You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Биз муздун кертигин алгыбыз келет, бирок алар аны бизге бербей атышат". Трамп Давосто эмне тууралуу сүйлөдү
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
АКШ президенти Дональд Трамп Давостогу экономикалык форумда сөз сүйлөдү. Күтүлгөндөй эле, анын сөздөрүнүн көп бөлүгү "муздун бир кертиги" болгон Гренландияга арналды, президенттин пикиринде ал АКШнын бир бөлүгү болушу керек. Ошондой эле Трамп Украина менен келишимге келүүнүн зарылдыгын, НАТОнун иштеп турушуна Кошмо штаттарынын салымы жана анын администрациясынын көп сандагы ийгиликтери тууралуу бөлүштү.
Швейцарияга Трамп белгиленген убакыттан кеч келип, буга анын Air Force One учагынын бортундагы мүчүлүштүктөр себеп болду. Анын лайнери учары менен Сент-Эндрюстагы базага кайтып барууга мажбур болуп, Трампты жана анын командасын башка учакка отургузушкан.
Бирок форумга Трамп ал сүйлөчү убакыт жетишип келди. Өз сөзүн Трамп АКШнын мурдагы президентинин администрациясын сындоо менен баштады.
Ал демократтар Американы экономикалык жактан эле эмес, эл аралык аренада дагы алсыратып, бирок ал өзү жана анын командасы муну кайра калыбына келтирди, деди. "Экономикабыз гүлдөп атат", - дейт Трамп.
Европалык континент, Трамптын пикиринде, тескерисинче, өнүүгүнүн туура эмес жолуна түшүп алды. "Мен Европаны жакшы көрөм, ал өнүп-өссүн дейм, бирок ал туура эмес багыт менен баратат", - деди Трамп.
"Мен Гренландияны колго алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү тездетип жатам"
Европаны сындап болгондон кийин Трамп күтүлгөндөй эле сөзүнүн негизги бөлүгүнө өттү, бул - АКШнын Даниянын карамагына караган Гренландияга болгон көз артуусу.
Трамп Даниянын бул аралдагы "эч бир белгиси" жок экенин, АКШ гана "муздун эбегейсиз чоң кертигин" керектүү деңгээлде коргоп, өнүктүрө аларын айтты.
"Мен Гренландияны алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетип атам", - деди Трамп, анын пикиринде аймакты сатып алам дегендикте "эч бир жамандык жок".
Ал ошондой эле, АКШ кааласа бардык нерсеге күч менен жете аларын, бирок андай кылгысы келбей жатканын билдирди.
"Азыр мен бир эле нерсени - Гренландияны сурап атам. Бул кичине эле сураныч. Силер "ооба" дей аласыңар, биз анда аябай ыраазы болмокпуз, же силер "жок" деп да айта аласыңар, аны биз эске түйүп калабыз", - дейт ал.
Трамп НАТОго АКШ жасап жаткан нерселерге салыштырмалуу өзүнүн бул "суранычын" "кичине эле" деп атады.
" Биз муз кертигине дүйнөнү коргоо үчүн ээ болгубуз келип жатат", - деп кейиди Америка президенти.
Бирок ошол эле маалда Трамп Гренландияны бир нече жолу Исландия деп айтып алып атты.
Трамп такай эле Гренландия АКШнын курамына кириши керектигин айтып, бул Орусия жана Кытай тараптан болчу коркунучтарга байланыштуу коопсуздуктан улам зарыл дейт. Бирок Москва менен Бээжин мындай ниеттери бар экенин ачык билдиришкен эмес.
Трамп Гренландиянын АКШнын коопсуздугу үчүн мааниси чоң экенин айтат, себеби ал Түндүк Америка жана Арктиканын ортосунда жайгашкандыктан ракеталык чабуулдардан эртелей коргоонуу системаларын орнотууга жана региондогу суудагы кыймылга байкоо салууга ыңгайлуу.
Бирок АКШ менен Даниянын ортосундагы буга чейин ишке ашкан келишимдер аркылуу деле Америка азыр Гренландияда канча аскер кааласа, ошончо жайгаштыра алат.
Путин менен Зеленский макулдашууга барбаса, "акылы жоктор болушат"
Американын НАТОго болгон салымын айтып жатып, Трамп альянс Украинадагы согушту токтотууга жардам бериши керек деди.
"Алар бул согушту токтотушу керек, себеби абдан көп адамдар бейкүнөө эле каза болуп жатышат", - деп ал АКШ НАТОго жана Европага бул маселеде жардам берерин кошумчалады.
Бул жерде дагы ал Вашингтон сураган бир эле нерсе бул - "муздун бир кертиги" экенин кыпчый кетти.
Трамптын оюнча, украин президенти Владимир Зеленский жана орус президенти Владимир Путин дээрлик төрт жылга созулган согушка чекит койгулары келет.
