин гана кагазга түшүрүлгөн. Хадистерди айтып келгендердин бири, Мухаммеддин кийин үйлөнгөн аялдарынын бири Айша эле. Ал дагы Исламдагы таасирдүү кишилердин бирине айланган.

"Албетте, пайгамбар Кадича тууралуу айтып берсе керек. Айша пайгамбар аяттарды алгачкы жолу укканда эмне болгонун, кантип пайгамбарга айланганын сүрөттөп берет",-дейт Фатима Баркатулла.

Мухаммеддин жаш кезинде эмне болгонуна Айша күбө болгон эмес, бирок ал "уккандарын башка мусулмандарга жеткирүү милдетин" аткарды, дейт автор.

Үлгү

Young Muslim women looking into an iPad

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көптөгөн мусулман кыз-келиндерине Кадича үлгү катары саналат

Фойза Боранын айтымында, Кадичанын турмушун изилдеп, мусулман кыз-келиндер жана аялдар үйдөн чыкпай, билим албай, өз пикирин же оюн айтпай эркектерди гана угушу керек деген түшүнүк катачылык экенин көрсө болот. Ошол доордогу мусулман коомундагы аялдар үйдөн чыкпай отурган деген миф.

Мухаммед пайгамбар Кадичаны ишин токтот деп бир дагы жолу айткан эмес. Тескерисинче, окумуштуулар Ислам ошол доордо жашаган аялдарга мурдагыдан дагы көп укук жана эркиндик бергенин айтат.

"Тарыхчы жана мусулман катары Кадичадан үлгү алам. Андан тышкары Фатима [Кадича менен Мухаммед пайгамбардын кызы], Айша жана башка аялдардан үлгү алам. Бул аялдар билимдүү болгон, саясий турмушка жигердүү катышкан жана Ислам коомчулугун түзүүдө маанилүү роль ойногон. Мен окумуштуу катары ушундай аялдар тууралуу мусулман жана мусулман эмес окуучуларыма айтып берип жатып, сыймыктанам",-дейт Фойза Бора.