Президент эски айдоочулук күбөлүктөр жасалма документтерди жоюу үчүн алмаштырылып жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктөрдү жана ID-паспортторду жаңы үлгүгө алмаштыруу боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, акыркы 30 жыл ичинде мамлекеттик документтер чет өлкөлөрдө басылып келгендиктен, алардын коргоо элементтери начар болгон. Бул башка улуттун өкүлдөрүнө жана кылмыштуу топторго Кыргызстандын жасалма документтерин колдонууга жол ачкан.

"Мурда чыгарылган айдоочулук күбөлүктөрдү, ID-паспортторду мигранттардын арасында башка улуттун өкүлдөрү жасалмалап саткан учурлар болгон. Азыр да ошол ID-паспорттор менен жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү Россияда колдонуп жүрүшөт. Биздин жасалма паспорттор менен террористтер да кармалган учурлар катталган. Мындай көрүнүштөр Кыргызстандын аброюна, эл аралык имиджине доо кетирди. Эми мындан ары мындай көрүнүштөр болбойт. Жасалма паспорт деген түшүнүк жоюлат. Ошондуктан бул ишти баштадык. Эски күбөлүктөрдү бекер алмаштырып бүтүп, жокко чыгарып салсак, аларды бизде да, чет өлкөлөрдө да колдоно албай калышат. Эмне үчүн дегенде азыркы учурда деле кээ бир жарандарыбыз Россиядан жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алып, Кыргызстанга келип унаа айдап жүргөн фактылар бар. Ушуга байланыштуу учурда мамлекеттик деңгээлде бардык айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка расмий документтерди инвентаризациялоо, тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул иштердин негизги максаты мыйзамсыз колдонулуп жаткан документтерди толук аныктоо, тартип орнотуу, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу жана мамлекетибиздин эл аралык аброюна шек келтирүүгө жол бербөө болуп саналат. Ошондуктан эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн баарын жаңысына алмаштыруу чечими кабыл алынды. Баса белгилей кетсем, жаңы үлгүдөгү документтердин коргоосу эң жогорку деңгээлде, аларды жасалмалоо мүмкүн эмес. Ушул себептен улам жарандарга "алмаштыргыла" деп айтаар элем".

Кыргыз бийлиги былтыр айдоочулук күбөлүктөрдү жаңылоо чечимин кабыл алган. Ага ылайык, 2009–2012-жылдары берилген мөөнөтсүз күбөлүктөрдү колдонуу убактысын 2027-жылга чейин деп чектелген эле. Эски күбөлүктөрдүн ордуна 10 жылга жарактуу жаңы документтерди берүү өнөктүгү 2026-жылдан баштап ишке ашырылары айтылган.

Мындан улам айдоочулук күбөлүк берген мекемеде жана 083 формасындагы медициналык маалымкат берген бейтапканаларда элдин кезеги көбөйгөн.

Ушундан кийин 083 формасындагы медициналык маалымкат алуу зарылдыгы жоюлган.

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алуу үчүн быйыл 15-январдан 15-февралга чейин убакыт берилген. Бирок кайрылгандар көп болуп жатканына байланыштуу анын мөөнөтү узартылды.