Акыркы өкүм: нацисттик концлагердин күзөтчүсү 93 жашында соттолду

Сүрөттүн булагы, AFP
Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Штуттгоф нацисттик концлагеринде күзөтчү болуп иштеген Бруно Дей 93 жашында соттолду. Германиянын соту аны беш миңдей кишинин өлүмүнө катыштыгы болгон деп айыптап, шарттуу түрдө эки жылга эркинен ажыратты.
Ошол мезгилде анын жашы 18ге толо элек болгон. Ошондуктан сот бул ишти жашы жетелектердин кылмыш иши катары карады. Дейдин иши нацисттик кылмышкерлер сот залында өзү катышып олтурган иштердин эң акыркысы болуп калды окшойт.
Дей Штуттгоф концлагеринде 1944-жылдын августунан 1945-жылдын апрелине чейин күзөтчү болуп кызмат кылган.
Гамбургдагы сот эки айга уланды. Дей нацисттердин мыкаачылыгы тууралуу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуп олтурду. Бирок өз көрсөтмөсүндө аны мажбурлап күзөтчү катары иштетишкенин, лагердеги мыкаачылыктарга эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи. Акыркы сөзүндө Штуттгофтон аман калган күбөлөрдүн алдында кечирим сурап, концлагердеги мыкаачылык тууралуу билбегенин айтты.

Сүрөттүн булагы, EPA
Өкүмдү окуган судья Энн Мейер-Геринг белгилегендей, Дей сот жараянына жардам кылды. Бирок өз айыбын моюнуна алган жок. Соттун жүрүшүндө тарыхчынын изилдөөлөрүн дагы угушту. Анын айтымында, Дей башында концлагерге вермахтын аскери катары келген. СС курамына 1944-жылдын сентябрында кирген. Балким Дей эсэстин массалык кыргын салуу машинесинин бир бөлүгү болуудан качуу үчүн башка аскер бөлүгүнө которулуп кетүүнү өзү суранган болушу мүмкүн, деди тарыхчы.

Сүрөттүн булагы, AFP
Штуттгоф концлагери
Штуттгоф жайгашкан жер Данциг (азыркы Гданьск) аймагына жакын. Бул жай 1942-жылдан концлагерь катары иштеген. 1944-жылы июнда лагерде кармалгандарды газ камерасында өлтүрө башташкан.

Сүрөттүн булагы, Stutthof Museum
Штуттгоф концлагеринде 1945-жылы 9-Майда Советтик Армия тарабынан бошотулганга чейин 65 миң чамалуу кишинин өмүрү кыйылган.
Нацисттик аскердик кылмыштар ушул күндөргө чейин иликтенип келе жатат. (AbA)













