You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Виза үчүн күрөө маектешүүдөн өткөндө гана төлөнөт". АКШнын визалык чектөөлөрү иштей баштады
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бизнес жана туристтик (B1/B2) виза алууну каалаган жарандарга кайрылып, каржылык күрөөнү алдын ала төлөбөөгө чакырды. Виза үчүн күрөө төлөө талабы бүгүнтөн, 21-январдан тарта күчүнө кирип жаткан.
"Көңүл буруңуз: АКШнын бизнес/туристтик (B1/B2) визасына тапшырып жатасызбы? Кепилдик күрөөнү алдын ала ТӨЛӨБӨҢҮЗ. Эгерде сиз виза алууга ылайык деп табылсаңыз, консулдук кызматкер маектешүүдөн кийин кепилдик күрөөнү кантип төлөө керектиги тууралуу көрсөтмө берет. Маектешүүдөн мурда төлөнгөн кепилдик күрөө кайтарылбайт" деп айтылат АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Фейсбук баракчасында.
АКШнын Мамлекеттик департаменти 6-январда визалык күрөө талап кылынган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейткен. 25 өлкө менен кошо Кыргызстан да бул тизмеге киргизилген.
Ага ылайык, бүгүнтөн, 21-январдан тарта, B1/B2 категориясындагы виза алууну көздөгөн кыргызстандыктар үчүн 5 миңден 15 миң АКШ долларына чейинки өлчөмдө каржылык күрөө төлөө талабы киргизилет. Бул чара Кошмо Штаттарга кирген жарандардын өз убагында өлкөдөн чыгып кетишин камсыздоо максатын көздөй турганы айтылган.
15-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШ киргизип жаткан виза күрөөсү боюнча комментарий берген.
Министрдин айтымында, Кыргызстан АКШ менен аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
"Бул Америка тараптын ички саясаты, миграциялык маселелерге биз түздөн-түз таасир эте албайбыз. Мындай миграциялык саясатты биз өзүбүз да жүргүзүп жатабыз. Бирок АКШга тиешелүү суроолорду койдук жана өз сунуштарыбызды бердик. Сүйлөшүүлөр уланууда. Кыргызстандыктардын кирешелерин эске алганда, 15 миң долларлык күрөө өтө жогору",- деди министр.
Ошондой эле АКШ өткөн аптада 75 мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга иммиграциялык визаларды берүүнү убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган. Бул чектөөлөр дагы 2026-жылдын 21-январынан тарта күчүнө кирет.
"Бул чара иммиграциялык виза категорияларына гана тиешелүү жана АКШнын иммиграциялык эмес визаларына, анын ичинде туристтик, ишкердик, студенттик жана башка кыска мөөнөттүү визаларга таасир этпейт. Белгиленген чектөөлөр 2026-жылдын 21-январынан күчүнө кирет жана АКШ тарабынан иммиграциялык визаларды берүү тартибин кайра карап чыгуу аяктаганга чейин күчүндө болот" деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.
Мурда берилген визалар жана учурдагы иммиграциялык документтер өз күчүндө калат.
Иммиграциялык виза — бул башка мамлекетке туруктуу жашоо үчүн көчүп барууга уруксат берген виза.
Президент Дональд Трамп кызматка кайра келгенден бери АКШга мыйзамсыз гана эмес, мыйзамдуу миграцияны да чектөөгө умтулуп келет. Анын администрациясы буга чейин эле Бразилия, Иран, Орусия жана Сомалиден келгендер үчүн иммигранттык визаларды кароону токтоткон.
"АКШнын Мамлекеттик департаменти өзүнө Америка Кошмо Штаттары үчүн социалдык жүккө айланып, америкалыктардын берешендигин кыянаттык менен пайдаланууга аракет кылган иммигранттардын өлкөгө кирүүгө укугу жок деп эсептейт",- деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басар Томми Пиготт.
"Мамлекеттик катчы Марко Рубио жетектеген мекеме социалдык жана мамлекеттик жөлөкпулдарды алууга ыктаган чет элдик жарандардын АКШга киришине жол бербөө үчүн өз жол-жоболорун кайра карап чыкканга чейин визаларды кароону убактылуу токтотот",- деп кошумчалады Пиготт.
Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, Мамлекеттик департамент консулдук кызматкерлерге тиешелүү өлкөлөрдөн келген иммигранттык виза арыздарын кароону убактылуу токтотууну тапшырган. Бирок бул чектөө туристтик, ишкердик же башка убактылуу визаларга тиешелүү эмес экени эскертилген.