К. Мүсүров: Жетим-Тоону казабыз дегенде чоң чуу чыккан

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда кызуу талкууланган темалардын бири бул Жетим-Тоо кенин айланасында жүрүп жатат. Жетим-Тоо темирдин запасы боюнча дүйнөдөгү экинчи ири кен болуп саналат. Өлкөдө жаңы шайлоо өнөктүгү башталгандан бери бул кенди иштетип, Кытайдын карызын жабуу маселеси көтөрүлүүдө. Кен Нарын районунда жайгашып, тоо кыркасынын бир бөлүгү Орток айыл аймагына караштуу.

Кенди иштетүү боюнча жергиликтүү эл арасында кандай пикир бар? Бул суроо менен Орток айыл аймагынын мурдагы депутаты, айылдык мектептин директору Кеңешбек Мүсүровду кепке тарттык.

К.Мүсүров: Жетим-Тоо маселеси боюнча 2010- жылга чейин, Курманбек Бакиевдин заманында эки жыл күрөшкөнбүз. Айыл эли, жергиликтүү кеңештин депутаттары иштетебиз деген компаниялар менен соттошконго чейин бардык. 2010-жылдан кийин да чаласы калып, "Мэйлун ресурс" деген компания менен соттошуп Жогорку Сотко чейин жеттик. Акырында соттон утуп чыктык. Бүгүнкү күндө алардын лицензиясы жок. Элдин маанайын айтсам, буга каршы. Себеби, биздин жергиликтүү бюджетти, элдин жашоосунун негизги социалдык багытын мал-чарбасы түзөт. Ал жер болсо жайыт эсептелет. Жетим-Тоону иштетпеген күндө деле, азыр 10 жыл мурункуга караганда элдин жашоо деңгээли оңолуп калды. Ички миграция азайды. Кыскасын айтканда бул тоодогу кенди иштеткенге эл каршы. Бардыгы каршы пикирин билдирип эле келе жатат. 7-8 жыл мурун чалгындоо иштери жүргөн. Ошол чалгындоо иштери жүргөндө эле көп киши ден-соолугунан жабыркашты. Бул жактан балдар барып иштеп берген эле. Ошондо зыяндуу заттар көп чыгат экен деп, көздөрү көрбөй келгендер, бөйрөктөрү ооруп, кан басымдары көтөрүлүп кеткендер болгон экен.

Би-Би-Си: Тактай турган дагы бир маселе, административдик аймагын алганда ошол тоо-кени жайгашкан аймак сиздердин айылга тиешеси барбы?

К.Мүсүров: Жетим-Тоо өзү төрткө бөлүнөт: Даңги, Чаар-Жол, Молдо-Башы-1, Молдо-Башы-2. Даңги, Чаар-Жол жана Молдо-Башы-1дин теңи Орток айыл өкмөтүнө карайт. Биздин жайыт коммитетке тиешелүү. Ал эми, Молдо-Башы-1дин теңи, Молдо-Башы-2 бизге коңшулаш Дөбөлү айыл өкмөтүнө карайт. Мына ошол жер бизге тийиштүү, андан ары Молдо-Башы-2 ден ары карагай болуп, Көл жакка карап кетет да.

Би-Би-Си: Демек, сиздер, азыркы Эки Нарын айылы, Орток айыл өкмөтүнүн курамындабы?

К.Мүсүров: Ооба. Бизге Жетим-Тоонун, кен чыккан жердин теңинен көбү карайт.

Би-Би-Си: "Балким, ошол кенди иштетип, сырьёсунун бир бөлүгүн берип Кытайдын карызынан кутулсак болгудай" деген сунуштар болууда. Буга жергиликтүүлөрдүн пикири кандай?

К.Мүсүров: Эми тышкы карызды аны иштетип кутулабыз дегенин билбейт экем. Бирок аны иштетип баштаганда эле, бизде элдин жашоосу кыйындайт. Биринчиден, жайыт жоголот, экологиялык катастрофа сөзсүз түрдө болот. Ал жерде деген атайын бугу, марал питомниги бар. 1000ге чукул бугу, андан башка жапайы жаныбарлар кенди иштетип баштаганда бүт жок болот. Кыскасы, экологиялык чоң катастрофа болот.

Би-Би-Си: Мына ушул экологиялык көйгөй жаралат дегенди сиз эмнеге таянып айтып жатасыз? Адистер айттыбы, же өзүңүздөр эле болжоп жатасыздарбы?

К.Мүсүров: Эми бүгүнкү күндө Кумтөрдү көрүп жатпайсызбы. Мына бизден ат менен бастырганда эки күндө Кумтөргө барабыз. Мал айдап ошол жерге чейин барышат. Ал жерде мөңгүлөр шаркырап эрип жатат. Молдо-Башынын төрүндө анча жылдан бери жаткан мөңгү бар эле, анын баары бүт ээрип жок болду. Жылдан жылга мөңгү запасы азайды, суу тартыш болуп бара жатат. Жетим-Тоо көчсө мөңгүнүн баары жок болот, сугат суу тартыш болот деп эсептейбиз.

Би-Би-Си: Убагында ошол чалгындоо ишине сиздердин айылдаштар дагы катышкан турбайбы?

К.Мүсүров: Ондон ашык киши чалгындоого катышкан. Кол менен бүтүрчү жумуштарында иштеп беришкен.

Би-Би-Си: Ошол 2010-жылдары бул маселе көтөрүлгөндө элдин эң негизги каршылыгынын себеби эмнеде эле?

К.Мүсүров: Элдин эң негизги каршылыгы кенди иштетпейбиз, ачтырбайбыз, жер бузулат деп, ушуга каршы турушкан. Ууланабыз, көчүп кетебизби, каякка барабыз, башка бараар жерибиз жок. Жеке эле биздин айыл эмес, Нарын облусу бүт көтөрүлгөн.

Би-Би-Си: Кыргызстан өзү иштетсе эмне болот? Буга кандай дейсиздер?

К.Мүсүров: Эми, чет элдик компания иштейби, өзүбүздүн компания иштейби баары бир алар зыяндуу заттарды пайдаланып иштешет да. Алар жердин астынан келип алып кетпейт да. Окшош эле технология менен алышат. Бизде иштетсе, эбак эле канчалаган кендерди өзү иштетмек да. Бизде андай мүмкүнчүлүк жок иштеткенге. Өзүңүз билесиз, бул деген Кумтөрдөн он эсе кымбат турган жер. Анчалык биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Жергиликтүү компания иштетет дегенге мен ишене албай турам.