You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жапаровду сынай турган экономикалык жана саясий туңгуюк
Кыргызстанда жекшембидеги мөөнөтүнөн мурун өткөн президенттик шайлоону 52 жаштагы Садыр Жапаров утуп чыкты. Ал эми референдумда добуш бергендердин 81 пайызы президенттик башкаруу формасы үчүн добушун берген.
Биринчи болуп аны Ооганстандын, Казакстандын жана Орусиянын президенттери жеңиши менен куттуктады. Шайлоодогу эл аралык байкоочулар шайлоо жыйынтыгын таанып жатышат.
Жапаровдун алдында оор маселелер турат. Пандемиядан улам 2020-жылы өлкөнүн экономикасы 12 пайызга кыскарды жана тышкы карызы дагы өстү. 2020-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын сырткы карызы 4 млрд 886 млн АКШ доллары.
Ички карызы болсо 669 млн АКШ долларын түзөт. Сырттан алынган насыяларды төлөөнүн жогорку чеги 2023-жылдан 2030-жылга чейин эсептелген.
Шайлоодон кийинки сөзүндө Садыр Жапаров да оор шартта бийлик башына келип жатканын айтты.
"Мамлекетибиздин экономикасы, энергетика системасы жана саясий кырдаал өтө оор мезгилге туш келген убакта бийлик башына келип жатамын. Ошондуктан үч-төрт жыл аралыгында сиздердин колдооңуздар бүгүнкүдөн да көбүрөөк керек болот. Себеби, отуз жылдан бери үйүлүп калган экономикалык кризисти калыбына келтирүү үчүн бир-эки жыл жетишсиз экенин баарыңыздар жакшы билесиздер. Ошентсе да, жакынкы аралыкта экономикалык абалыбызды жөнгө салып, эки-үч жылдан кийин кризистен чыгып кетээрибизге толук көзүм жетет", - деди Жапаров.
2019-жылдагы маалыматтар боюнча ар бир бешинчи тургун жакырчылыкта жашайт. Бул деген 1,3 млн кыргызстандык күнүгө бир жарым доллар менен тирчилик кылат дегендик. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, эгерде мигранттардан акча которуулар болбогондо калктын 30 пайызы жакырчылыктын сазына батмак. Ар кандай эсептөөлөр боюнча Орусия аймагында жашап, иштеген кыргызстандыктар саны 600 миңден миллионго чейин. Алар которгон каражат өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн үчтөн бирине барабар. Тилекке каршы 2020-жылы мигранттар которгон акча кескин кыскарды. Кыргызстандын Улуттук банкы биринчи кварталда 19 пайыз кыскарганын ырастады. Бул соңку үч жылдагы эң төмөн көрсөткүч.
Толук статистика жок, бирок бизнес уюмдар бир жылда көп киши жумушун жоготуп, элдин турмушу начарлаганын айтып келишет. Президенттикке талапкер, мурдагы социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Улукбек Кочкоровдун айтымында, пандемиясыз эле элдин 80% начар турмушта жашачу.
"Жакырлардын расмий саны 1 млн 426 миң болчу. Жашоо минимуму иштеген адамга 5400, балдарга 4000 сомдон ашыгыраак, орточосу 4800 сом. Калктын 80 пайызыныкы ага туура келбейт. Жакыр жана өтө жакыр деп бөлүнөт. 2019-жылдын жыйынтыгы менен жакыр жашагандар 20%. Бирок ал бир айда 2748 сому бар адам деп аныкталган. 2748 сом жашоо минимумунун 56 эле пайызын түзөт. Орусияда, Европада жакырчылыктын чеги жашоо минимумуна барабарланган. Дүйнөлүк Банктын методикасы боюнча, адам күнүнө 1,9 доллар иштетпесе жакырга кирет. Бир айда 57 доллар коротуш керек", - деди Би-Би-Сиге Кочкоров.
Карызга байланыштуу маселеде Садыр Жапаров Жетим-Тоо кенин иштетип, андан түшкөн пайдадан Кытайдын карызын жабууга мүмкүн экенин айта салып, катуу сынга кабылды. Жетим-Тоо кенин иштетүү шайлоо өнөктүгү учурунда эң көп талкууланган темалардын бири болду. Коомдук сайттарда Садыр Жапаров Жетим-Тоону Кытайга сатат экен деген маалыматтар тарап, каршылаштары Жапаровду "Кытайдын кызыкчылыгын коргойт" деп айыпташты.
