You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ирандын жогорку лидери нааразылык акцияларында миңдеген адам каза болгонун моюнга алып, АКШны айыптады
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи өлкөдөгү соңку нааразылык акциялары учурунда миңдеген адамдар каза болгонун биринчи жолу ачык моюнга алып, АКШны айыптады.
"Израил жана АКШ менен байланышы барлар өлкөгө чоң зыян келтирип, бир нече миң адамды өлтүрүштү", — деди ал ишембидеги сөзүндө. Хаменеи ошондой эле демонстранттар имараттарды өрттөп, коомдук мүлктү талкалап, башаламандык кылганын кошумчалады.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарына караганда, Хаменеи: "Биз АКШ президентин иран элине каршы жасалган курмандыктарга, зыянга жана жалаага жооптуу кылмышкер деп эсептейбиз", — деп билдирди.
Ирандын түштүк-батышындагы Шираз шаарынын бир тургуну Би-Би-Сиге: "Коопсуздук күчтөрү кырдаалды көзөмөлдөө үчүн дагы деле көчөлөрдө мотоцикл менен кайгуулда жүрүшөт, бирок жалпысынан жашоо кадимки нугуна түштү", — деп айтып берди.
Өз сөзүндө Хаменеи Иран "ички кылмышкерлерди аябайт" деп билдирип, эл аралык кылмышкерлер да жазадан кутула албасын убада кылды.
"Кудайдын колдоосу менен иран эли козголоңду кандай басса, бүлүк салуучулардын каршылыгын да ошондой эле талкалашы керек", — деп айткан ал.
АКШда жайгашкан ирандык Human Rights Activists News Agency уюмунун (HRANA) билдиргенине караганда, 28-декабрда экономикалык абалдан улам башталган башаламандыктарды күч менен басуу учурунда 3 090 адам ажал тапты. Өлкөдө интернеттин өчүрүлүшү так маалымат алууну өтө кыйындатууда.
Ишемби күнкү сөзүндө аятолла Али Хаменеи миңдеген адамдар нааразылык учурунда каза болгонун айтып, бул үчүн "козголоңчуларды" айыптады.
АКШ президенти Дональд Трамп жакында эле ирандык демонстранттарды "нааразылыкты улантууга" чакырып, эгер коопсуздук күчтөрү аларга каршы ок чыгарса, аскердик кийлигишүү болорун эскерткен. Ошондон бери нааразылык акциялары Ирандын жогорку лидеринин бийликтен кетишин талап кылган чакырыктарга айланды.
Иран өкмөтү бул демонстрацияларды өлкөнүн душмандары колдогон "башаламандык" деп атап келет. Демонстранттарга каршы курал колдонулуп, коопсуздук күчтөрүнүн элге ок атып жаткан видеолорунун чын экенин Би-би-синин кызматтары тастыкташты.
Ошондой эле Иранда интернет жана байланыш кызматтары дээрлик толук өчүрүлгөн. NetBlocks кибер-монитордук кызматынын маалыматы боюнча, ишемби күнү байланыш деңгээли кадимки көрсөткүчтүн эки пайызын гана түздү. Акыркы күндөрү башаламандыктар азайганы кабарланганы менен, интернеттин жоктугунан улам өлкөдөгү чыныгы кырдаалды билүү кыйын.
Хаменеи өз сөзүндө президент Трампты "кылмышкер" деп атап, акыркы башаламандыктар үчүн АКШ "жооп бериши керек" деди. Ал ошондой эле социалдык тармактарда "Американын максаты — Иранды жок кылуу" деп билдирди. Трамп азырынча жогорку лидерге жооп бере элек, Би-Би-Си бул боюнча Ак үйдөн комментарий сурады.
АКШнын Мамлекеттик департаменти ишемби күнү: "Ислам Республикасы Американын базаларына сокку уруу жолдорун даярдап жатат деген маалымат алдык", — деп билдирди. Эгер мындай чабуул жасала турган болсо, Иранга "өтө катуу сокку" жасаларын эскертип, Тегеранды "президент Трамп менен ойнобоого" чакырды.
Шаршемби күнү АКШ президенти Ирандагы "адам өлтүрүүлөр токтоду" деп укканын, бирок бул өлкөгө каршы аскердик аракеттерди четке кагпай турганын айткан. Мындай билдирүүлөр АКШ менен Улуу Британия Катардагы "Аль-Удейд" авиабазасындагы кызматкерлеринин санын азайткан учурга туш келди. Расмий өкүлдөр Би-би-синин америкалык өнөктөшү CBS телеканалына билдиргендей, аскерлердин бир бөлүгүн чыгаруу "алдын алуу чарасы" болуп саналат.