Трамп Гренландия боюнча "оюнан кайтпай", аракетин дагы күчөтөт

    • Author, Табби Уилсон

АКШ президенти Дональд Трамп Гренландияны колго алуу боюнча коркутууларын күчөткөнүн коомдук сайттар аркылуу билдирип, эми "артка жол жок" экенин, "Гренландия аябай маанилүү" экенин айтты.

Ак үйдө өткөн басма сөз жыйынында Трампка Гренландияны колго алуу үчүн ал эмнеге даяр экени тууралуу суроо берилди, "силерге ал жакында белгилүү болот" деп жооп берди ал.

Ал арада, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Швейцарияда өтүп жаткан Экономикалык дүйнөлүк форумда "дүйнө эрежеси жоктукка өтүп жатканын" эскертип, ал эми Канаданын премьер-министри Марк Карни "мурдагы тартип эми келбесин" айтты.

Трамп Давоско шаршемби күнү келери күтүлүп жатат, анын өзүнүн айтымында, мында "Гренландия боюнча анын көп санда жыйындары" белгиленген эле. Бирок ал учуп келчү Air Force One техникалык себептен улам базага кайтууга мажбур болду. АКШнын Каржы министри Скотт Бессент Давосто журналисттерге президент "болжолу үч саатка кечигип келерин" билдирди. Алдын ала Трамп борбордук Европанын убактысы менен 10.00гө учуп келип калары күтүлүп жаткан.

Узакка созулган басма сөз жыйынында Трамп кабарчыларга "Гренландияда баары ойдогудай болуп жатканын" да кошумчалады.

Би-Би-Синин президент Гренландиянын куну үчүн НАТОнун чачырап кетүүсү тууралуу суроосуна ал мындай деп жооп берди: "Эч ким НАТОго мен кылганды кылган жок, кайсы жагынан алба". Трамп "НАТОго деле бул жагат, баарыбызга эле жакшы болот" деп, "Бул бизге дүйнө коопсуздугу үчүн керек" деди.

Бирок буга чейин ал АКШ жардамга муктаж болсо, НАТО келеби деген суроону койгон эле.

"Мен билем биз(НАТОну) сактаганга барабыз, бирок алар бизге келет беле, менин ушул боюнча чындап суроом бар" деген эле Трамп кабарчыларга.

НАТО - түндүк атлантикалык келишим уюму - учурда курамына 32 өлкөнү камтыйт, АКШ аны негиздеген 12 өлкөнүн бирине кирет.

Жамааттык коргоону аркылуу эркиндикти сактап жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөн НАТОнун негизги принциптеринин бири анын 5-беренесинде белгиленген. Анда – уюмдагы бир же андан көп мүчө өлкөгө кол салуу жалпы уюмга кол салууга барабар делет.

Трамп Гранландияны алуу үчүн аскердик күчтү колдонууга чейин барарын четке какпайт. NBC News кечээ ага аймакты басып алуу үчүн ал күч колдонобу деген суроо узатты, президент "комментарий бере албайм" деп жооп берди.

BBC Newsnight үчүн шейшембинин кечинде интервью берген Гренландиянын Индустрия жана табигый ресурстар боюнча министри Наая Натанильсен гренландиялыктар президенттин мындай талаптарына "айран таң" болуп жатканын айтты.

"Биз америкалык болгубуз келбейт, муну биз так билдирип келе жатабыз" деди.

"Биздин маданиятка эмне баалуулук кошо аласыңар жана келечек тууралуу биздин укугубуз эмне болот?"

Давос форумунун алдында Трамп скриншоттору менен бөлүштү. Анын айтымында, ал жакта Макрон жана НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин ага жазгандарын окууга болот.

Рютте Гренландия боюнча жол табууга умтулуп жатканын, Макрон болсо "ал эмне кылып жатканын анчейин түшүнбөй жатканын" жазып, башка лидерлер менен Парижде анын жолугушууларын уюштурууну сунуштайт.

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен айтайын деген сөзүн ишембиде форумдун биринчи күнүндө айтты, ал Арктиканын коопсуздугу маселесинде Европа "толугу менен колдорун" билдирди.

Бирок, анын айтымында, буга биримдикте гана жетүүшүүгө болот. Европа Комиссиясынын төрайымы Трамптын кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүү сунушун "ката" деди.

АКШ президенти Гренландияны басып алууга каршы чыгышса, 1-февралдан тарта Европанын сегиз өлкөсүнөн импорттолуп келген бардык товарларга 10% бажы төлөм саларын айткан.

Өз сөзүндө Урсула фон дер Ляйен Европа Биримдиги Гренландия жана Данияга "толугу менен тилектеш экенин" жана алардын суверендүүлүгү "талкууга жатпарын" кошумчалаган.

Анын сөздөрү Канаданын премьер-министри Марк Карни айткандарына үндөшөт, Карни анын өлкөсү НАТОнун "солк эткис" 5-беренесин жактарын, анда бир же андан көп мүчөгө кол салуу - бардыгына кол салууга тете экени айтылат.

"Гренландия жана Дания менен биргебиз жана алардын Гренландиянын келечегин өздөрү аныктоо уникалдуу укугун толугу менен колдойбуз", - деген Карни.

Макрон өз сөзүндө "бейбаштарга сыйы бар экенин" жана "катуу мүнөздүк мыйзамынын үстөмдүгүн" артык көрөрүн айткан.

Ишембиде Трамп, Макрон "Газа боюнча кеңешке" кирүүдөн баш тартты деген кабарлардан кийин, француз винолоруна жана шампандарына 200% тариф киргизүү менен коркуткан эле.

Француз президенти "аягына чыккыс жаңы тарифтер менен коркутууларды" "приципиалдуу түрдө кабыл алгыс" деп, өзгөчө аймактык суверендүүлүк боюнча маселеде анын басым көрсөтүү рычагы катары колдонулуп жатышын айыптаган.

Макрон Евробиримдигин АКШнын тарифтерине каршы жооп кайтаруу чараларын, анын ичинде «соода базукасы» деп аталган мажбурлоого каршы инструментти колдонууну карап чыгууга чакыргандардын катарында.

Эл аралык соода уюмуна жакын булактар Европа парламенти июлда жетишилген АКШ менен соода келишимин токтотууну пландап жатканын, бул Европа менен АКШнын ортосундагы мамилени дагы чыңалтышы мүмкүн экенин белгилешкен.