"Мен алар келесоо эмес экенин билем. Бирок алар муну кылбаса (ред.келишимге барбаса) анда келесоо болушат. Эч кимди таарынткым келбейт, бирок келишимге келүүнүн сааты келди", - дейт ал.
Трамп ошондой эле, анын алдыда Зеленский менен жолугуушусу бар экенин билдирди. Украин лидери буга чейин Давоска барары же барбасы тууралуу анжы пикирде болуп атканын, себеби форумдун негизги темасы Украина эмес Гренландия болору күтүлүп жатканын айткан.
Шаршембиде НАТОнун баш катчысы Марк Рютте дүйнө лидерлерин АКШнын басымына алдырбай, башкы фокус Украинаны орус агрессиясынан коргоо болушу керектигин эскерткен.
ММКлардын өздүк булактарынын маалыматтарына ылайык, Трамп менен Зеленский шаршембиде эмес, бейшемби күнү жолукканы жатат. Axios басылмасы маектешкен бир булак бул жолугушуу АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер Москвага Путин менен жолугушууга барардын алдында орун аларын айтып берген.
"АКШ бүт дүйнөнү каржылоого кызыкдар эмес"
Суроо-жооп маалында Трамп өзүнүн бажы саясатынын ийгиликтери менен бөлүштү. Бул кадам америкалыктардын, башка өлкөлөрдөй болуп он эселеп ашык акча төлөбөй товарларга болгон мүмкүнчүлүгүн камсыздоого багытталган.
Ал француз президенти Эммануэль Макрон менен болгон бир сүйлөшүүсү тууралуу токтолуп, эгер Макрон дары-дармекке болгон баалар тууралуу Трамптын талаптарына ынабаса, француз товарларларына бажы төлөмдөрүн киргизүү менен коркутканын да айтты.
"АКШ дүйнө жүзүн субсидиялагысы келбейт. Биз бардык жерде эң төмөн баа менен төлөйбүз", - дейт Трамп.
Анын пикиринде, бажы саясатынын аркасында дары-дармекке баа бардык жерде арзандады: "тарифтери жок мен муну камсыздай алмак эмесмин", - деди.
Ошондой эле Трамп, ал АКШ президенти болуп шайланганы үчүн "жаңы жашыл көз боемочулуктан" кутулушканын, болбосо "балким, бул тарыхтагы эң ири алдамчылык болмогун" да айтты.
Айтымында, мурунку администрациянын так ушул "жашыл саясатынан" улам мунайга баа өсүп кеткен.
Трамп анын президенттигинин тушунда мунай менен газды өндүрүшү өскөнүн, ошондой эле АКШ Венесуэладан 50 миллион мунай бареллин "конфискациялаганын" билдирди.
"Чабуул бүткөндөн кийин (ред. Венесуэлага болгон) алар: "Келгиле, келишимге келели" дешти. Көптөр ушинтиши керек", - деди Трамп.
Айтымында, жакынкы алты айда Венесуэлада "соңку 20 жылда болуп көрбөгөндөй көп акча" иштелет.
Трамп Европа өлкөлөрүнө тариф салбай турган болду
Дональд Трамп Европа өлкөлөрүн Гренландияны коргогону үчүн кошумча тарифтер менен коркутуп жаткан эле, бирок шаршембиде ал азырынча ага барбасын жар салды.
Мындай билдирүүсүн Трамп Truth Social коомдук сайтында Давосто НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолугушуудан кийин жазды.
"НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен болгон үзүрлүү жолугушуудан кийин Гренландия, бүт Арктика региону боюнча боло турчу келишимдин ченемдерин аныктадык", - деп жазды Трамп. - Бул келишим эгер бир жаңсыл аныкталса, АКШ жана НАТОнун башка өлкөлөрү үчүн мыкты келишим болот. Ушундан улам мен 1-февралдан тарта кирери пландалган тарифтерди киргизбей турган болдум".
Кошмо штаттарынын президенти Америка "Алтын купол" жана "Гренландия" тууралуу сүйлөшүүлөр өткөрүп жатканын айтты. "Алтын купол" - бул ракетадан коргоонуу ири системасы, анын курулушу башталганын Трамп былтыр жар салган эле.
Трамптын айтымы боюнча, мындан ары сүйлөшүүлөр менен вице-президент Жей Ди Вэнс, мамкатчы Марко Рубио, атайын чабарман Стив Уиткофф жана башкалар алектенмекчи.
Трамп "Алтын Купол" тууралуу Давосто Гренландия тууралуу сүйлөп жатып да айта кетти.
Рютте менен менен жолугушуу форумда ишке ашты.
Бажы төлөмдөрү тууралуу посттун чыгаргандан кийин Трамп CNBC телекомпаниясына эми сүйлөшүүлөр тууралуу "макулдашуу концепциясы" даяр экенин жана ал Гренландия боюнча эмнени кааласа ошону камтырын билдирди.