You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Путин Кремлде Уиткофф менен жолугушту. Алар эмнени макулдашты?
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
АКШнын атайын чабарманы Стиф Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөр өткөрүштү. Кремлден билдиришкендей, алардын жолугушуулары үч жарым сааттан ашык убакытка созулду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болду?
Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков АКШнын өкүлдөрү Путинге Давостогу Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу, ошондой эле декабрь жана январда "Флоридада жана Европанын бир катар шаардарында" өткөн алардын сүйлөшүүлөрү тууралуу "ойлору жана баалоолору" менен бөлүшкөнүн айтып берди.
АКШ өкүлдөрү жана орус президентинин сүйлөшүүлөрүндө "фокус" "мындан ары бирдикте кийинки иш-аракеттердин параметрлерин эки адамга аныктап алууга" жасалды, деди Ушаков. Анын айтымында, тараптар макулдашкандай бул багыттагы кийинки кадам - 23-январда Абу-Дабиде Орусия, АКШ, Украина болгон үч тараптуу коопсуздук маселелери боюнча жумуштун топтун биринчи жыйыны болмой болду.
Буга чейин бейшембиде, аталган жумуштун жыйыны тууралуу Зеленский жар салган. Анын айтымында, бул сүйлөшүүлөр "техникалык деңгээлде" жума күнү Абу-Дабиде башталып, эки күнгө созулат.
Орус делегациясынын курамы аныкталып, Путинден "конкреттүү инструкция" алды, алар Абу-Дабиге мына эми учат, деди Юрий Ушаков. Делегация курамына ГРУ жетекчиси Игорь Костюков башында турган "Коргоонуу министрлигинин өкүлдөрү" киришти.
Мындан тышкары, Абу-Дабиде Уиткофф менен Тикелей инвестициялык боюнча орусиялык фонддун башчысы Кирил Дмитриевдин экономикалык маселелер боюнча эки тараптуу жолугушуусу белгиленди.
Кремлдеги сүйлөшүүлөр "болушунча маңыздуу, конструктивдүү жана колдон келишинче ачык, ишенимдүү маанайда" болду, - деди журналиттерге Ушаков.
Бирок ал жолугушууда Москва "территориалдык маселени чечпей туруп" жаңжалды узак мөөнөткө чечүүгө болбосун дагы бир жолу кайталаган. "Анысы жок Орусия атайын аскердик операция маалында коюлган максаттарын уланта бермекчи", - дейт Ушаков.
Анын айтымында, Кремлдеги жолугушууда Трамптын "Тынчтык Кеңешин" куруу демилгеси жана Гренландия тууралуу темалар да көтөрүлгөн.
Ушаков Орусия аталган кеңештин бюджетине 1 миллиард долларды АКШ тоңдурган орус активдеринен алуусун сунуштаганын айтты. "Орусиянын резервиндеги калган каражатты, Орусия менен Украина тынчтык келишиме келишкенден кийин согуштук аракеттерден аймактарды кайра калыбына келтирүүгө жумшоого болот", - дейт Ушаков.
Ак үй Кремлде өткөн жолугушуу тууралуу комментарий бере элек.
Дональд Трамп Давостон АКШга Air Force One учагы менен кайтып бара жатып, Путин менен Зеленский сүйлөшүүгө келип, согушту токтоткулары келип жатканын айтты.