Айя-Софияда 86 жылдан бери биринчи жолу жума намазы окулду. Сүрөт баяндама
Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Айя-София имаратында биринчи жолу жума намаз окулуп, ага президент Режеп Тайип Эрдоган өзү катышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирус пандемиясынан улам намазга көп киши катыша алган жок. Намазга жыгылгандар беш жүз кишиден ашпашы керек эле. Бирок имараттын алдындагы Султанхамет аянтына миңдеген киши намазга турду. Пандемия бүткөндөн кийин мечитте бир эле учурда миң киши намаз окуй алат, дейт Түркиянын Дин иштери боюнча министрлиги.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Стамбулдун губернатору намазга келген мусулмандарды "беткап, жайнамаз ала келүүсүн" өтүндү жана кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Сүрөттүн булагы, EPA
Осмон түрктөрү Константинополду басып алгандан кийин бул жай 1453-жылы мечитке айланган. Бирок 1935-жылы музей макамы берилген эле. Июлдун башында Түркиянын Мамлекеттик кеңеши кайрадан мечит макамын кайтарып берди.

Сүрөттүн булагы, AFP
Ыйык София собору византиялык архитектуранын эң мыкты үлгүсү. Стамбулдун негизги символдорунун бири болгон Айя-София музей имараты кайра мечитке айланышына дүйнөдөгү көптөгөн диний ишмерлер жана маданий уюмдар каршы пикирин билдирип келген эле. Алар бул эстелик диний көз карашына карабай, бүтүндөй адамзатка тиешелүү деп билдиришкен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги башка өлкөлөрдүн пикирин эске албай туруп эле музейдин макамын өзгөртүү чечимин кабыл алууга түрк бийлигинде укук бар экенин айткан.
Айя-Софья - көөнө архитектуралык эстеликтин пайдубалы император Константиндин буйругу менен 325-жылы түптөлгөн деп айтылып жүрөт. Бул жай Босфордун жээгиндеги шаардын тарыхый чордону эсептелген Султан Ахмет районунда жайгашкан. Анын өтө бай тарыхы бар.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters
Имараттын азыркы көрүнүшү 537-жылы (император Юстиниандын заманында) ачылган. Ага чейинки чиркөөлөрү өрттөн улам күйүп кеткен. Тарыхый маалыматтарга караганда, аны курууга Византия империясынын үч жылдык кирешеси сарпталган. Бышык жана сапаттуу курулуш материалдарын дүйнөнүн булуң-бурчунан ташып келишкен. Узак убакыт кубаттуу Византия империясынын символу болуп турган.
1453-жылы Константинополду түрктөр басып алганда, султан Мехмед II соборду Айя-София мечитине айландырган. Ошол эле маалда христиандык элементтер сакталып калган.

Сүрөттүн булагы, AFP
Осмон башкаруусу учурунда мунаралар курулган. Дээрлик 500 жыл боюу Айя-София мусулмандардын Меккедеги Каабадан кийинки эле ыйык жайларынын бири катары саналып келди.
1935-жылы светтик Түркияны негиздеген Кемал Ататүрктүн буйругу менен мечит музейге айланган. 1985-жылы музей ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген. (AbA)
*














