Мечитке айланган Айя-Софияда биринчи жолу жума намаз окулат

Сүрөттүн булагы, AFP
Түркиянын Стамбул шаарындагы тарыхый Айя-София имаратында биринчи жолу жума намаз окулат. Мурдагы музей түрк бийлигинин чечиминен кийин мечитке айланган.
"Мусулмандар чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Алардын баары чоң мечиттин ачылышына баргысы келет",-деди Стамбулдун губернатору Али Эрликая.
Түркиянын президенти Эрдоган дүйнөгө таанымал тарыхый жана маданий эстелик мечитке айланган соң, 24-июлда жума намазга ачылат деп жар салган эле. Өткөн апта соңунда Түркия президентинин басма сөз кызматы Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдагы Айя-София мечитине баргандагы сүрөтүн жарыялаган эле.
Мурдагы тарыхый жана маданий эстеликтин жаңы расмий аталышы "Айя-София чоң мечити" (түр. Ayasofya-i Kebir Camii) болуп калды.
Түрк бийлиги намаздан башка учурда каалоочуларга мечиттин эшиги ачык болот жана христиандык ыйык нерселер ордунда кала берет деп ишендирди.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Стамбулдун негизги символдорунун бири болгон Айя-София музей имараты кайра мечитке айланды. Дүйнөдөгү көптөгөн диний ишмерлер жана маданий уюмдар мындай кадамга каршы пикирин билдирип келген эле. Алар бул эстелик диний көз карашына карабай, бүтүндөй адамзатка тиешелүү деп билдиришкен.
Өткөн жылдын жаз айында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган музейдин макамы кайра каралышы мүмкүн экенин айткан эле. Муну Вашингтон Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныганына жооп катары чечмелешкен.

Сүрөттүн булагы, Corbis Historical
Бир катар өлкөлөр буга кескин каршылык билдирип чыгышкан. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги башка өлкөлөрдүн пикирин эске албай туруп эле музейдин макамын өзгөртүү чечимин кабыл алууга түрк бийлигинде укук бар экенин билдирген.

Сүрөттүн булагы, AFP
Айя-Софья - көөнө архитектуралык эстеликтин пайдубалы император Константиндин буйругу менен 325-жылы түптөлгөн деп айтылып жүрөт. Бул жай Босфордун жээгиндеги шаардын тарыхый чордону эсептелген Султан Ахмет районунда жайгашкан. Анын өтө бай тарыхы бар.
Имараттын азыркы көрүнүшү 537-жылы (император Юстиниандын заманында) ачылган. Ага чейинки чиркөөлөрү өрттөн улам күйүп кеткен. Тарыхый маалыматтарга караганда, аны курууга Византия империясынын үч жылдык кирешеси сарпталган. Бышык жана сапаттуу курулуш материалдарын дүйнөнүн булуң-бурчунан ташып келишкен. Узак убакыт кубаттуу Византия империясынын символу болуп турган.
1453-жылы Константинополду түрктөр басып алганда, султан Мехмед II соборду Айя-София мечитине айландырган. Ошол эле маалда христиандык элементтер сакталып калган.

Сүрөттүн булагы, AFP
Осмон башкаруусу учурунда мунаралар курулган. Дээрлик 500 жыл боюу Айя-София мусулмандардын Меккедеги Каабадан кийинки эле ыйык жайларынын бири катары саналып келди.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
1935-жылы светтик Түркияны негиздеген Кемал Ататүрктүн буйругу менен мечит музейге айланган. 1985-жылы музей ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине кирген.
*













