You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.

Take me to the main website

Кезексиз президенттик шайлоо жана референдум

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүүдө.

Түз алып баруу

  1. Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны

  2. Садыр Жапаров алдыда, атаандаштары шайлоо тыянагына ишенбейт

  3. Сания Токтогазиева: Баш мыйзамда бийлик бутактар ортосундагы тең салмактуулук абдан маанилүү

    Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева "Фейсбук" баракчасына Баш мыйзамды өзгөртүүдө бийлик бутактар ортосундагы тең салмактуулук орнотууну абдан маанилүү экенин жазды:

    "Жаңы конституция кабыл алынып жатканда, биз болушунча бийлик бутактар ортосундагы тең салмактуулук орнотууну талап кылышыбыз керек. Биздин конституциялык укуктардын коргоо кепилдик механизмдерин доолашыбыз керек. Аз убакыттан кийин Венециялык комиссия жаңы конституциянын долбоору боюнча өз корутундусун жарыялайт, бизге - карапайым калкка жана жарандык коомго абдан жакшы жардам болот. Корутундунун негизинде финалдык текст салыштырмалуу нормалдуу болушун талап кылганга. Көпчүлүк саясатчылар азыр соодалашып кирет, биз баягыдай эле өзүбүз менен өзүбүз калабыз. Негизи күрөш алдыда достор".

  4. Мадумаров: шайлоо реалдуулуктан өтө алыс

    Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров президенттик шайлоо менен референдумдун жыйынтыгы “шайлоо реалдуулуктан өтө алыс” деп билдирди:

    “Биз мыйзамдуулук үчүн күрөшөбүз. Башка талапкерлер менен кезигип, алар менен бирге бир чечимге келебиз. Бир талапкерге 700 миңдей адамдын добуш бериши чындыкка жатпайт. Мен митинг аркылуу укугумду коргобойм, мыйзамдуу жол менен гана чындыкка жетем”.

    Ал эми президенттикке талапкер Равшан Жээнбековшайлоонун жыйынтыгын тааный турарын айтты. Клара Сооронкулова болсо “көпчүлүктүн тандоосун сыйлоо” керек экенин белгиледи. Абдил Сегизбаев административдик ресурс колдонулганын,талапкерлердин баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөгөнүн айтты.

  5. Президенттик шайлоого 1 318 571 же шайлоочулардын 37% катышты

    Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, президенттик шайлоого 1 318 571 адам же шайлоочулардын 37% добушун берди. Ал эми референдумга 1 270 532 киши жешайлоочулардын 35.65% катышты.

    Автоматтык үкөктөрдүн 93 пайызынан маалымат алынган учурда Садыр Жапаров добуштардын 79.2 пайызын алып, алдыда келе жатат. Адахан Мадумаров добуштардын 6.6 пайызын алып, экинчи орунда турат. Референдумда президенттик башкаруу системасын шайлоочулардын 81 пайызы колдоду.

  6. Садыр Жапаров атаандаштарынан алдыда

    БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүнкү мөөнөтүнөн мурда болгон президенттик шайлоодо алдын ала маалыматтар боюнча Садыр Жапаров 79% добуш алганын билдирди. Бул автоматтык эсептөө урналарынын 88% келип түшкөн маалымат боюнча.Андан кийин Адахан Мадумаров 6,47% добуш менен экинчи орунда.

    Референдумда президенттик башкаруу формасын колдоп добуш бергендер алдын ала маалымат боюнча 80% болду.

  7. Абдил Сегизбаев: Шайлоодо талапкерлерге теңчилик шарт болгон жок

    Президентикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаев шайлоо өнөктүгү учурунда талапкерлердин баарына бирдей мүмкүнчүлүк болгон жок деп билдирди.

