You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Жетим-Тоо эч кимге сатылбайт": Өкмөттүн бушайман билдирүүсү
Кыргыз өкмөтү Жетим-Тоо темир кенин иштетип, Кытайдын карызынан кутулуу демилгеси президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жеке өзүнүн гана көз карашы экенин билдирди. Бул жерге геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлө элек, ошол себептүү анын качан, кандай шартта иштетилери жөнүндө өкмөттүн так планы жок.
"Жетим-Тоону эч ким саткан жок, саталы деген да оюбуз жок. Жетим-Тоонун байлыгы элге тийсин деп, аны жаңы технологиялар менен кандай кылып өздөштүрө алабыз, кантип ошол кенде жаңы фабрика куруп, жаңы жумушчу орундарды түзүп, экономикага чоң салып кошо ала турган долбоор кылабыз деген ниетибиз бар",-деди вице-премьер-министр Максат Мамытканов.
Жетим-Тоо кенин иштетүү шайлоо өнөктүгү учурунда эң көп талкууланган темалардын бири. Коомдук сайттарда Садыр Жапаров Жетим-Тоону Кытайга сатат экен деген маалыматтар көп тарап жаткан эле. Ошол себептүү Жетим-Тоону коргоп калуу кыймылы түзүлгөнү да белгилүү.
Бул теманы президенттин милдетин аткарып турган учурда Садыр Жапаров өзү көтөргөн. Өткөн жылдын аягындагы басма сөз жыйынында Жетим-Тоо кенин иштетип, андан түшкөн пайдадан Кытайдын карызын жабууга мүмкүн экенин билдирген.
Жетим-Тоо темирдин запасы боюнча дүйнөдөгү экинчи ири кен болуп саналат. Аны сырттагы инвесторго бербей, кыргыз тарап өзү иштете турганын мындан мурда өлкөнүн өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Жыргалбек Сагынбаев дагы билдирген.
"Биз өзүбүз иштетип, акыркы продукцияны - металлды биз өзүбүз чыгарышыбыз керек. Металлды сатканда жумуш орундары, салыктар баары Кыргызстанга калат. Биз өзүбүз бутка турбасак болбойт. Кылдаттык менен таза, ачык-айкын иштеп коюш керек",-деди комитет башчысы.
"Эмне, ал сокур беле"?
Жетим-Тоо кенин мындан он беш жылча мурда Курманбек Бакиев өлкөнү башкарып турганда анын уулу Максим 300 сомго лицензция ала коюп, анын 80% Кытайга "Арт Майнинг" компаниясына 25 миллион долларга сатып жиберди деген маалымат элге белгилүү. 2010-жылы бийлик алмашканда Кытай компаниясына берилген бул лицензия жараксыз кылынган. 2012-2013-жылдары кытай компаниясы сотко берип, лицензиясын кайтарып алууга аракет кылган. Бул иштин чоо жайы жөнүндө жакында эле "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кенен-чонон маалымат берген эле.
Бирок Текебаев бул окуяга жөн эле кайрылган жок. Жетим-Тоо Кытайга кетип жаткан ошол учурда өлкөдө коррупция туу чокусуна жеткенин белгилеп, азыр президенттикке башкы талапкер болуп жаткан саясатчынын ошол учурдагы ролун баса көрсөткүсү келди.
"Бирок ошол учурдагы коррупцияга каршы күрөш агенттигинин комиссары Садыр Жапаров үн каткан эмес. Эмне, ал сокур беле? Эмне, ал дудук беле? Эмне, ал дүлөй беле? Макул Максимдин убагында кызматым деп корксун, бизнесим деп корксун. Максимдин кеткенине он жыл болду. Он жылдан кийин деле ошол окуяга баа берип, ошол учурдагы ири коррупциялык иш болгонун айтып койсо, адилеттүү болмок да".
"Четинен эле каза бер"
Жетим-Тоо темирдин запасы боюнча дүйнөдөгү экинчи ири кен экени айтылууда. Албетте, аны Кыргызстан өзү иштетсе, андан чоң пайда көрмөк. Бирок өкмөт эмнеге он беш жыл бул кенди карабай келип, так ушул шайлоонун алдында бул маселени көтөрүп чапкылап калган себеби эмне?
Садыр Жапаров буга чейинки билдирүүлөрүндө Жетим-Тоо темир кенин иштетип, Кытайга болгон карыздан кутулууга мүмкүн экенин айтып баштагандан кийин бул анын шайлоо программасындагы маанилүү маселе болуп калды.
"Жетим-Тоодо темирдин беш миллиард тоннадан ашык запасы бар. Бул бир 50 миллиард доллардын тегерегиндеги биздин запасыбыз. Ошонун сырьесун берип кутулсакпы деген сөз болгон, азыр дагы ал уланып жатат. Бул сырье менен гана. Бир дагы чет мамлекеттин катышуусу болбойт, биздин өзүбүздүн гана катышуубуз менен. Четинен эле казып, сырьесун дүйнөлүк баа менен сатсаң эле, биздин эсеп боюнча, бир жылда эле бир миллиард долларынан кутулуп койсок болот",-деген эле Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда.
Жетим-Тоону иштетүү жөнүндө сөз каякта, ким менен болгон, ким менен азыр уланып жатат, деген суроолор болбой койгон жок. Ошол себептүү анын айткандарын саясий атаандаштары ар кимиси өзүнчө чечмелеп, жоромолдоп жатат. Анын ичинде Өмүрбек Текебаевдин дагы өзүнүн версиясы бар: "Ал боюнча Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анча-мынча эсеп кысаптарын кылып койгон",-дейт.
Кыргызстанды кен байлыктардан кудай кур койгон эмес, алтыны-күмүшү, көмүрү, темири, башкасы бар. Бирок бийликти мыкчыган мырзалардын ошол кендердин көзүн таап иштете албай, чет элдик компанияларга алдатып жиберип, экономикага пайда алып келе албай жатканы, отуз жылдан бери элдин көңүлүн өйүгөн көйгөй. (КС)