Чыңгыз Айтматов, Садыр Жапаров жана демократия. Сыймык Жапыкеевдин талкуу жараткан маеги

Финансы полициясынын мурдагы төрагасы, саясатчы Сыймык Жапыкеевдин журналист Эрнис Кыязовдун подкаст-долбооруна берген маеги кыргыз коомчулугунда чоң талаш-талкуу жаратты. Эки жарым сааттык маек "Кыргыздар — Түркмөнстан болбойт!" деген аталыш менен чыккан. Анда Жапыкеев октябрь окуялары, ошондогу өзүнүн аракеттери, бийлик менен мамилеси, президент Садыр Жапаров, өлкөдөгү азыркы абал, чыгармачылык жана жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү ойлору, көз караштары менен бөлүшкөн.

17-январда жарыяланган маегинде Сыймык Жапыкеев мамлекет башчысынын айланасында 4-5 киши пайда болуп, алар президентке эч кимди жолуктурбай калганын айткан.

"Командасында 4-5 киши бар, эч кимге жолуктурбайт экен, жакындатпай. Кызганат экен президентти. 3-4 эле киши. Дайыр Орунбеков, Каныбек Түмөнбаев. Алар эч кимге жолуктурбайт, сүйлөштүрбөйт, кызганат президентти. Көчөнү да караш керек, элди да караш керек", — деген ал.

Ошондой эле ал өлкөдөгү демократиянын абалына тынчсыздануусун билдирип, мурда Садыр Жапаров "кечирим суратпайм" деп убада бергенин, бирок азыр адамдар камалып жатканын белгилеген.

"Демократия болгон жок. Демократиянын болгону жакшы. Азыр эң эле жакшы вариант — демократия. Адам укугу болушу керек. Садыр аба: "Сооронбай Жээнбеков бирөө айтса эле кечирим сурата берет, мен президент болсом, мындай болбойт, эч кимди кечирим суратпайм", — деди эле. Азыр, мисалы, кечирим суратмак түгүл камап салып жатышпайбы. Ушунун эмне кереги бар? Андан эмне табат, айкөл болбойбу?" — деген Жапыкеев.

"Кухнянын доору өткөн"

Бул айыптоолорго Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков дароо жооп кайтарды. Ал Жапыкеевдин сөздөрүн "калп жана жалаа" катары баалаган.

"Сыймык Жапыкеев дегендин биз тууралуу сүйлөгөнүн ар ким жиберип жатат. Ал: "Президентти Дайырбек Орунбеков, Каныбек Туманбаев жана башка 3-4 киши тегеректеп алыптыр. Президентке эч кимди киргизбейт, эч кимге жолуктурбай кызганышат экен", — деп сүйлөптүр. Сыймык мырза, ашканада тизгини жок дөөрүп сүйлөп жүрүп, көнүп калсаңыз керек. Антип калп айтып, жалаа жаппай жүрүңүз деп эскертип коёюн. Оюна келгенди сүйлөй берген "кухнянын" доору өткөн", — деп жазган Орунбеков.

Анын айтымында, президент кимди кабыл алууну өзү чечет:

"Көчөдө, коомдо эмне болуп жатканын билиши керек депсиз, аны бизден биринчи билип коет. Калганын Курултайда делегаттар келип айтып жатат. Баса, кадырыңыз калса сиз дагы делегат болуп сүйлөсөңүз болот. Ал тургай зарыл болгон учурда райондук, аймактык жетекчилерге түз чыгып маалыматты тактап алган, түз кирип барган учурлар көп эле катталат. Кимдир бирөөнүн кирип-чыгуусу түгүл, өзүм президентке сейрек гана кирем. Мен жалпы маалыматтык саясат менен алектенем. Жанында пресс-катчы коштоп жүрөт. Ар бир жетекчи өзүнүн милдетине кирген гана жумуштар менен алектенет, андан ашык чыкпайт. Андыктан, урматтуу "ашкана генералы" Кудайды карап калп айтып жүрүңүз".

"Чыңгыз Айтматов союзду мактачу"

Маектин дагы бир талкууланган жери Жапыкеевдин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу айткандары болду. Жапыкеев Айтматовдун китептери адамга руханий азык бербейт деген пикирин билдирген.