    "Бардык талапкердин финансысын чогултуп келсек, анын баары бир талапкердикине тең келе алган жок. Рекламасын, баннерлерин эле санап көрсөк, ММКга берген убактысын санап көрө турган болмок, анысы эле бир миллион доллардын тегереги болду. Эгерде бардык рекламага кеткен акчасын санасак, эки миллион доллардай болду. Расмий түрдө 62 миллионду көрсөтүп атат. Башкача айтканда, көрүнүп эле турат, расмий кассасы турат, экинчи жагы- кара кассасы. Менде суроо жаралат: анын баары кайдан пайда болду? Эми баарыбызга эле белгилүү, кечээки эле кыргыз элинин ырыскысын миллиондоп жегендер, ошол эле "Биримдикке, "Мекеним Кыргызстанга" иштеген уурулардын, коррупционерлердин баары бир гана талапкерге, октябрда бийликти басып алган талапкерге акчаларын жумшады",-деди талапкер "Говори ТВ" каналындагы маегинде.

  8. Кыргызстанда шайлоо участоктору жабылды

    Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдум жыйынтыкталды. Чет өлкөдөгү участоктор ишин уланта берет. Вашингтондогу шайлоо участогу эң акыркы болуп 11-январда Бишкек убактысы боюнча саат 06.00 жабылат.

  9. Бишкектин Ала-Тоо аянтында аппаратура коюп, даярданып жаткандар кимдер?

    Ала-Тоо аянтында ар кандай аппаратураларды коюп, кандайдыр бир иш чара өткөзүүгө даярданып аткандар жөнүндө суроо БШКдагы басма сөз жыйынында көтөрүлдү. Бул көрүнүш эки сааттан бери болуп жатканына карабастан, ИИМдин өкүлүнүн эч кабары жок экен. Эми гана бул маалыматты текшерте турган болуп жатат.

  10. Н. Шайылдабекова: Шайлоодогу активдүүлүктүн төмөндүгү - демократиялык көрсөткүч

    БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекова добуш берүүдө шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болуп жатканын шайлоочулардын реалдуу жана демократиялык катышуусу деп атады.

    БШК төрайымы ошону менен катар 2016-жылдагы референдумда дагы ушундай эле көрсөткүч болгонун кошумчалады.

  11. Саат 18.00 гө карата шайлоочулардын 33% добуш берди

    БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова кечки саат алтыга карата президентти мөөнөтүнө мурда шайлоодо добуш берүүгө шайлоочулардын 33% катышканын билдирди. Анын ичинде Бишкекте - 31,86 %, Ош шаарында - 37,5%, Жалал-Абадда - 33,64 %, Ысык-Көлдө - 39,09%, Нарында - 36%. Ош областында - 33,97%,Таласта - 31,30%, Чүй областында - 28, 29%, Баткенде -34,5%. Чет өлкөдөгүлөрдүн катышуу көрсөткүчү 19,95% болду.

  12. "Достук" мейманканасында чымыр денелүү балдардын топтолгону жөнүндө маалымат текшерилүүдө

    "Peporter.kg" кабарчысы БШКдагы басма сөз жыйында бир талапкер жеңилип калса, тополоң чыгарууга даярданган спорттук чымыр денелүү балдардын Seven Hotel Dostuk мейманканасында топтолуп жашап жатканы жөнүндө коомдук сайттарда чыгып жаткан маалымат жөнүндө сурады.

    ИИМдин өкүлү Султан Макилов мындай маалымат жок экенин билдирип, бирок аны текшерүү үчүн мейманканага атайын ыкчам топ жибериле турганын билдирди.

  13. БШК: Добуш берүү күнү үгүт жүргүзгөндөргө чара көрүлөт

    БШКдагы жыйын убагында Бишкекте референдумга каршы жана башкаруунун бир формасына чакырган үгүт жүргүзүп, жүрүшкө чыккандар жөнүндө суроо берилди. БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров мындай маалыматтын бар экенин тастыктап, аларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирди.

