You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Бизди өткөрбөй жатат, Кыргызстанда балдарым калды". Кыргыз-казак чек арасындагы жаңы эрежелер
Кыргызстанга келип-кетип, убактылуу жашап, иштеп жүргөн же Кыргызстанда окуган ондогон Казакстандын жарандары өлкөгө кире албай калды. Алардын арасында ар кандай шартта казак жарандыгын алып калган кыргыздар да көп. Алардын маселеси 22-январда Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү. 1-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Казакстандын жарандары эки өлкөдө 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашык каттоосу жок жүрсө, анда кийинки 90 күндө кайра кире албай турган эреже иштей баштаган.
Кыргызстанды туруктуу жашап, бирок жарандыгы казак болгондугу үчүн Кыргызстанга кире албай калгандардын бири - Элмира. Ал өзүнүн окуясын БИ-БИ-СИге айтып берди:
"Акыркы жолу январь айында Казакстандын чек арасынан өтүп, ошол эле күнү кайра артка кайтмакмын. Бирок чек арачылар: "Сиздин мөөнөтүңүз аяктаган, эми кире албайсыз", — деп өткөрбөй коюшту".
Элмира Кыргызстанда төрөлүп-өскөн. Кийинчерээк турмуш шарттарына байланыштуу Казакстанга көчүп кетип, ошол жактын жарандыгын алган. Бирок балдары чоңойгондо кайра Кыргызстанга кайтып келишкен. Балдары - кыргыз жарандары жана Кыргызстанда турушат. Өзү болсо Алматыда туугандарынын үйүндө жашоого аргасыз. Анын айтымында, чек арадан жагдайдан улам мындай абалга туш болгондор өтө көп.
"Мен кимге гана кайрылган жокмун! Элчиликке да, Тышкы иштер министрлигине да жаздым. WhatsApp жана электрондук почта аркылуу бир нече ирет байланышууга аракет кылдым, бирок баары жоопсуз калды. Мага окшогон адамдар абдан көп. Айла жок, 90 күн күтөт окшойм".
"Бизди биринчи жолкуда кечирип коюшса..."
Элмирага окшоп Кыргызстанга кире албай калган башка адамдардын да видеолору социалдык тармактарга жарыяланууда. Алардын биринде улгайган адамдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып жатканын көрүүгө болот:
— Садыр Жапаров, биз бүгүн чек арадан Кордойду көздөй өтүп жатканда унчукпай эле өткөрүшкөн. Кайра артка келе жатканда: "Үч ай Казакстанда жашайсыңар", — деп жатышат. Биздин Казакстанда тууган-уругубуз, үйүбүз, акчабыз, жатар жерибиз жок. Кыйын абалда калдык.
— Казакстанга барып кайра келе жатсак өткөрбөй койду. Бара жатканда эч нерсе дешкен эмес. Эртеден бери отурабыз, айланайын балам, жардам берип кой. Ачка отурабыз. Кан басымыбыз бар, жашыбыз 80ге келип калды. Майда балдарыбыз да бар, ызы-чуу болуп ушул жерде турабыз.
— Биз бул жаңы мыйзамды билген жокпуз. Бизди биринчи жолкуда кечирип коюшса... Жалаң пенсионерлер, балдар ушул жердебиз. Үйдө неберем каралбай калды, майып абышкам бар. Айып пулдарын төлөп бергенге даярбыз, бизди аягылачы.
Чек арадагы абал парламентте да көтөрүлдү
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 22-январдагы парламенттин жыйынында Казакстандын жарандары үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин жеңилдетүүнү сунуштады. Эл өкүлү "визаран" тартиби жоюлгандан кийин пайда болгон көйгөйлөрдөн улам үй-бүлөлөр жана студенттер жабыркап жатканын белгиледи:
"Көптөгөн казак жарандары кире албай калды. Азыр үй-бүлөлөр ажырап жатат. Мисалы, аялы же баласы Казакстандын жараны болсо, алар бул жакка кире албай жатышат. Биз муну карашыбыз керек. Студенттерге да бир топ ыңгайсыздык жаралды. Казакстанда да ушундай мыйзам бар, мен түшүнүп жатам. Бирок биз өзүбүздүн адамдарга ушуну ыңгайлуу кылалы. Тышкы иштер министрлигине тапшырма берели, карап чыгышсын".
Ошондой эле депутат спикерден маселени карап чыгуу жана зарыл болсо мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн тармактык комитетке протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.
Жаңы эреже жана анын талаптары
2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстандын жарандары Казакстанда 180 күндүк мөөнөттүн ичинде 90 күндөн ашык эмес убакыт жүрө алышат. Казакстандын жарандары үчүн да ушундай эле эрежелер Кыргызстанда да иштей баштаган.
Кыргызстан жаңы эрежелерди паритеттүү же эки тараптын бирдей чечими деп түшүндүрүүдө. Казакстан ушундай эрежеге өтүүнү кабыл алгандан кийин Кыргызстанда ошол кадамга барган.
Ага ылайык, эгерде Казакстандын жараны Кыргызстанда ар бир 180 күндүн ичинде уруксат берилген 90 күндүк мөөнөттөн ашык каттоосу жок жүрсө, ага кийинки жолу өлкөгө кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Кыргызстандын аймагында 90 күндөн ашык болуу үчүн Казакстан Республикасынын жарандары атайын органдарга кайрылып, убактылуу жашоого уруксат алышы керек.
Убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн үй-бүлөнүн биригүүсү, иштегендер үчүн эмгек келишими, окуу жайларында билим алуу, дарылануу же ишкерлик менен алектенүү сыяктуу негиздердин бири болушу шарт.
Жогоруда айтылгандай, ушул эле эрежелер 2025-жылдын 1-сентябрынан баштап Казакстанга кирген кыргыз жарандары үчүн да колдонула баштаган.
Ага чейин визаран тартиби иштеп келген. Адам өлкөдө жүрүү мөөнөтү (мисалы, 60 же 90 күн) аяктап калганда, чек арадан чыгып, коңшу өлкөгө кирип, ошол эле замат же бир аз убакыттан кийин кайра артка кайтып келет. Чек арадан кайра киргенде, ага жаңы мөөнөт (жаңы штамп) берилип, жүрүү мөөнөтү нөлдөн баштап кайра эсептеле баштайт. Бул ыкма менен адамдар эч кандай виза же жашоого уруксат албай эле, жылдап жашай беришчү.