Трамптын Тынчтык кеңешине кимдер кирди?

    • Author, Паула Адамо Идоэта
    • Role, Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Давосто жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк экономикалык форумда Доналд Трамп өзүнүн Тынчтык кеңеши боюнча демилгесин жарыялады. Дүйнөлүк лидерлер анын келечектеги ролу боюнча сактык менен мамиле кылып жатышат.

Аталган кеңешке АКШнын президенти төрагалык кылат жана кызмат президенттик мөөнөтүнө байланган эмес. Трамп ондогон дүйнөлүк лидерлерге чакыруу жөнөткөн.

"Кеңеш толугу менен куралганда өзүбүз каалаган нерсени жасай алабыз. Аны биз Бириккен Улуттар Уюму менен биргеликте кылабыз", – деди Трамп. Сынчылардын оюнча, аталган кеңеш БУУнун айрым функцияларын өзүнө алып алган сыяктуу.

Бул идея башында Трамптын Газа боюнча 20-беренеден турган тынчтык программасынын бир бөлүгү катары сунушталган. Бирок азыр АКШ аны жаңжалдарды жөнгө салуучу эл аралык уюм катары сунуштап жатат.

Анда туруктуу мүчө болуп кирүү үчүн $1 млрд төлөө керек болот.

Мүчө болуп кирерин айткан өлкөлөрдүн катарында Израил, Сауд Арабиясы, Египет, Түркия, Аргентина жана Индонезия бар. Бирок ага азырынча АКШдан сырткары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эч бир мүчөсү кире элек.

Анын аткаруучу кеңешинин курамына Тони Блэр жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер кирген. Блэр 2003-жылы АКШ башында турган Иракты басып алуу операциясына британиялык күчтөрдү жиберген Британиянын мурдагы өкмөт башчысы. Анда эч бир палестиналык жок.

Трамптын Тынчтык кеңешине кимдер кирүүгө макул болду?

Албания - премьер-министр Эди Рама

Аргентина - президент Хавьер Милей

Венгрия - премьер-министр Виктор Орбан

Израил - премьер-министр Биньямин Нетаньяху

Катар - премьер-министр Мухаммед бин Абдулрахман

Казакстан - президент Касым-Жомарт Токаев

Парагвай - президент Сантьяго Пенья

Өзбекстан - президент Шавкат Мирзиеев

Вьетнамдын Коммунисттик партиясынын баш катчысы То Лам дагы сунушту кабыл алганы айтылууда, ал эми Беларустун президенти Александр Лукашенко "катышууга даяр" экенин билдирген.

Канаданын премьер-министри Марк Карни негизинен макул болгонун айткан, бирок каржы министри мүчө болуу үчүн $1 млрд төлөбөсүн билдирген.

Кайсы өлкөлөр азырынча кошула элек?

Британиянын тышкы иштер министри Иветт Купер билдиргендей, Британия азырынча Тынтчык кеңешине кирбейт. Анткени ага Орусиянын президенти Владимир Путин кошулуп калышы ыктымал.

Купер Би-Би-Сиге билдиргендей, Британия кеңешке кошулууга чакыруу алган, бирок Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдагы салтанатта "бүгүн кол койгондордун бири болбойт".

Словениянын премьер-министри Роберт Голоб сунушту четке кагып, бул "жалпы эл аралык тартипке кооптуу кырдаал жаратарын" айткан.

Салтанатка катышпаган башка өлкөлөрдүн катарында Франция, Германия, Норвегия, Швеция жана Дания бар.

Трамптын Тынчтык келишимине кирүү үчүн эмне керектелет?

Кеңештин түптөлүшү жөнүндө ачыкка чыгып кеткен документте айтылгандай, үч мамлекет уставды аткарууга расмий түрдө макул болсо, устав күчүнө кирет. Мүчө мамлекеттер үч жыл сайын мүчөлүктү узартып турушу керек болот. Ал эми $1 млрд төлөгөндөргө туруктуу мүчөлүккө кирүү мүмкүнчүлүгү берилет.

АКШнын аткаминери CBS News телеканалына айткандай, кеңешке кирүү үчүн эч кандай талап коюлбайт, бирок туруктуу мүчө болгусу келгендер, үч жылдык мүчөлүктүн ордуна $1 млрд төлөөсү керектелет.

Расмийлер кошумчалагандай, бул каражат Газаны кайра калыбына келтирүүгө жумшалат.

