Негизги талапкердин легитимдүүлүгү жөнүндө маселе

Президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоого саналуу күндөр калганда Садыр Жапаровдун талапкерлигинин легитимдүүлүгү жөнүндө маселе кайрадан көтөрүлдү. Убагында президенттин милдетин аткаруучу болгон себептүү анын шайлоого талапкер болуп катышканы мыйзамсыз деген билдирүүлөр болду. Конституциялык палата, Башкы прокуратура, Борбордук Шайлоо комиссиясы унчукпаган менен саясий коомчулук бул маселени кайра-кайра козгой берет окшойт.

Садыр Жапаровдун президенттикке талапкер болуп катышканы канчалык мыйзамдуу деген суроону бул жолу Шайлоочулар ассоциациясынын президенти Бакыт Керимбеков көтөрүп чыкты. Анын айтымында, аталган талапкер премьер-министр болуп турганда президенттин милдетин аткаруучу болгону үчүн баш мыйзамда каралган эреже талап боюнча шайлоого талапкер болуп катышууга укугу жок болчу.

"Садыр Жапаровду жоопкерчиликке тартыш керек. Эмне үчүн? Бул бийликти алып алып, өзү жарлыктарды чыгарып, элдерин коюп, шайлоого даярданып койду. Президенттин милдетин аткарган адамдар президенттикке талапкер болбош керек деп эмнеге жазылып турат. Мунун мааниси бар да. Булар президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда даярдап коюшат экен баарын шайлоого. Азыр өзүңөр көрүп атасыңар, ким үгүт иштерин жүргүзүп атканын, Жапаров эле",-деди Бакыт Керимбеков.

15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматынан кеткенде баш мыйзамдын талабы боюнча ошол убакта Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруучу болуп калышы керек эле. Бирок ал бул милдетти аткаруудан өз ыктыяры менен баш тартып, президенттин милдетин аткаруу ошол убактагы премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлгөн. Бакыт Керимбековдин жүйөсүндө, Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартканынын өзү мыйзамсыз болгон, ошол себептүү мыйзам бузулганы үчүн Сооронбай Жээнбеков дагы, Канатбек Исаев жана Садыр Жапаров үчөөнүн тең жоопкерчилигин караш керек дейт.

Бакыт Керимбеков баш мыйзамдын талаптарын одоно бузган талапкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө маселени азыр эле көрө калган эмес. Ал буга чейин тийиштүү арыз менен Башкы прокуратурага кайрылганын, бирок ал жактан жогорку бийлик адамдарынын ишин караганга болбойт деген жооп алганын айтууда.

"Жапаровго...жол ачылат"

Айтмакчы, Садыр Жапаров премьер-министр болуп турган учурда анын президенттикке талапкер боло албасы жөнүндө маселе абдан көп талкууланган эле. Ошондо конституцияны жоруган адистер толтура жоромолдорун айтышкан. Анын ичинде БШКнын укук адиси Жыргалбек Турдукожоев дагы бул тема боюнча Би-Би-Сиге өзүнчө маек куруп, Садыр Жапаровго шайлоого талапкер болуп катышууга мүмкүнчүлүк берген шарттар жөнүндө өзүнчө сөз кылган эле.

"Мындай болгондон кийин, Канат Исаев укуктук жагынан да, моралдык жагынан да, Жогорку Кеңештин төрагасы болгонго укугу жок. Ал өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырышы керек. Ошондо анын ордуна башка бирөө шайланат. Ал өз кезегинде Конституциянын алкагында президенттин милдетин аткаруучу болуп калат. Ошондо Садыр Жапаровго президенттикке өзүнүн талапкерлигин койгонго жол ачылат",-деген эле БШКнын эксперти.

Эми шайлоого саналуу күн калганда, негизги талапкердин шайлоого катышканы мыйзамдуу-мыйзамсыз деп талашып-тартышуунун мааниси канча деген да суроо болбой койбойт. Бирок, шайлоо өткөндөн кийин жеңилген талапкерлер үчүн бул шайлоонун легитимдүулүгүн талашып-тартышууга өзүнчө бир себеп болуп бериши мүмкүн дешет. Ансыз деле азыр шайлоодо теңчилик болбой калды, административдик ресурс бир талапкерге иштеди деген нааразылык барган сайын күчөп баратканын байкоо кыйын эмес. (КС)