Түлеев актыгын далилдөө үчүн күрөштү улантат

- Author, Сапаргүл Абдинабиева
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев өзүнүн ак экенин, абактан мыйзам чегинде чыкканын билдирип, күнөөсүз соттолгону үчүн президенттин мурдакы аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевди жана башка бир топ кызмат адамдарын айыптоодо.
Мурдагы шаар мэри жана экс-депутат Нариман Түлеевдин абактан чыкканына бир жумадай болду. Арадан бир топ күн өткөндөн кийин ал бүгүн журналисттерге камактан бошотулганынын жагдайларын айтуу үчүн жыйынга чогултту.
“Шаардык сотко кайрылганбыз, анын чечимине макул болбой Жогорку Сотко кайрылганбыз, анан алардын чечимине макул болбой кайда барасың? Алар мага жана мага кошо 4-5 балага чечим кылган. Ошентип күнөөсүз жерден 5 бала да камалып калды. Ата-энелери мага келип ыйлай берип, көз жашы калбады. Ошолорду чыгаруу да алгачкы максатым болду. Билем, баары мени кантип чыгып кетти деп атышса керек. Эки жолку мунапыстын негизинде, акча төлөп чыктым. Мени менен кошо камалган үч бала да эркиндикке чыкты”, - деди Тулеев.
Түлеевдин сот ишине байланыштуу президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов азыр камакта отурушат. Алардын экөө тең Түлеевди камактан чыгаруу үчүн ири өлчөмдө пара сураган деп айтыпталган. Бул маалымат чын экенин Тулеев бүгүнкү жыйында айтты:
“Эгерде сот Кытайда болгондо, мен таптаза чыгып кетмекмин. Бирок, тилекке каршы, Нарымбаев менен Турганбековдун кылганы менен соттолдум. Жашырбай айтыш керек, мен абакта жатканымда Нарымбаев жума сайын келип турчу. Бир күнү мага, бир күнү Ташиевге, бир күнү дагы башкасына. Алар менен эмнени сүйлөшкөнүн билбейм, бирок мага ар кандай жолду сунуштаган. Ал киши акчаны жакшы көрөт, сурайт. Мен президентке айта турчу дагы сөзүм, документтерим көп. Ажого көп сөз жетпей, жолдо эле жоголуп, бурмаланып жүргөнүн жакшы билем”.
Бишкек шаарынын мурунку мэри Түлеевди 2012-жылдын 21-июнунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага шаар башчысы болуп турган чакта миллиондогон сомдук чыгымдарды келтирген деп айыпталган. Анын ичинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирүү күнөөсү да тагылган. Бир нече жыл абакта жаткан Түлеев 7-майда соттун чечими менен эки жолу мунапыс алып, келтирилген чыгымды толугу менен төлөп бергени үчүн эркиндикке чыгарылганын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун юридика бөлүмүнүн башчысы Болот Мукашев тастыктады:
“Ленин райондук сотунун чечими боюнча Нариман Тулеев жана башкалардын мүлкү конфискацияланган. Андан тышкары, мамлекетке тийген зыяны үчүн 60 миллион сом толуктап берсин деген чечим чыккан. Бүгүнкү күндө ал жана анын жакындары бул сумманын баарын төлөп берди”.
Тулеевдин абактан чыгышы коомдо бир аз унутулуп бараткан ар кандай кеп сөздөрдү күчөтүп, коррупция менен айыпталып камакка алынган капчыктуулар толук жазаланбай абактан бошоп кетеби деген суроо жаратты. Айрымдары акча төлөп мөөнөтүнөн мурда чыгып кетти десе, кээлери мыйзам чегинде чыкты деп турушат.
“Абакта отургандардын бир күнү 2 же 3 күн болуп саналат. Анын алты жарым жыл отуруп чыктым дегени жөн эле айтылбайт, эсептелинсе керек. Негизи, адамдын ден-соолугуна, өмүрүнө зыян келтирген учурда камалат. Ал эми бул жерде иши менен малекетке зыян келтиргенде аны аныкташ керек, анда айыпталуучу мамлекетке кайра төлөп берет ошол сумманы. Анан эркиндикке чыга берет”, - дейт укук коргоочу Рита Карасартова.
Түлеев сөз соңунда ал адилеттик үчүн акыр аягына чейин турарын, соттолгондугун жокко чыгарууга аракет кыларын билдирди. Айтымында, ага бир катар чет элдик адвокаттардан да ишин карап чыгуу сунушу түшүп жатат.