Reuters маалымат агенттиги көргөн каттын көчүрмөсүнө жана уставдын долбооруна ылайык, Трамп АКШ президенттигинен кетсе дагы өмүр бою төрагалык кыла турган кеңеш кийинчерээк башка жаңжалдарга дагы көңүл бура баштайт.

Трамптын Тынчтык кеңеши БУУга доо кетиреби?

Трамп катта айткандай, кеңеш "дүйнөлүк жаңжалды чечүү боюнча чечкиндүү кадамдарга барат". Дал ушул билдирүү БУУнун Коопсуздук кеңешине доо кетирүүчү кадам катары кабыл алынган. Анткени учурда БУУнун Коопсуздук кеңеши тынчтык орнотуу жана ошондой эле эл аралык санкциялар үчүн жооптуу орган.

Израилдин Haaretz гезити кабарлагандай, Тынчтык кеңешинин уставынын башында "кыйла ийкемдүү жана натыйжалуу эл аралык тынчтык орнотуу органын" түзүү муктаждыгы жаралганына басым жасалат жана узак мөөнөттүүү тынчтык үчүн "көбүнесе иштебеген институттардан оолактоо эрдигин көрсөтүү" керек экени кошумчаланат.

Тынчтык кеңеши боюнча өзүнүн билдирүүсүндө Ак үйдөн билдиришкендей, "Бул чек белги БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2803 резолюциясына толугу менен дал келет".

Бирок Франциянын президенти Эммануэл Макронго жакын булак AFP маалымат агенттигине билдиришинче, устав "Газанын алкагынан чыгып кеткен". Ал төмөнкүчө кошумчалаган: "Анда чоң маселелер бар, айрыкча БУУнун принциптери жана түзүлүшү боюнча көйгөй жаратат. БУУнун иши боюнча эч кандай маселе жаралбашы керек".

Ал ортодо Куинси мамлекеттик башкаруу институтунун өкүлү Халид Элгинди Reuters агенттигине төмөнкүлөрдү айткан: "Администрация Тынчтык кеңешинин кулачын кеңейтүүнү каалагандай таасир калтырууда жана азыркы БУУ системасынын ордун ээлөө жөнүндө сөз болуп жаткандай".

"Ошондо Газа башталышы болушу ыктымал, бирок Трамптын администрациясы үчүн бул кеңештин бүтүшүн билдирбейт".

Трамптын администрациясы АКШ тараптан БУУну каржылоону кыскарткан. АКШнын ветосу менен Газадагы согушту токтотуу боюнча Коопсуздук кеңешинин чара көрүү аракетине бөгөт коюлган. 2026-жылдын 7-январында Трамп "АКШнын кызыкчылыгына каршы иштейт" деген негизде БУУнун 31 түзүмүнөн чыгуу боюнча меморандумга кол койгон. Анын ичинде БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конвенциясы жана БУУнун Демократиялык фонду бар.

Эч бир аткаруучу кеңеште палестиналыктар жок. Газа боюнча аткаруучу кеңешке бир израилдик кирген. Ал Израилде төрөлгөн, бирок учурда Кипрде жашаган, кыймылсыз мүлк менен шугулданган миллиардер Якир Габай. Бирок ага Израилдин Газа тилкесиндеги согушуна карата сын көз караштагы Катар жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн жогорку мансаптуу саясатчылар да кирген.

Палестиналыктар "кыйла кеңейтилген курамда өкүлчүлүк" аларын күткөнүн айтат саясатчы Мустафа Баргути Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматына курган маегинде.

"Ал айрым эл аралык элементтерди камтыган Американын эле кеңеши сыяктуу", – деген ал.

Ал Газаны кайра курууга шарт түзүү үчүн Израил Рафах өткөрмө бекетин ачарынан күмөн санап жатат.

Ал эми Израил аткаруучу кеңештин курамын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдөн чыгарылганын айткан. Бул "Израил менен координацияланган эмес жана анын саясатына каршы келет", – деген премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун администрациясынан.

Израилдин оппозиция башчысы Яир Лапид бул билдирүүнү "Израил үчүн дипломатиялык жоготуу" деп атаган. Өлкөнүн Улуттук коосуздук министри жана ашынган оңчул Итамар Бен-Гвир X платформасында төмөнкүчө жазып чыгарган: "Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү үчүн эч кандай административдик комитеттин кереги жок. Ал жактагы Хамастын террористтерин жок кылыш керек".

