Малдын экспорту: расмий уруксат жок, аткезчилердин күнү туудубу?

мал базар

Сүрөттүн булагы, Viktor Drachev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандан сыртка мал сатууга 2020-жылы 18-ноябрдан тарта тыюу салынган

Кыргызстанда сыртка мал сатууга салынган тыюуну алуу жөнүндө Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлду. Сыртка мал сатууга тыюуну жаңы жылдын алдында мурунку айыл чарба министри киргизген эле. Расмий уруксат болбогон менен бодо мал аткезчилик жол менен сыртка чыгып жатканын Би-Би-Сиге мал соодасын жүргүзгөн адамдар өздөрү айтууда.

Бишкектин четиндеги Пригородный айылындагы мал базардан дайыма мал алып союп сатып жүргөн Омор аттуу ишкер мал мурда сыртка кандай чыкса, азыр деле ошондой чыгып сатылып жатат деди. Көрсө, ууру жолдор менен Өзбекстанга чыгып кетип жатканын билет экен.

"Менин өзүмдүн көзүм менен көргөнүм, Аксы дагы Кара-Жыгачтын базарына малга барсам, эки-үч эле мал алып калдым. Калганын эртең Каравандан аласың деди, эртеси болгонун жүктөп алып, бука алганы жөнөдүк. Бир бел бар экен, ошого токтоп турак, бир убакта бир КАМАЗ толтура бука жүктөп келип, түшүрүп аны Өзбекстан жакка айдап жиберди. Алар капталдап жайылып кетти. Аны тээ этектен бир кичинекей бала тосуп алды. Атасы аркы бетте отурган экен, дүрбү менен санап алат экен. Кичинекей бала букаларды жайып, ошол жактагы бир сарайга алып кетет экен",-деди Омор.

Ошол эле убакта өлкөдөн аткезчилик жол менен канча мал чыгып жатканы жана канча аткезчи кармалганы жөнүндө мамлекеттик тийиштүү органдарда маалымат жок.

Мал базар

Сүрөттүн булагы, Viktor Drachev

Ишкерлердин айтымында, Кыргызстандагы мал негизинен Казакстанга эмес, Өзбекстанга кетип жатат. Өзбекстандык ишкерлер керек болсо Кочкорго, андан өтүп кар жатпас Кара-Кужур өрөөнүнө чейин барып, мал жүктөп кетип жатышат.

Өзбекстанга мурункуга салыштырмалуу мал он эсе көп өтүп жатканын мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев дагы айткан эле. Анын келтирген маалыматтарына караганда, өткөн жылдын он айында эле расмий маалымат боюнча тышка сегиз миңден ашык баш бодо мал сатылган. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча сыртка сатылган мал андан алда канча көп.

Анын малды тышка сатууга тыюу салуу чечими мал менен иштеген ишкерлерди нааразы кылбай койгон жок. Алар тескерисинче, чек арага жакын жерлерде базарларды ачып, малдын экспортуна түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүктү пайдаланып калууга чакырышууда.

Кыргызстандын айыл жери, айрыкча тоолуу райондордун калкы негизинен мал чарбачылык менен оокат кылат. Мал кымбаттаганы, албетте, мал кармагандардын кирешеси көбөйүп жатат. Бирок мал менен кошо дароо эле базарда эт кымбаттап, шаар жериндегилердин шаабайы сууп турган убак.

Айтмакчы, Кыргызстандын коңшусу Казакстандан дагы Өзбекстанга мал көп сатылып жаткандыктан, алар дагы сыртка мал экспорттоого тыюу салган. Ошол эле учурда эт азыктарынын өндүрүшүн көбөйтүү жана аны экспорттоо боюнча чараларды көрүп жатканы айтылууда. Ал эми ушул сыяктуу чаралар Кыргызстанда көрүлүп жатабы, анын так жообу жок. (КС)