Мурдагы бийликтердин катачылыгын кайталабайм деп убада берди. Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө Жапаров бир нече оор көйгөйлөрдү чечүүгө убада берип, атаандаштары болсо муну популисттик чакырык катары сынга алган. Маселен, мигранттарга жумуш орундарын түзүп, мекенине кайтаруу сыяктуу чакырыктары бар.
Мындан сырткары эксперттер саясий абал турукташпаганын, Жапаров бийлигин баштай электе оппоненттери көп экенин белгилешет. Октябрь окуяларынан кийин өлкөдө негизги бийлик бутактарынын жетекчилери убактылуу иштеп келе жатат. Парламенттин расмий мөөнөтү бүткөн.
"Бийликтин толук кандуу легитимдешүүсү дагы деле орун албайт. Бирок утурумдук гана бийлик турган кырдаалда жок дегенде президент шайлоонуу жолу менен легитимдешет", - деди саясат таануучу Эмил Жороев.
Садыр Жапаров шайлоодогу атаандаштары менен иштешээрин айтып, эч бир саясатчыга куугунтук болбой турганына ишендирди. Шайлоого чейин Жапаровдун иш-аракетин катуу сындап келген саясатчылардын тобу мындан ары кандай позицияда болоорунан да саясий туруктуулук көз каранды дешет байкоочулар.
"Конституциялык талаага киришсе, туура эмес иш-аракет жасаганына макул болушса, 5-октябрдан берки чечимдерин жокко чыгарып, конституциялык талаада иштейбиз деп убада беришсе карап көрөбүз", - деди президентикке талапкер Адахан Мадумаров.
Жапаровдун командасы Кыргызстандын Баш мыйзамды дагы өзгөртүүдө. Бул боюнча дагы коомчулук президенттин чексиз бийлигин орноткон "ханституция" болуп калыптыр деп нааразылыктар чыгууда. Референдумга мыйзам бузуу менен өтүүдө деген жарандар баш калаа Бишкекте ар жекшемби сайын жүрүш өткөрүп келди. Садыр Жапаров шайлоодон кийинки басма сөз жыйынында "конституциялык кеңешме жаңы Баш мыйзамдын долбоорун жарыялай турганын" айтты. Бул жолдо дагы Жапаровду чоң сыноо күтөт. Анын каршылаштары парламенттик башкаруу жолунан кайтуу өлкөнүн отуз жыл артка алып кетерин, президенттик башкаруу Кыргызстандын шартында кайрадан бир адамдын чексиз бийлигине диктатурасына алып барат деп эскертүүдө.
Жапаров саясаттагы жаңы ысым эмес. Анын саясий карьерасы 2005-жылы башталып, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Курманбек Бакиевдин президенттиги учурунда кеңешчи, андан соң коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген.
Жапаровдун популярдуулугу октябрдагы окуялардан кийин кескин өстү. Бийликтен көңүл калган эл аны колдогонуна себеп бар. Эл аны адилеттүү, турмуштун оор сыноосунан өткөн саясатчы катары карап жатат. Камакта кармалып турган учурда Садыр Жапаров өзүнө-өзү кол салды деп, анын колу, моюну кесилген сүрөттөрү тараган. Андан кийин атасы, апасы каза тапты. Кийин абакта жаткан кезинде уулунан ажырап калды. Анын жактагандар "чыныгы мекенчил саясатчы" катары ишеним артууда.
Байкоочулар бул шайлоодо катышуу төмөн болгонун белгилеп жатышат. Жалпы 3 миллион 563 миң ашуун шайлоочу катталган. БШКнын маалыматы боюнча добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 39% ашууну катышты. Чет жердеги кыргызстандыктар үчүн 48 добуш берүү жайы иштеди.
Президенттик башкаруу формасы үчүн шайлоочулардын 81,29% добуш берген. Ал эми парламенттик башкаруу формасын жактагандар 10,85% болду. Эки вариантка тең каршы болгондор 4,43 пайыз.
БШК автоматтык эсептөөнүн маалыматтарына таянып, алдын ала тыянактарды берди. Эми добуштар кол менен саналгандан кийин расмий жыйынтыгы жарыяланат. Бирок соңку маалыматтар көп деле өзгөрбөй турганы айтылууда.
Шайлоочулардын 79 пайыздан ашуун добушуна ээ болгон Садыр Жапаров Кыргызстан жаңы тарыхында алтынчы президент болот. Жапаров октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык учурунда абактан бошотулуп, өкмөт башына келген жана президенттин милдетин убактылуу аткарды. (AbA)