You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия Украинага 94 дрон менен чабуул жасады
22-январга караган түнү Орусия Украинага 94 дрон менен чабуул жасап, анын сексени атып түшүрүлүп же зыянсыздандырылганын Украинанын Абадан коргоонуу күчтөрү маалымдады. Ал эми Украинанын улуттук полициясы шаршембидеги Орусиянын чабуулунан эки адам каза тапканын билдирди.
Бир бейпил жаран Краматорскто орусиялык аскерлер үч бомба таштаганда каза болуп, бир киши жарадар болгон.
Донецк облусундагы Краматорск районундагы Дружковдо дагы бир адам дрондордун чабуулунан каза таап, эки жаран жаракаттар алганы маалымдалууда.
Одесса облусунда кечээки дрондордун соккуларынан 2009-жылы бир өспүрүм каза болгону такталды.
Орус бийлиги бул туурасында комментарий бере элек.
Ал маалда Украинанын президенти Владимир Зеленский Давоско учуп келип, ал жакта ал АКШ президенти Дональд Трамп менен жолукканы жатат.
Америкалык президенттин атайын чабарманы Стив Уиткофф жана анын күйөө баласы Жаред Кушнер бейшемби күнү Москвага сапар алып, орус президенти Владимир Путин менен жолукмакчы.
Америкалыктар жакында Давосто украин делегациясы менен сүйлөшүүлөр өткөрүп, Уиткофф ал ийгиликтүү өткөнүн айтты. Атайын чабармандын айтымында сүйлөшүүлөр чеччү бир эле маселеге барып такалып атат.
"Бизде бир эле маселе калды. Биз аны бир нече жолу талкуулаганбыз, бул - эгер эки тарап тең буга даяр болсо, аны чечсе болот дегенди билдирет", -деди Уиткофф, бирок сөз эмне тууралуу болуп жатканын ачыктаган жок.
Путин Орусия Трамп сунуштап жаткан "Бейпилдик кеңешке" кирүүгө макул болуп жатат, бирок ага мүчөлүккө салчу миллиард долларды ал АКШда тоңдурулган орус активдеринен алууну сунуштоодо.
Ал арада Киевде 3 миңдей көп кабаттуу турак-жай 9-январдагы Орусиянын жылуулук берүүчү инфраструктурага жасаган чабуулунан кийин жылуулугу жок кала берүүдө. Шаардын мэри Виталий Кличко телеграм-каналына түнү имараттарга жылуулук бериле баштарын кечээ кечинде билдирген.
9 жана 20-январда орун алган чабуулдарда 3 миң 260 көп кабаттуу үйдүн жылуулук системасы жабыркаган.