    "Шайлоо күнү эч кандай үгүт иштери жүргүзүлбөш керек. Буга мыйзамда каралган чара көрүлөт" деди БШК мүчөсү.

    Бишкекте бүгүн мыйзамдуулук үчүн тогузунчу ирет жарандык активисттер жүрүш өткөргөнү белгилүү. Анда негизинен конституциялык реформага жана референдумга каршы ураандар болду.

    Активисттер темир жол вокзалынан тартып Эркиндик булвары менен Ак үйгө чейин жөө жүрүш өткөрүштү.

  14. А.Алымбаева шайлоочулардын активдүү катышпаганы боюнча

    Саясат талдоочу Аида Алымбаева Би-Би-Сиге добуш берүүдөгү солгундуктун себебин тизмектеп берди.

    “Бул жолу жер которуп добуш берүүгө тыюу салынып, Форма-2 арызы жоюлду. Туруктуу каттоо жери жок ички мигранттар добуш бере албай калышты. Экинчиден, бул жолу масштабдуу түрдө добуш сатып алуу болгон жок. Ал эми аймактардагы биздин көпчүлүк жарандар акчага добуш берип көнүп калышкан. Үчүнчүдөн, эл шайлоолорго ишенбей калган болушу мүмкүн. Шайлоолор коомдук башкаруу институту катары ишенимден чыгып, алардын тандоосу тагдыр чечет дегенге үмүттөнбөй жаткан болушу мүмкүн. Шаардык жарандар референдумду мыйзамсыз деп, бойкот кылып жатканында эске алалы. Октябрда эле парламенттик шайлоо өтүп, эми кайра президенттик шайлоо өтүп жатканы да, шайлоочуну чарчатты көрүнөт”, -деди саясат талдоочу.

    Шайлоодон кийин кандайдыр бир нааразылык акцияларычыгып кетпейби?-деген суроого Аида Алымбаева:

    "Азыркы кырдаалда наразылык акцияларына даана, так негиздер жок деп айтсак болот. Октябрда каршылык акцияларыпарламенттик шайлоонун мыйзамсыз өткөндүгү үчүн гана эмес, комплекстүү маселелерден улам чыкты. Анда коррупцияга каршы күрөштүн чабалдыгы, Жээнбеков бийликти узурпациялап жатканына каршылык болгон эле. Жаңы өкмөт үч айдай иштеди, бул бийлик кардиналдуу чоң ката кетиргенге деле убакыт болбоду. Ооба, конституциялык реформаны жылдыруу, сүрөө деген болду. Бирок элдин өтө бир кыжырына тийчү ишараларга жетишкен жок. Ошентсе да,нааразылык, кийинки парламенттик шайлоодон кийин орун алышы мүмкүн. Ал жаңы президент, өкмөттун жасаган аракеттеринен көз каранды болмокчу. Дагы бир жагдай, лидерлер бул жолу тарапкерлерин көчөгө алып чыгуудан тартынды. Алар өздөрүнө карата кылмыш иши козголобу деп, коркуп турушат. Мадумаровдон тышкары талапкерлердин көбү жаштар. Алар шайлоо жыйынтыгына нааразы болсо, аны сот аркылуу чечүү жолун тандашы мүмкүн. Ошондой эле калган талапкерлерде Мадумаровдукундай көчөгө алып чыга калчу көп санда тарапкерлери деле жок",-деген пикирде.

  15. "Жалпы иш": шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен өтүп жатат

    Добуш берүүгө байкоо салып жаткан “Жалпы иш” коомдук фонду добуш берүү процессинде түшкө чейин 30 одоно мыйзам бузуу болгонун билдирүүдө. Анын ичинде төрт факты участкалык шайлоо комиссиясынын саат жетиде ачылганы жөнүндө, жети факт бюллетендерди кайра саноо жок экени жөнүндө. Дагы жети факт УШКнын жыйыны болгон эместиги, эки факт байкоочулардын укуктары мыйзамсыз бузулгандыгы тууралуу. Ошондой эле УШКнын ачылбагандыгы жөнүндө, УШКда ыйгарым укуктуу эмес адамдар бар экени жөнүндө, добуш берүүнүн купуялыгы бузулгандыгы жөнүндө, паракорчулук болгону жөнүндө жана байкоочуга карата ккоркутуу болгону жөнүндө бирден факт катталган. Мындан сырткары үч жерде автоматтык эсептөө урнасы иштебей калган.

