You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
БУУнун баш катчысынын Би-Би-Сиге интервьюсу: АКШ анын күчү эл аралык укуктан жогору деп ойлоп жатат
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
Бул Би-Би-Синин радио алып баруучусу Анна Фостердин макаласынын кыскартылган котормосу, түп нускасын толугу менен бул жерден окуй аласыз.
Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Би-Би-Синин обосунда АКШ азыр анын күчү эл аралык укуктон жогору деп ойлоп жатканын айтты.
BBC Radio 4 толкунунда Today программасына берген маегинде Гутерриш Вашингтон азыр ар тараптуу мамиле жана бирдиктүү чечим издөө анча деле маанилүү эмес, максатка "күч колдонуп жана АКШны таасири менен жетсе болот", кээде жыйынтыкка - эл аралык укуктун чегинде да жетсе болот деген ишенимде болуп жатканын билдирди.
Би-Би-Си Гутерришти Кошмо штаттары венесуелалык лидер Николас Мадурону кармап кеткенден эки жумадан кийин сөзгө тартты. Бул маек ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамп Гренландиянын аннексиялап алуу боюнча кайрадан коркутуп жаткан маалга туш келди.
Гутерриштин ою боюнча, бул кырдаалда БУУнун негизги принциптери, анын ичинде уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы тең укуктуулук тобокелчиликке салынып жатат.
Дональд Трамп БУУну буга чейин бир нече жолу сындап келген. Былтыр сентябрда Генералдык асссамблеядагы сессияда ал "эч ким токтото албай койгон жети согушту токтотконун", ал эми БУУ "алардын бирине дагы жардам берүүгө аракет жасабаганын" айтты эле.
"Кийин мен түшүндүм, БУУ бизге жардам бербейт экен", - деген ал.
Антониу Гутерриш мындай айыптоолорго жооп кылып, Би-Би-Сиге анын уюмуна мүчөлөрдү БУУнун уставында жазылган эл аралык укукту сактоого мажбурлоо оор экенин билдирди. Анын айтымында, БУУ дүйнөдө болуп жаткан башкы конфликттерди чечүүгө активдүү катышып жатат, бирок анда таасир этүүчү рычагдар жок, андай мүмкүнчүлүк алдыңкы державаларда бар.
Мындан сырткары, Гутерриш ошол эле рычагдардын жардамы менен азыр чындап, конфликттер узак мөөнөткө чечилип жатабы шеги бар экенин айтып, тез, бирок көпкө иштебеген макулдашуулар менен "алардын ортосунда чоң айырма" бар экенин айткан.
Гутерриш БУУ реформага муктаж экенин моюнга алат. Анын пикиринде, кайсы бир кезде дүйнөдөгү тынчтыкты колдоо үчүн түзүлгөн Коопсуздук Кеңеши азыр бүт дүйнөнү камтыбай жана эффективдүү болбой жатат. Мындан бир нече күн мурун Генералдык ассамблеяда сүйлөп жатып Гутерриш 1945-жылы көйгөйдү чечүү үчүн коодонулган ыкмалар 2026-жылдагы көйгөйлөрдү чече албашын айткан.
Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү - АКШ, Франция, Британия, Кытай жана Орусия аталган кеңештин резолюциясын милдеттүү ишке ашыруусуна вето коюу укугу бар.
БУУнун баш катчысынын айтмында, Коопсуздук Кеңешинин курамын ага легитимдүүлүктү кайруу үчүн өзгөртүү керек жана "бүт дүйнөгө добуш берүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек", ал эми айрым мүчөлөрдүн вето укугун чектеш керек.
Антониу Гутерриш Португалиянын мурдагы премьер-министри болот. БУУнун баш катчы кызматын 2017-жылы ээлеген, быйыл ал кызматын тапшырат.
БУУнун Генералдык ассамблеясында бир нече күн мурун Гутерриш дүйнө "конфликтердин, жазасыз калуунун, теңсиздик жана белгисиздиктин" хаосуна батып бара жатканын айтты. Дүйнөлүк тартиптин башкы коркунучу катары "эл аралык укуктун эрөөн-терөөнү жок бузулуп жатышын" атады.
БУУнун алдында жаңы чакырыктар турат: АКШ күч менен Венесуэланын бийлигин алмаштырып жатат, Иранда режим каршылык акцияларына чыккан миңдеген адамдарды жок кылууда, Дональд Трамп Гренландияны аннексиялап алам деп максат койду. Эл аралык мамиледеги ар тараптуулук принциби өлгөнү тууралуу жана эмнеге эл аралык лидерлер эл аралык укукту коргоп чыкпай, унчукпай отурушат деген суроолор жаңырып жатат.
Бирок Антонио Гутерриш, анын айтымында, жакшылыктан үмүт кылат.
"Адамдар айрым учурларда күчтүүлөргө каршы чыккылары келбейт", - деди Гуттериш Би-Би-Сиге. - Чынында, эгер биз күчтүүлөргө каршы чыкпасак, биз эч качан дүйнөнү жакшы кыла албайбыз".