You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ак үй Газа боюнча "Тынчтык кеңешинин" мүчөлөрүн атады. Кеңешке кимдер кирди?
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си, Орус кызматы
Ак үй АКШнын президенти Дональд Трамптын жетекчилиги алдында Газа боюнча "Тынчтык кеңешинин" мүчөлөрүнүн ысымдарын жарыялады. Вашингтондун планына ылайык, бул орган стратегиялык көзөмөл, эл аралык ресурстарды мобилизациялоо жана Газаны тынчтык жолу менен өнүктүрүү боюнча милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн жооптуу болот.
Ак үйдөн кабарлашкандай, "Тынчтык кеңешинин" уюштуруучу аткаруу кеңешине (founding executive board) жети адам кирет. "Алар дипломатия, девелопмент, инфраструктура жана экономикалык стратегия жаатында тажрыйбасы бар лидерлер", - дешти Ак үйдөн.
Уюштуруучу аткаруу кеңешинин ар бир мүчөсү "Газаны турукташтыруу үчүн өтө маанилүү" белгилүү бир багыт үчүн жооптуу болот деп күтүлүүдө. Бирок кимиси кайсы артыкчылыктар үчүн жооптуу болору азырынча белгисиз.
Мындан тышкары, Газанын аткаруу кеңеши түзүлөт (Gaza executive board), ал Газа секторунун жаңы өкмөтүнүн ишин көзөмөлдөмөкчү. Бул кеңештин курамына 11 адам кирди, анын ичинде уюштуруучу аткаруу кеңешинин төрт мүчөсү бар.
Кеңештин кошумча мүчөлөрүнүн ысымдары да алдыдагы апталарда белгилүү болот.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, ошондой эле Египеттин президенти Абдул Фаттах Ас-Сиси Трамптан "Тынчтык кеңешине" чакыруу алганын бул эки өлкөнүн бийлиги ишембиде билдиришти.
Трамп "эң абройлуу кеңеш" деп атаган "Тынчтык кеңешине" кимдер киргенине толугураак токтололу.
Тони Блэр
Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр эки кеңешке тең кирет. Ал Трамптын "Тынчтык кеңешинин" ыктымалдуу мүчөсү катары көптөн бери эле каралып келген – сентябрда АКШнын президенти Трамп Блэр бул органга катышууга кызыкдар экенин билдирген.
Блэр Трамптын Газа боюнча пландарын "согуш, жакырчылык жана азап-тозок менен коштолуп келген жылдарга чекит коюу үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк" деп атаган.
Лейбористтик партиянын мурдагы лидери 1997-жылдан 2007-жылга чейин Улуу Британиянын премьер-министри кызматын ээлеген жана 2003-жылы өлкөнү Ирак согушуна тарткан – ушундан улам айрымдар анын "Тынчтык кеңешине" кирүүсүн талаштуу деп эсептеши мүмкүн.
2007-жылдан 2015-жылга чейин Блэр эл аралык ортомчулардын "квартетинен" (БУУ, Евробиримдик, АКШ жана Орусия) Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы болгон.
Блэр – уюштуруучу аткаруу кеңешинде АКШнын жараны болбогон жалгыз мүчө.
Марко Рубио
Трамптын администрациясынын тышкы саясатында негизги орунду ээлеген АКШнын мамлекеттик катчысы уюштуруучу аткаруу кеңешинин мүчөсү болот.
Трамп бийликке кайтып келе электе, Рубио Газадагы ок атышууну токтотууга каршы чыгып, Израил "ХАМАСтын мүмкүн болушунча бардык элементтерин жок кылышын каалай турганын" билдирген.
Бирок, андан бери ал Израил менен ХАМАСтын ортосунда ок атышууну токтотуу тууралуу октябрда кол коюлган макулдашуунун биринчи этабына оң баасын берип, муну мыкты жана жападан жалгыз жөндүү план деп атаган эле.
Ошондой эле октябрда Рубио басып алынган Батыш жээкти аннексиялоо багытындагы Израил парламентинин кадамдарын сынга алган.
Стив Уиткофф
АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф – кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү магнат жана Трамптын гольф боюнча өнөктөшү – эки кеңештин тең курамына кирет.
Ушул жуманын башында Уиткофф Трамптын Газадагы согушту токтотуу боюнча планынын экинчи этабы башталганын жарыялап, план секторду калыбына келтирүүнү жана толук демилитаризациялоону, анын ичинде ХАМАСты куралсыздандырууну камтый турганын кошумчалады.
Ал ХАМАСтан макулдашуу боюнча "өз милдеттенмелерин толугу менен аткарат" деп күтөөрүн, бирок, эгерде аткарбаса, "мунун олуттуу кесепеттери болорун" баса белгиледи.
Уиткофф Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык макулдашуусун түзүү боюнча АКШ башында турган иш-аракеттерде, анын ичинде декабрда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен беш сааттык жолугушууда өзөктүк фигура болгон.
