Түлеев камалышы боюнча бийликтеги кишилерди атады

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев өзүнүн камака алынганына Данияр Нарымбаевдин жана башка көптөгөн чиновниктердин тиешеси бар экенин айтты.
Бейшембиде Бишкекте маалымат жыйынын берип жатып, Түлеев өзүндө топтолгон бир катар документтерди президентке жеткирүүгө аракет кылаарын кошумчалады.
Ал ошондой эле саясатка кайтып кайтпасы тууралуу суроолорго жооп берип жатып, алдыдагы президенттик шайлоодо татыктуу адам чыкса, талапкер катары колдой турганын жарыялады.
Сөз соңунда ал адилеттик үчүн акыр аягына чейин турарын, соттолгондугун жокко чыгарууга аракет кыларын билдирди. Айтымында, ага бир катар чет элдик адвокаттардан да ишин карап чыгуу сунунушу түшүп жатканын билдирди.
Бишкек шаарынын мурунку мэри Түлеевди 2012-жылдын 21-июнунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага мэр кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деген айып тагылган. Ушул жылдын 7-майында абактан бошотулду.
Түлеев соттун чечими менен мунапыс алганын жана келтирилген чыгымды толугу менен төлөп бергенин билдирди. Айтымында, ал эки мунапыс колдонуп, мамлекеттик казынага 60 миллион сомду кайтарып, абактан бошотулган.




