"Европа өзүн таппай калды": Гренландиянын айланасындагы чыңалуу Орусиянын чырагына май тамызды

    • Author, Стив Розенберг
    • Role, Орус кызматынын редактору

Дональд Трамптын угуп отуруп, сизде Москва менен Бээжин Арктикадагы кубатын күчөтүү үчүн Гренландиянын жээгинде күтүп турушкандай ой жаралышы мүмкүн.

"Бул жерде - орустардын согуштук кемелери, тигинде - кытайдын согуштук кемелери жана бардык жерде андан көп - орустардын суу алдындагы кайыктары", - деп Трамп жакында эле айткан болчу.

Дал ушул себептен, америка президентинин пикиринде, АКШ Гренландияны көзөмөлгө алуу маанилүү болуп турат.

Эми Москва, ушунтип анын болжолдуу кутумунун бети ачылганына,балким, ал ою АКШ Гренландияны колго алгандан улам ишке ашпай калганына кандай реакция жасады деп ойлосуздар?

Орустар буга кубанат деп ойлобойсуздар. Туурабы?

Андай эмес.

Орусиянын мамлекеттик гезитинде укмуштуу макала жарыяланып, анда Трамптын дарегине жык мактоо айтылып, ал эми Гренландиянын АКШнын аннексиялайм дегенине каршы чыккан Европа лидерлери сынга алынат.

"АКШ президентинин тарыхый батылдыгына Копенгагендин өжөрлүгү жана Европа өлкөлөрүнүн, анын ичинде Американын достору делген Британия менен Франция тилектештик кылуусу жолтоо болууда", - деп жазды "Российская газета".

"Европа Трамп алдыга жиреп жаткан АКШнын улуулугун каалабайт. Брюссель, анын жашоосундагы эң маанилүү келишимге жетүүсүнө мүмкүндүк бербей, Конгресске болгон орто мөөнөттүү шайлоо маалында АКШ президентин "чөктүрүүгө" бел байлап атат".

"Эң ири келишим?" Кабарчы ал эмнени айткысы келгенин түшүндүрөт. Мен өзүмө мен Америкадагы Трампчыл гезит эмес, Орусиянын мамлекеттик гезитин окуп жатканымды эстетип жатам.

"Эгер Трамп Гренландияны 2026-жылдын 4-июлуна чейин, Америка өзүнүн Көз карандысыздык декларациясынын кабыл алынышына 250 жылдыгын белгилеген маалга чейин аннексияласа, ал Кошмо Штаттарынын уулулугун бекемдеген фигура катары тарыхка кирет".

"Гренландия менен АКШ дүйнөдө Орусиядан кийинки эле экинчи чоң өлкө болуп калат, Канаданы аянты боюнча артка калтырат. Америкалыктар үчүн бул Авраам Линкольндун 1862-жылдагы кулчулукту жойгон же Наполеондун жерлерди басып алганындай эле мааниси чоң окуя болот".

"Эгер Трамптын арты менен, Гренландия Американын бир бөлүгү болуп калса... америка эли мындай жетишкендикти унутпайт".

Орусиялык кабарчы Америка президентине ушинтип "артка кайтпа" дегенди жеткиргиси келген.

"Америка президенти үчүн Гренландия боюнча оюнан артка кайтуу кооптуу. Бул орто мөөнөттүү шайлоодо Республикалык партияны алсыз позицияга кептеп жана Капитолий Хилдде Демократтардын көпчүлүгүн камсыздамакчы, анда эле анын Трамп үчүн кесепети болот. Шайлоого чейин Гранландияны чукулунан аннексиялоо мындай саясий багытты өзгөртмөкчү".

Башкача айтканда, орусиялык мамлекеттик гезитте айтылгандай: Гренландияны тезинен колго алуу бул Трамптын кызыкчылыгындагы нерсе.

Келгиле, ойлонолу.

Бирок эмнеге Москвадан мындай мактоолор чыгып жатат? Эмнеге бул колдоо сыяктуу көрүнөт?

Себеби, Орусия бул кырдаалдан көбүрөөк пайда тапмакчы.

Трамптын Гренландияны кандай болсо да колго алгысы келип жатканы, анын аралды басып алуу үчүн жана бул планга каршы чыгып жаткан Европа өлкөлөрүнө тарифти киргизем деген чечкиндүүлүгү трансатлантикалык альянстагы чоң чыңалууну: Америка менен Европанын мамилесин эле эмес, НАТО ичинде да чыңалууну жаратты.

Батыш альянсын алсыраткан же аны бөлүп-жаруу коркунучун жараткан ар кандай аракетти Москва Орусия үчүн чоң позитивдүү көрүнүш катары карайт.

"Европа өзүн азыр жоготуп жатат, чынын айтканда, ушуну байкоо маашырлантат", -деп табалаган "Московский комсомолец" орус басылмасы Гренландия тууралуу өзүнүн макалаларынын биринде.

Американын Гренландияны аннексия кылам деп коркутканы кремчил комментаторлор тарабынан Орусиянын Украина менен согушун актоо үчүн колдонулуп жатат. Украинаны жеңүү Кремль үчүн башкы приоритет тейден калууда.

Москва Трамптын администрациясы менен жакшы мамиледе болуу бул максатка жетүүгө жардам берет деген ойдо болуп жатат.

Мына так ушул үчүн Орусия Дональд Трампты эмес, Европанын дарегине сын айтып жатат.