Трамптын Тынчтык кеңеши кандай иштейт?

Тынчтык кеңеши менен катар дагы эки жогорку деңгээлдеги кеңеш жарыяланды:

Инвестиция жана дипломатияга басым жасаган жогорку деңгээлдеги "негиздөөчү Аткаруучу кеңеш"

Газаны башкаруу боюнча улуттук комитеттин ишин көзөмөлдөгөн "Газа аткаруучу кеңеши". Технократтар комитети Газаны кайра куруу жана убактылуу башкаруу боюнча тапшырманы аткарышат

Ак үйдөн айтышкандай, аталган кеңештерге киргендер "Газа элинин өнүгүүсүнө, тынчтыгына жана туруктуулугуна өбөлгө түзгөн натыйжалуу башкарууну жана өз тармагында эң жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүүнү" камсыздоонун үстүнөн иштешмекчи.

Трамп жети кишиден турган "негиздөөчү Аткаруучу кеңешти" башкарат. Ак үйдүн маалыматы боюнча, бул кеңеш Газаны кайра куруунун кийинки баскычын жетектейт. Анын курамында төмөнкүлөр бар:

  • АКШнын мамкатчысы Марко Рубио
  • Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Стив Уиткофф
  • Күйөө баласы Жаред Кушнер

Аталган кеңештин курамына Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр дагы кирген. Анын кириши бир аз талаштуу, анткени 2003-жылы ал Британияны Ирак согушуна аралаштырган эле. Анда Иракта массалык кыргын куралдары бар деген жүйө келтирилген болчу, бирок кийин бул маалымат калп болуп чыккан.

Ак үйдүн маалыматына ылайык, ар бир мүчө "Газадагы кырдаалды турукташтырууга багытталган олуттуу" портфолиого ээлик кылат.

Трамптын Тынчтык кеңешинде палестиналыктар менен израилдиктер барбы?

Трамптын Тынчтык кеңеши Газаны оңдой алабы?

БУУнун божомолу боюнча, Газадагы имараттардын болжолдуу 80% кыйрап же зыянга учураган. Жалпы урандынын көлөмү 60 млн тоннага жеткен. Үй-жайсыз калган үй-бүлөлөр кыштын суугунда жабыркап, баш калкалар жери чектелип, азык-түлүк тартыштыгына туш болууда.

Жардам көрсөткөн топтордон айтышкандай, кырдаал жакшырган, бирок Израил алардын ишине чектөөлөрдү киргизүүнү улантууда.

Израил гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча кызматташып жатканын айтууда. Ал эми чектөөлөр Хамастын Газага кирип кетүүсүн жана жардам көрсөтүү аракеттеринен кыянат пайдалануусун болтурбоого багытталган. Израил БУУну Газага жеткирилген жардамды таратпай жатат деп айыптоодо.

Эң чоң маселе ок атышуунун токтотуу режимин сактоо болуп жаткан болушу ыктымал.

Хамас болсо Палестина мамлекетин негиздөө жөнүндө кененирээк макулдашуунун алкагында куралдарды таштай турганын билдирген. Газа тилкесинин көпчүлүк аймагын көзөмөлдөп турган Израил Хамас куралдарды таштаса гана аскерлерин чыгарып кетерин айтууда.

Трамптын Тынчтык кеңеши канчалык ыкчам өзгөрүү алып келе аларын жана аймакта узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу боюнча кандай кадамдарга барарын убакыт көрсөтөт.

Трамптын Тынчтык кеңешине кимдер чакырылды?

Маалыматтар боюнча, Трамптын Тынчтык кеңешине ондогон дүйнөлүк лидерлерге чакыруу каты жөнөтүлгөн. Мисалы:

  • Австралиянын премьер-министри Энтони Альбанезе
  • Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва
  • Кипрдин президенти Никос Христодулидис
  • Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси
  • Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен
  • Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис
  • Индиянын премьер-министри Нарендра Моди
  • Иорданиянын премьер-министри Жафар Хассан
  • Пакистандын президенти Асиф Али Зардари
  • Польшанын президенти Карол Навроцкий
  • Орусиянын президенти Владимир Путин
  • Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган
  • Британиянын премьер-министри Кир Стармер

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Кристофер Лаксон дагы кеңешке чакырылган жана ал бул боюнча "тийиштүү көңүл" буруларын айткан.

Тайланддын тышкы иштер министри дагы маселени карап жатканын билдирген.