  16. Саат 16:00гө карата шайлоочулардын катышуусу 26,59 пайыз болду

    Саат 16:00гө карата добуш берүүгө шайлоочулардын 26,59 пайызы же 947 614 киши катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга 26,55 пайыз же 946 104 киши добушун берди.

    Ал эми 14.00гө карата 18,56% шайлоочу добушун берген:

    Бишкек шаары боюнча - 72 766 шайлоочу (17,49%)

    Ош шаары – 35 226 (23,31%)

    Жалал-Абад облусу – 126 830 (19,02%)

    Ысык-Көл облусу – – 67 274 (21,86%)

    Нарын облусу – 41 336 шайлоочу же 20,42%,

    Ош облусу – 134 397 шайлоочу же 18,59%,

    Талас облусу – 27 666 шайлоочу же 17,52%,

    Чүй облусу – 92 246 (15,59%)

    Баткен облусу – 58 764 (19,77%).

    Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга: келгендердин жалпы саны – 661 152 (18,55%)

    Бишкек шаары боюнча – 72 050 (17,31%)

    Ош шаары – 35 255 (23,33%)

    Жалал-Абад облусу – 126 763 катышуучу же 19,01%,

    Ысык-Көл облусу – 67 287 (21,86%)

    Нарын облусу – 41 306 (20,40%)

    Ош облусу – 134 884 (18,66%)

    Талас облусу – 27 658 (17,52%)

    Чүй облусу – 92 276 (15,59%)

    Баткен облусу – 58 765 (19,77%).

  17. Катышуу көрсөткүчү төмөн болсо, шайлоо өттү деп саналабы?

    Президенттик шайлоо: Президенттик шайлоо өттү деп саналуу үчүн шайлоого катышкан добуш берүүчүнүн саны каралбайт. Бирок шайлоодо жеңген талапкер ошол добуштардын 50 пайызын алышы керек. Эгерде эч бир талапкер 50 пайыз добуштарды ала албай калса, экинчи айлампа болот.

    Референдум: Мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өттү деп саналуу үчүн жалпы шайлоочулардын 30 пайызы добушун бериши керек.

  18. Оштун айрым жерлеринде электрондук урналар иштебей калууда

    Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын Ош шаарындагы ишенимдүү өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева Оштун айрым жерлеринде электрондук урналар иштебей калып жатканын билдирүүдө. Мунун алдында Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев “суукка байланыштуу, техникалык себептерден улам автоматтык саноочу урналар иштебей калган учурлар болуп жатканын” билдиген эле.

  19. Кыргызстан: маанилүү шайлоодогу пасcивдүү шайлоочулар

  20. БШКнын мүчөсү Гүлнара Баатырова президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду боюнча маалымат берди.

    Үгүт өнөктүгүнө эң көп акча сарптаган талапкер Садыр Жапаров (67 миллион 184 миң 700), ал эми эң аз Арстанбек Мыктыбек (1 миллион 117 миң) болду. БШК бул маалыматты 9-январга карата талапкерлердин шайлоо фондундагы каражаттарга карап, маалымат берди. Үгүткө акча аябаган талапкерлер сабына ишкер Бабыржан Төлбаев да кирди. Анын шайлоо чыгымдарга деген акчасы 14 миллион 256 миң сомго жакындады. Талапкерлердин чыгымдары тууралуу толугураак БШК мүчөсү Гүлнара Баатырбекова айтып берет.