You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Казакстандагы ала качууга көнбөй койгон кыздын өлүмү: аны аңдыган эркекке чара көрбөгөн полицияга иш козголду
- Author, Айсымбат Токоева
- Role, Би-би-си
Казакстандын ИИМи Шымкенттин 21 жаштагы тургуну Нурай Серикбай каза тапкандан кийин жергиликтүү полицияга кылмыш ишин козгоду. Адам өлтүрүүгө шектелип маркум кызды ала качып үйлөнгүсү келип, аны көптөн бери аны аңдып жүргөн эркек киши кармалды. Кыздын туугандары берки киши жаш кызды буга чейин бир жолу алып качып кеткенде полицияга жана прокуратурага жардам сурап кайрылышкан, бирок көмөк көрсөтүлгөн эмес.
Былтыр октябрда Нурай Серикбайды 28 жаштагы анын таанышы ала качып кеткенде кылмыш ишин козгобогон полициянын кызматкерлерине шалаакылык беренеси менен кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу журналисттерге ИИМ министринин орун басары Санжар Адилов Казакстандын парламентинде журналисттерге билдирген. Мында сөз өлкөдөгү кызматкерлеринин саны боюнча үчүнчү орунда турган Шымкент полиция департаментинин өкүлдөрү тууралуу болуп жатат. Министрдин орун басары Шымкенттин полиция жетекчилиги "катуу жоопкерчиликке" тартылганын баса белгиледи.
20-январда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Шымкент полициясынын башчысы, анын орун басары жана бир нече департаменттин жетекчилери кызматтан кетти.
Сталкердин колунан ажал тапкан Нурай Серикбайдын окуясы казак коомунда чоң резонанс жаратты. Президент Касым-Жомарт Токаев бул өлүмдү Башкы прокуртура "тыкыр изилдейт" деп убада берди.
Күчтөп никеге тургузуу аракети жана адам өлүмү
Шымкенттин тургуну Нурай Серикбайдын өлүмү тууралуу 11-январда белгилүү болду. Жаш кызга бир нече жолу бычак урулган. Эки күндөн кийин полиция 28 жаштагы маркум кыздын таанышын кармаган. Сот аны адам өлтүрүүгө шектеп эки айга камакка алган.
Маркум кыздын байкеси Jas Alash юту-каналына карындашына кол салган эркек көптөн бери аңдуу менен алек болгонун, биринчи жолу ала качып кеткенде Алматыда кызды машинага күчтөп салып Шымкентке алып келип, күчтөп никеге тургузгусу келгенин айтып берген.
Кыздын агасы, карындашы ал эркек менен жашагысы келбегенин билген соң, аны зордукчулдун үйүнөн кайтарып келген. Нурай Серикбай аны уурдап кеткени тууралуу арыз жазгысы келген. Бирок Султан Серикбай жергиликтүү полициядан кызды арыз жазбай эле коюуга көндүрүшкөн дейт.
"Нурайга тергөөчү жана (аны уурдап кеткен кишинин) атасы басым жасашкан. Ага "эгер арыз жазсаң ал бир нече жылга соттолот. Анан сен кантип ошону билип туруп жашайсың?" деп, андан кийин карындашыман дооматы жок экени, болгону аны жайына коюшсун деп жазууга көндүрүшкөн. Ага эми тигил эркек анын тынчын албайт деп ишендиришкен, ал өзү дагы ошондой убада берген", - дейт кыздын байкеси.
Бирок ал окуяданы кийин кыздын үй-бүлөсү тартип органдары "буга тийиштүү реакция кылбаганын" түшүнүп, прокуратурага кайрылган. Прокуратура болсо ишти иликтөөгө жана кылмыш ишин козгоого факт жетишсиз деп тапкан.
Казакстанда жана ага кошуна өлкөлөрдө дале ала качуу көрүнүшү бар. Айрым учурларда, ала качылган кыздар туугандарынын басымы астында жана эл эмне дейт дегенден улам барган жерине отуруп калышат. Ала качуу үчүн Казакстанда Кылмыш кодексинде жоопкерчилик каралган. 2025-жылы сентябрда казак бийлиги мындай кылмышты оор кылмыштарга киргизип, айып пулду 8 миллион теңге же 14 миң долларга чейин көтөргөн. Ала качуунун жазасы 7 жылга чейин эркинен ажыратуу, эгер анын оор жагдайлары болсо 10 жылга чейин колонияга кесүү каралган. Мындан тышкары, Кылмыш Кодексинде эгер алып качып кеткен адам, кызды өз эрки менен кайра кое берсе кылмыш жоопкерчилигинен кутулат деген жобо алынып салынган.
Ала качууну иликтөө
"НеМолчиKZ" укук коргоо уюмунун жетекчиси Динара Смаилованын айтымында, казакстандык айдоочулар ала качуу жана үй-бүлөлүк зомбулукту иликтөөгө анча куштар эмес.
"Полицияга келүүнүн өзү, арыз берүү, жаза чегерүү жана кылмышты туура квалификациялоо кыйын нерсе, себеби болушунча кваификацияны төмөндөткөнгө аракет кылышат. Бул, биринчиден. Экинчиден, эгер шектүү тааныш болуп чыкса, досу же тууганы болуп, анда кандай болсо да аны жоопкерчиликтен куткарганга аракет кылышат" - деди Би-Би-Сиге Смаилова.
Ал былтыр фондго ала качуу боюнча төрт кайрылуу түшкөнүн, алардын биринде полиция ала качылган кызды арыз жазбай эле коюуга үндөп, болбосо ала качууга катышы барлар түрмөгө кесилип кетет деп айтышкан.
"Азыркы иште (ред.Нурай Серикбайдын өлүмү) полиция кызматкерлерин "шалаакылык" боюнча жоопкерчиликке тартканы жатышат, бирок "адам өлүмүнө алып келген аракетсиздик" беренеси колдонулушу керек эле. Азыр эми шалаакылык үчүн аларды айып пулга эле жыгышат, башкача айтканда полицияны кайра эле жоопкерчиликтен куткарып кетип жатышат. Биз бул полиция кызматкерлерине катаал жаза чараларын көрмөйүн, эчтеке өзгөрбөйт", - деди укук коргоочу.
Кризистик уюмдар союзунун башчысы Зульфия Байзакова Би-Би-Сиге берген маегинде алып качкандарды жазалоо жана кылмыштын алдын алуу үчүн мыйзамдарда "баары жакшы жазылганын, бирок иш жүзүндө жоболор колдонулбай жатканын айтып берди.
"Бул окуяда полициячылар кылмыш ишин козгоп, материал чогултуп, тигил адамды камашы керек болчу. Президент 2025-жылы 30-декабрда укуктук бузуулардын алдын алуу тууралуу мыйзамына кол койгонуна карабай, Казакстанда мурда кандай болсо, азыр деле ошондой", - деди укук коргоочу.
Казак бийлиги ала качуу боюнча маалыматтарды жарыялай бербейт. Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалыматы боюнча, Казакстанда 2019-2023-жылдары ала качууга байланыштуу 214 кылмыш иши козголгон.
"Бирок биз мындай кылмыштардын канчасы боюнча полицияга кайрылуулар жетет айта албайбыз", - деген ORDA.kz басылмасына берген маегиенде коомдук ишмер Назым Жангазинова.