You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украина: Юлия Тимошенкого козголгон кылмыш иштин чоо-жайы
Киев соту Украинанын мурдагы премьер-министри жана "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенкону Жогорку Раданын депутаттарын сатып алуу иши боюнча 750 миң доллар өлчөмүндө күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандоо чечимин чыгарды.
Алгач айыптоо тарап ага карата 50 млн гривна (болжол менен 1,4 млн доллар) өлчөмүндө күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандоону өтүнүп, ошондой эле Тимошенкого бир катар процессуалдык милдеттенмелерди жүктөөнү сураган. Алардын ичинде айыптоо тараптын чакыруусу боюнча келүү, Киев жана Киев облусунан чыкпоо, жумуш орду жана жашаган жери алмашканы тууралуу кабарлоо, ошондой эле ишке тиешеси бар тараптар менен байланышуудан алыс болуу талаптары бар.
Тимошенко кечээ эле анын эсептери бөгөттөлгөнүн, демек, өзү үчүн күрөө төлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганын айткан.
"Сюрреализм деген эмне? Бул — сен бир кездеги акылсыз "диктатордун" саясий куугунтугу үчүн кенемте катары алган акчаң менен, ачык эле буюртма болгон саясий иш боюнча күрөө төлөөнү пландаганың. Бирок муну кыла албайсың. Себеби соттун чечими чыга электе эле сенин эсептериңди бөгөттөп салышкан", — деп жазды ал Фейсбукта.
Тимошенко бардык айыптоолорду четке кагып, жаңы куугунтукту "саясаттагы жылдар ичиндеги биринчи саясий буюртма эмес" деп ырастоодо. Анын пикиринде, кылмыш иши шайлоо алдындагы кампаниянын бир бөлүгү болушу мүмкүн. "Шайлоо биз ойлогондон алда канча жакын окшойт. Кимдир бирөө атаандаштарын тазалоону баштоону чечиптир", — деп билдирди ал.
Соттук отурумдан кийин Тимошенко соттун чечими боюнча даттануу ниетин айтты, бирок эгер ал күчүндө калса, саясатчы зарыл болгон сумманы чогултуу үчүн досторунан жана кесиптештеринен жардам суроого туура келерин кошумчалады.
Тимошенко эмнеге айыпталууда?
13-январда Украинанын коррупцияга каршы органдары Жогорку Рададагы фракциялардын биринин жетекчисин коррупцияга тиешеси бар деп шектеп жатышканын билдиришкен. НАБУ (Украинанын улуттук коррупцияга каршы бюросу) жана САПтын (Адистештирилген антикоррупциялык прокуратура) маалыматы боюнча, бул саясатчы депутаттардын тигил же бул мыйзам долбоорлоруна "макул" же "каршы" добуш берүүсү үчүн пара сунуштаган.
Эртеси күнү Жогорку Рададагы "Батькивщина" фракциясынын башчысы Юлия Тимошенкого кызмат адамына мыйзамсыз артыкчылык сунуштоо беренеси боюнча шектенүү тууралуу билдирүү тапшырылды (Украина Кылмыш-жаза кодексинин 369-беренеси, 4-бөлүгү). Бул берене боюнча Тимошенко 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Тергөө версиясы боюнча, Тимошенко "айрым эл депутаттары менен добуш берүү учурунда лоялдуу мамиле кылуу үчүн мыйзамсыз артыкчылыктарды берүүнүн системалуу механизмин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгелеген".
Кеп бир жолку макулдашуулар эмес, алдын ала төлөмдөрдү караган жана узак мөөнөткө эсептелген үзгүлтүксүз кызматташтык механизми жөнүндө болуп жатканын коррупцияга каршы органдар билдиришти.
НАБУ ошондой эле Тимошенко катышты делген сүйлөшүүлөрдүн жашыруун жаздырууларын жарыялады. Видеодо ал белгисиз бир депутат менен, ал жана дагы эки башка депутат Радада "Батькивщина" сыяктуу эле добуш берүүсү тууралуу сүйлөшүп жатканы айтылат.
Буга чейин, өткөн жылдын декабрь айынын аягында, НАБУ жана САП курамында Украинанын азыркы эл депутаттары болгон уюшкан кылмыштуу топтун бетин ачканын жарыялашкан. Украин маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, кеп президентчил "Эл кызматчысы" (Слуга народа) партиясынын айрым депутаттары жөнүндө болушу мүмкүн.
Жума күнү сотто Тимошенко тергөөнүн материалдарын талдап чыгып, ага каршы көрсөтмөнү өзү жолуккан "Эл кызматчысы" партиясынын депутаты Игорь Копытин бериши мүмкүн деген жыйынтыкка келгенин айтты. Тимошенконун божомолунда, Копытинге каршы дагы иликтөө жүрүп жаткандыктан, ал "кысым алдында" ага жалаа жабышы мүмкүн. Расмий түрдө Копытинге каршы иш козголгону тууралуу кабарланган эмес.
Ошондой эле Тимошенко НАБУ жарыялаган жазуулар монтаждалган деп билдирди. Ал экспертиза өткөрүлгөнгө чейин, анын ичинде эл аралык экспертизасыз, бул жазууларды кылмыш ишине тиркөөгө болбой турганын айтты.
Ал өзүнүн куугунтукталышын президенттик шайлоого катыштырбоо аракети катары түшүндүрүп: "Мен Украинада бул фашисттик режимден өлкө кутулганча болом", — деп убада берди.
"Батькивщина" башчысы соттон ага карата эч кандай чектөөлөрдү колдонбоону суранды. "Мен сиздердин алдыңыздарда туруп ишендирип кетем: мен бир дагы чакырууну калтырбайм, анткени бул адамдардын жүзүн ачуу мен үчүн намыс иши", — деди саясатчы.