Жаред Кушнер
Уиткофф менен бирге Трамптын администрациясынын тышкы саясат боюнча сүйлөшүүлөрүндө Кушнер да негизги ролду ойногон. Ал ошондой эле Орусия менен Украинанын, ошондой эле Израил менен Газанын ортосундагы жаңжалда АКШнын ортомчусу катары иш алып барган.
Ноябрда ал Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугуп, тынчтык макулдашуусундагы негизги талаштуу жерлерди талкуулаган.
2024-жылы Гарвард университетинде сөз сүйлөгөндө Кушнер "Эгерде көңүлдү жашоо үчүн каражат табуу булагын табууга бурсак.... Газанын жээктеги кыймылсыз мүлкү абдан баалуу болушу мүмкүн..." деп билдирген.
Марк Роуэн
Миллиардер Марк Роуэн – эки кеңештин тең курамына кирген дагы бир адам.
Роуэн – башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Apollo Global Management ири инвестициялык компаниянын башкы директору.
Роуэн Трамптын президент катары экинчи мөөнөтүндө АКШнын финансы министринин кызматына талапкерлердин бири катары каралган эле.
Аджай Банга
Дүйнөлүк банктын президенти уюштуруучу аткаруу кеңешинин курамына кирет.
Өзүнүн узак карьерасында ал америкалык бир катар жогорку даражалуу саясатчыларга, анын ичинде мурдагы президент Барак Обамага консультацияларды берип келген.
Банга 1959-жылы Индияда төрөлүп, 2007-жылы АКШнын жарандыгын алган. Ал Mastercard компаниясынын башкы директору болуп он жылдан ашык иштеген.
Банганы Дүйнөлүк банктын башчысы кызматына 2023-жылы АКШнын мурдагы президенти Жо Байден көрсөткөн.
Роберт Гэбриел
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Роберт Гэбриел – уюштуруучу аткаруу кеңешинин жетинчи мүчөсү.
Гэбриел Трамп менен 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнөн бери иштешип келатат.
Трамптын биринчи мөөнөтүндө ал Стивен Миллердин атайын жардамчысы болуп иштеген. Милер – учурда Трамптын негизги кеңешчилеринин бири.
Николай Младенов
Болгариялык саясатчы жана БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча мурдагы атайын чабарманы Младенов Газанын аткаруу кеңешинин мүчөсү болуп, Газа боюнча жогорку өкүл кызматын да ээлемекчи.
"Бул кызматта ал "Тынчтык кеңеши" менен Газаны башкаруу боюнча улуттук комитеттин (NCAG) ортосунда байланыштыруучу звено болот", - деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.
Бул технократиялык комитетке согуштан кийинки Газаны күнүмдүк башкаруу, башкача айтканда, чөлкөмдөгү өкмөттүн функцияларын аткаруу милдети жүктөлгөн.
NCAG'ни оккупацияланган Батыш жээктин айрым бөлүктөрүн башкарган Палестина администрациясында министрдин мурдагы орун басары Али Шаат жетектейт.
Газанын аткаруу кеңешине дагы алты адам кирет, анын ичинде "Тынчтык кеңешинен" айырмаланып, анда аялдар да бар. Алар: БАЭнин эл аралык кызматташтык министри Рим Ал-Хашими жана голландиялык дипломат, БУУнун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси боюнча атайын координатору Сигрид Кааг.
Газанын аткаруу кеңешинин калган мүчөлөрү: Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, катардык дипломат Али Ал-Тавади, Египеттин Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы Хассан Рашад жана кипрлик-израилдик миллиардер Якир Габай.
АКШнын Газа боюнча планы
АКШнын тынчтык планы өткөн жылдын октябрында күчүнө кирген.
Биринчи этаптын алкагында ХАМАС менен Израил ок атышууну токтотуу, барымтадагыларды жана туткундарды алмашуу, израилдик аскерлерди Газа тилкесинен жарым-жартылай чыгаруу жана гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүү боюнча орток пикирге келишкен.
15-январда Уиткофф Газадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча пландын экинчи этабы башталганын жарыялады. Бул баскычта Газаны калыбына келтирүү жана толук демилитаризациялоо, анын ичинде ХАМАСты жана башка палестин топторун куралсыздандыруу каралган.
Бирок ок атышпоо тууралуу макулдашуу кынтыксыз аткарылып жаткан жок: эки тарап тең келишим бузулуп келатканы үчүн бири-бирин айыптоодо.
Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, макулдашуу күчүнө киргенден бери Израилдин соккусунан 450гө жакын палестиналык өмүрү менен кош айтышты. Өз кезегинде Израил армиясы ушул эле мезгил аралыгында анын үч жоокери палестиналык топтордун кол салууларынан набыт болгонун ырастап жатат.
БУУ Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаал оор бойдон калып жатканын, өтө маанилүү гумжардам тоскоолдуксуз кирип турушу керектигин билдирди.
Газадагы согуш 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин түштүгүнө кол салгандан кийин башталган. Ошол күнү 1200дөй киши өлтүрүлүп, дагы 251 адам барымтага алынган. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ошондон бери Израилдин Газага соккуларынан 70 миңден ашуун адам каза болду. (ZMa)