Равенсбрюк концлагери: Аялдар кантип СС баш кесерине айланган?

Сүрөттүн булагы, Gedenkstätte Ravensbrück
- Author, Дэмиен Макгиннесс
- Role, Би-Би-Си, Равенсбрюк, Германия
"Аскердик объектте иштөө үчүн чымыр денелүү, алдуу-күчтүү, 20-40 жаштардагы кыз-келиндер талап кылынат. Айлыгы жакшы, жашаган жери, тамак-ашы бекер жана кийим-кече менен камсыздалат",-деп жазылган 1944-жылдагы немис басылмаларынын бириндеги жарыяда.
Бул жерде "кийим-кече" тууралуу айтылганда эс-эсчилердин формасы жөнүндө эч кандай сөз жок. Ал эми "аскердик объект" - Берлиндин түндүк тарабын көздөй кеткенде 80 чакырымдай аралыктагы Равенсбрюк аялдар концлагери эле.
Туткундар кармалган жыгачтан курулган жепирейген тамдар урап, бул жай азыр таш баскан ээн таалага айланган. Бирок эски германдык ыкмада курулган сегиз коттедж ордунда турат. Бул жайда түрмөнү кайтарган сакчы кыз-келиндер жашаган. Албетте, айрымдары бала-чакасы менен турган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Балконго чыгып, токойго, андан ары ажайып кооз көлгө көз чаптырсаң болот. Ошол эле маалда алардын уктоочу бөлмөсүнүн терезесинен туткундарды жана крематорийдин түтүгү көрүнүп турчу.
"Мемориалга келгендердин көбү сакчы аялдар тууралуу толтура суроо беришет. Эркектер аларды анчейин кызыктырбайт. Көптөр бул аялдар кантип ырайымсыз болуп калганын элестете алышпайт",-деп кеп салды мага сакчы кыз-келиндер турган бөлмөнү көрсөтүп жүргөн музейдин директору Андреа Генест.

Сүрөттүн булагы, Gedenkstätte Ravensbrück
Абакта иштеген кыз-келиндердин көбү жакыр бүлөдөн чыккандар. Мектепти толук бүтө албай калган. Каржылык муктаждыктан улам келгендер.
"Бул жердеги кызмат аларга фабрикадагы жумуштай көрүнгөн",-деди доктор Генест.
Анын айтымында, көпчүлүгү нацисттердин балдар жана өспүрүмдөр уюмдарында тарбияланып, идеологиясын бекем сиңирген. Ошол себептүү алар душман менен күрөшүп, коомго пайда алып келип жатабыз деп бекем ишенишкен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Үйлөрдүн биринде түрмө кызматкерлери бош убактысын кантип өткөргөнү тууралуу сүрөт көргөзмө бар экен. Сүрөттөрдүн көбүндө 20-30 жаштардагы кыз-келиндердин көбү модалуу чач жасалгасы менен түшкөнүн байкоого болот.
Нацисттик концлагердеги аялдар үч жарым миң чамалуу болгон. Алардын баары кызматын Равенсбрюкта баштаган. Кийин айрымдарын Освенцим, Берген-Бельзен жана башка жерлерге которгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Булар өтө коркунучтуу кишилер эле", -дейт мени менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Лондондо жашаган 98 жаштагы Сельма ван де Перр. Нидерланддык жөөт аял Равенсбрюк концлагеринде болгон туткундардын бири. Концлагерде көбүнчө саясий туткундар кармалган.
"Түрмө кызматкерлери туткундарды уруп-сабап, ырайымсыз мамиле кылчу",-деп айтып берди ал.
Сельма нацисттер Нидерланддарды оккупациялап алганда аларга каршы жашыруун иштеген. Жөөт үй-бүлөсүн сактап калганын айтат. Өткөн жылдын сентябрында Британияда "Менин атым Сельма" деген китеби жарыка чыкты. Үстүбүздөгү жылы китеп бир нече өлкөдө басылып чыгат. Анын ичинде Германияда дагы басылат.
Сельманын ата-энеси жана сиңдиси концлагерде өлтүрүлгөн. Ал Равенсбрюкка келип эскерүү иш чараларына катышып кетет.
Равенсбрюк Үчүнчү рейхтеги эң чоң аялдар лагери болгон. Лагерге Германиянын өзүндө гитлердик режимге каршы чыккандарды дагы алып келишкен. Бүтүндөй Европа боюнча 120 миң туткун ушул концлагерь аркылуу өткөн. Нацисттер коомго зыян деген аялдын баарын концлагерге тыккан.

Сүрөттүн булагы, Gedenkstätte Ravensbrück
Туткундардын 30 миңдейи өлгөн. Айрымдарын дарга асып, газ менен ууландырышкан. Бирок көпчүлүгү ачкачылыктан, оорудан өлгөн.
Сакчы аялдар туткундарды уруп-сабап, өлтүргөн учурлар бар. Айрым сакчы кыз-келиндерге "кандуу Бригида" жана "Анна-револьвер" деген сыяктуу каймана аттарды ыйгарышкан.
Согуштан кийинки нацисттердин үстүнөн болгон соттордун биринде Ирма Грезени басылмалар "сулуу желмогуз" аташкан. Жаш, келбеттүү сары чач кыз адам өлтүрүүгө айыптуу деп табылып, дарга асылган.
Үрөй учурган кылмыштуу аракеттерине карабай, бул кыз-келиндердин айрымдары гана согуштан кийин жоопко тартылды. Гитлердик лагерлерде кызмат кылган кыз-келиндерди 77си гана соттолгон.
Алар убагында эчтекени түшүнбөй иштеген түр көрсөтүшкөн, Батыш Германиянын патриархалдык коому буга оңой ишенген.
Согуштан кийин мындай жолду басып өткөн кыз-келиндер өткөн күндөрүн эскербешке аракет кылышкан. Көбү аты-жөнүн өзгөртүп, турмушка чыгып, жашоосун уланткан.
Герта Боте өтө ырайымсыз мамилеси үчүн бир нече жыл абакта олтуруп чыккан. Кийин ага британдык оккупациялык бийлик ырайым берет. 1999-жылы акыркы интервьюсунда кылган ишине өкүнбөй турганын айткан экен.
"Мен жашоомдо чоң ката кетирдимби? Жок. Мен буга барууга мажбур болдум, себеби өзүмдү ошол жакка отургузуп коюшмак",-деген ал.
Негизги сабагы
Концлагерде иштеген мурдагы кызматкерлердин көбү ушинтип актанышкан. Бирок бул жөн эле куулук.
Равенсбрюктагы архивдери көрсөткөндөй, концлагерге жаңы келгендер эмне иш кыларын түшүнгөндө баш тартып кеткен учурлар болгон. Бирок алардын жолун тороп, бирөө зомбулук жасаган эмес.

Сүрөттүн булагы, Gedenkstätte Ravensbrück
Мен Сельмадан аны концлагерде кыйнаган аялдарды адам кейпиндеги шайтан деп эсептейби деп сурадым.
"Алар шайтандын ишин жасаган кадимки эле адамдар деп ойлойм. Мындай ишти жасачулар көп, керек болсо Англияда да бар. Ээнбаштыкка жол берилген жерде мындай иштер болбой койбойт".
Азыркы доор үчүн өткөндүн башкы сабагы да ушунда, деп эсептейт мурдакы туткун. (AbA)












