Испанияда поезддердин кагылышуусунан 39 адам каза болду

    • Author, Рэйчел Хэган
    • Role, Би-Би-Си
    • Author, Гарри Секулич
    • Role, Би-Би-Си
    • Author, Гай Хеджко
    • Role, Мадрид

Испаниянын чыгышында жогорку ылдамдыкта жүрүүчү поезддер кагылышкан жол кырсыгында кеминде 39 адам каза болду, буга чейин 21 адам каза болгону кабарланып, жергиликтүү бийлик курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертип жаткан. Бул Испаниядагы соңку он жылдыктагы эң чоң темир жол кырсыгы болуп жатат.

Кырсыкка кириптер болгондордун 73 адам бейтапканаларга оор жаракаттар менен жеткирилди, эки поездде биригип 400дөй жүргүнчү болгону кабарланууда. 24 адамдын жаракаты өтө оор экени, алардын төртөө балдар экенин Андалусиянын Чукул жардам көрсөтүү кызматынан такташты.

Инцидиент Адамус шаарына жакын, Кордоба каалаасынын жанында орун алган, жогорку ылдамдыктагы поезд Малага шаарынан Мадридди көздөй баратып, рельстен чыгып кетип башка жолго түшүп калган. Бул тууралуу темир жол түйүндөрүнүн оператору Адиф билдирди.

Рельстен чыгып кеткен поезд Мадридден Уэльваны көздөй бара жаткан башка поезд менен кагылышкан.

Бул инцидиент "аябай кызык" болуп жатат, деди Испаниянын Транспорт министри Пуэнте, себеби поезд түз жолдо кетип баратып эле былтыр майда оңдолуп-түздөлгөн рельстен чыгып кеткен. Ремонтко 700 миллион евро коромжуланып, поезд жапжаңы болгон, дейт министр. Ал кмөт тарабынан тартылган экперттер, "окуяга аябай тынчсызданып" жатышканын да кошучалады.

Каза таап, жарадар болгондордун көбү экинчи поезддин алдыңкы вагондорунда болгон Мадридден Уэльвге бара жаткан жүргүнчүлөр болгон.

Кырсыктын расмий себеби азырынча аныктала элек. Иликтөөнүн жыйынтыгы, жок дегенде, бир айга созулары күтүлүүдө.

Испаниянын премьер-министри Педро Санчез өлкө түндү "терең кайгы менен" өткөргөнүн айтты.

Малага шаарынан сапарды уюштурган Ирё аттуу жеке менчик темир жол компаниясы жолдон биринчи болуп чыгып кеткен поездде 300 жүргүнчү бар экенин айтса, ал эми кырсыкка кабылган экинчи поездде 100гө чукул адам болгонун дагы бир оператор - Ренфе билдирди.

Адамус шаарынын мэри Рафаэль Морено окуя болгон жерге барган биринчи адамдардан болду. Ал кырсыкты "коркунучтуу" деп сүрөттөдү.

Андалусиянын Тез жардам кызматы X платформасына кырсыктан аман калгандарды коомдук сайттарда алар тирүү экенин кабар берип пост жазууга үндөдү.

Поездден калган сыныктар аман калгандарды куткарып, өлгөндөрдүн сөөктөрүн алып чыгууда кыйынчылык жаратканын куткаруучулар айтышкан.

Кордоба шаарынын Өрт өчүрүү кызматынын башчысы Франциско Кармона Испаниянын RTVE коомдук телеканалына: "биз аман калган адамга жетүү үчүн биринчи өлгөндөрдү ал жерден тазаладык, бул оор, кыйын жумуш" деп айтты.

Адиф берген маалыматка ылайык, поезд Малагадан чыккандан он минуттан кийин - жергиликтүү убакыт менен 18:40та кагылышкан (Бишкек убактысы боюнча 23:40) кагылышкан. Компания каза болгондордун жакындарына Аточа, Севилья, Кордоба, Малага жана Уэльва станцияларында атайын жайларды уюштуруп берип жатканын айтты.

Мадрид менен Андалусиянын ортосундагы бардык каттамдар бул кырсыктан кийин токтотулду. Компания түндө терминалдар жаракат алган жүргүнчүлөр үчүн ачык болорун кабарлаган.

Кырсыкка кабылган поезд Freccia 1000 үлгүсүндө болгонун жана ал саатына 400 километр ылдамдыкка эсептелгенин италиялык темир жол компаниясынын басма сөз өкүлү Reuters маалымат агенттигине айтып берген.

Испаниянын Кызыл чырым уюму окуя болгон жерге колдоо иретинде тез жардам кызматтарын жөнөтүп, жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө психологиялык жардам сунуштады.

Кызыл чырым уюмунан Мигел Энжел Родригес RNE радиосуна: "Үй-бүлөлөр маалымат аз болгондуктан аябай оор абалда, тынчсызданып жатышат. Азыр аябай стресске салган учур болуп жатат", - деген.

Сальвадор Хименез аттуу RTVE журналисти да кырсыкка кабылган поезддердин биринде болгон, ал анын таасири "жер титирөөдөй" болгонун айтып берген.

"Мен биринчи поездде болчумун. Бир убакта жер титирегенге окшош нерсе болду, анан поезд рельстен чыгып кетти" , - деген Хименес.

Кийин ал X платформасына жакынкы спорттук борбордо автобустарды күтүп, "муздай түндү" башынан өткөргөн жүргүнчүлөрдүн арасында болгонун жазды.

Король Филипп VI жана королева Летисия жаңылыктарга "терең кайгыруу" менен көз салып жатканын айтышты.

"Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз, жакшы көрөрүбүздү билдирип, жарадар болгондордун тезинен сакайып кетишин тилейбиз", - делет королдук сарай X платформасында.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да көңүл айтышты.

"Менин ойлорум каза тапкандарда, алардын үй-бүлөсү жана бүт испан элинде. Франция силер менен",- деп жазды Макрон коомдук сайттарда.

2013-жылы Испанияда, жогорку ылдамдыктагы дагы бир поезд, түндүк-батыштагы Галисияда рельстен чыгып кетип, 80 адам каза таап, 140 киши жаракат алган эле.