"Чыңгыз Айтматов союзду мактачу. Айтматовду окусаң, сварщик болсоң, сварщик бойдон эле каласың, доктор болсоң, доктор бойдон эле каласың. Бул хидаят бербейт, түрткү бербейт. Маңкурт дегенин мен окуган жокмун. Баары эле укмуш сюжет эмес да. Укмуш жазуучулар болот го окуяны айтып берген. А бул жакта эмне? Эки карышкыр жөнүндө, колхозчулар жөнүндө. "Биринчи мугалим" киносунда деле арзыбаган эле бирдемелер да. Аны окусаң эч нерсе түрткү бербейт, руханий эч нерсе ала албайсың. Мисалы, Брюс Линин киносун көрүп, Брюс Ли болгуң келип кетет го", — деген Жапыкеев, андан көрө Газали, Руми сыяктуу философторду окууну сунуштаган.

Жапыкеевдин Чыңгыз Айтматов тууралуу айткандары социалдык тармактарда чоң талкуу жаратты. Аны жектегендер менен катар эле, өз оюн айтты деп коргогондор да бар.

Бул маселе 19-январда Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутат Гүлшаркан Култаева Айтматов улуттук мурас экенин айтып, Маданият министрлигин бул маселеге укуктук баа берүүгө чакырды.

"200 миң катталуучусу бар подкасттан биздин Сыймык Жапыкеев деген жараныбыз биздин улуу инсаныбызга, маданий мурасыбызга баа берип жатат. Ал эми сиздер унчукпай отурасыздар. Буга укуктук баа бериш керек. Мен ошону сиздерден талап кылам", - деди депутат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев кескин түрдө: "Чыңгыз Айтматов психикалык ооруканага жаткырып текшере турган адамдан коргоого муктаж эмес", — деп жооп берип, министрлик тийиштүү реакция кыларын билдирди.

Сыймык Жапыкеев анын маегинен кийин өзүнүн дарегине айтылган пикирлерге комментарий берди.

"Мен Айтматов тууралуу эмне деп жаман айттым? Болгону, "кызыкпайм" дедим. Мен Айтматовдун жеке жашоосу тууралуу бир нерсе дедимби? "Жаман", "акмак" киши деген жокмун да, айланайын. Эми чыгармасы жакпаса, жакпайт да. Мен перс адабиятын, поэзиясын окуйм: Авиценна, Омар Хаям, Бируни, Руми, Жами... Мени Айтматов кызыктырбайт дедим", - деди Жапыкеев.

Ал арада Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Коомдук Айтматов Эл аралык академиясы, Эл аралык Айтматов клубу, Айтматов эл аралык фонду жазуучунун чыгармачылыгын коргоочу мыйзам иштеп чыгууну сунуштаган кайрылуу жолдошту. Кайрылуу авторлору акыркы убакта Айтматовдун чыгармаларын театрларда жана кинолордо эркин чечмелеп, сюжеттерин жана каармандарынын образдарын таанылгыс кылып бурмалоо тенденциясы күчөгөнүн белгилешкен. Алардын пикиринде, бул жөнөкөй эле чыгармачыл изденүү эмес, улуттук руханий баалуулуктарга карата жасалган "системалуу чабуул" катары бааланууда.

Сыймык Жапыкеев ким?

Сыймык Жапыкеевдин өзүнүн айтымында, 19 жыл прокуратура кызматкери болуп иштеген. Андан кийин Кумтөр ишканасында эмгектенген.

48 жаштагы Жапыкеев 2020-жылы өз үйүнүн ашканасында отуруп алып, социалдык тармактар аркылуу түз эфирлерди уюштуруп, өлкөдөгү саясий абал, коррупция тууралуу билдирүүлөрү менен калың элге таанылган. Ошол жылы ал "Чоң Казат" партиясынын лидерлеринин бири катары 2020-жылдын 4-октябрындагы жыйынтыгы жокко чыгарылган жана бийликтин алмашуусуна жеткирген парламенттик шайлоого катышкан.

Жапыкеев октябрь окуяларына жана андан кийинки саясий процесстерге активдүү катышкан.

Садыр Жапаров бийликке келгенден көп өтпөй Финансы полициясынын төрагасы болгон. Бул кызматта ал аталган орган жоюлуп кеткенге чейин, төрт айдай иштеген. 2021-жылы мартта ага Финансы полициясынын генерал-майору наамы берилген. Андан кийин Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалып, бир айга жетпеген убакыттан кийин отставкага кеткен.