Солтон-Сары кени: жергиликтүү элдин бир эле талабы бар

Бүгүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Солтон-Сары кенин токтотууну талап кылган жергиликтүү тургундар менен жолугат.
Буга чейин Нарын районунун бир нече айылынын тургундары Солтон-Сары алтын кенин иштете турган Zhong Ji Mining компаниясына каршы нааразылык акцияга чогулушкан. Жергиликтүү маалымат агенттиктери беш жүзгө чукул киши чогулганын кабарлашкан. Эки тарап бири-бирине таш ыргытып, жаракат алгандар дагы болду.
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги суунун курамын текшерип, кооптонуга негиз жоктугун билдирген. Топурак анализинин жыйынтыгы чыга элек.
Би-Би-Си Он-Арча айыл өкмөтүнүн депутаты Кубан Кендирбаевге кайрылып, жергиликтүү элдин эң башкы талаптарын сурады.
К.Кендирбаев: Бул жерде чогулгандардын бир эле талабы бар - Кытай компаниясы Солтон-Сары кенин иштетпесин жана техникаларын алып чыгып кетсин деген талап. Себеби, Солтон-Сарыда биздин эл жайлайт, малын алып чыгат. Азыр эми Солтон-Сарыдан агып келген сууга төмөндө жайгашкан Эмгекчил, Миң-Булак, Он-Арча, Кара-Чий айылдарынын айдоо жерлерине агып, жер ууланып калбасын деп жатабыз.

Сүрөттүн булагы, Social media
Би-Би-Си: Чогулган элдин болжолдуу саны канча?
К.Кендирбаев: Азыр бул жерге жаңы чогула баштады, болжолдуу үч жүздөй киши бар. Дагы келип жатышат. Митинг Солтон-Сары кенине бараткан жолдогу Бел жайлоосунда өтүүдө.
Би-Би-Си: Буга чейин компания өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер кен иштейт, эл макул деп келди эле. Эмнеден улам мындай нааразылык күч алып кетти?
К.Кендирбаев: Солтон-Сары биздин жайлоо, ал жерде малдарыбыз жайлачу. Азыр эми малга эле эмес, элге да зыяны тийип жатпайбы. Ал жерди селитра менен жардырып жатышат, химиялык заттарды пайдаланып жатышат. Агып келген сууну ичкен малдар кырылып, ар бир короодон 15-20дан кой, бодо малдарыбыз өлүп атат. Эми Солтон-Сарынын түбүндө Бучук деген жер бар, ошол жакта жашаган жайлоодогу адамдардын денелерине жара чыгып, зыянын тартып жатышат.
Би-Би-Си: Жалпы эл эмес, бир ууч эле топ нааразы деген сөздөр бар. Сиз жергиликтүү тургун катары буга эмне дейсиз?
К.Кендирбаев: Бир эле биз наарызылык билдирип жаткан жерибиз жок да. Нарын эли көтөрүлүп жатат. Бул бир ууч элдин кызыкчылыгы эмес, жалпы Нарындын кызыкчылыгы. Керек болсо Кыргызстандын экологиялык кызыкчылыгы болуп жатат. (AK/EK)













