Садыр Жапаров алдыда, атаандаштары шайлоо тыянагына ишенбейт

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова мөөнөтүнөн мурда болгон президенттик шайлоодо алдын ала маалыматтар боюнча Садыр Жапаров 79.1% добуш алганын билдирди. Бул автоматтык эсептөө урналарынын 94% келип түшкөн маалымат боюнча. Андан кийин Адахан Мадумаров 6,69% добуш менен экинчи орунда. Референдумда президенттик башкаруу формасын колдоп добуш бергендер алдын ала маалымат боюнча 81.1% болду.

  • Садыр Жапаров - 79.25%
  • Канатбек Исаев - 0.58%
  • Мыктыбек Арстанбек - 1.68%
  • Клара Сооронкулова - 0.99%
  • Имамидин Ташов - 1.18%
  • Абдил Сегизбаев - 1.46%
  • Адахан Мадумаров - 6.70%
  • Аймен Касенов - 0.91%
  • Улукбек Кочкоров - 0.68%
  • Женишбек Байгуттиев - 0.09%
  • Эльдар Абакиров - 0.5%
  • Курсан Асанов - 0.5%
  • Арстанбек Абдылдаев - 0.08%
  • Равшан Джеенбеков - 0.19%
  • Бактыбек Калмаматов - 0.5%
  • Бабыржан Тольбаев - 2.33%
  • Каныбек Иманалиев - 0.18%
  • Баарына каршы - 1.33%

Талапкердин бири Адахан Мадумаров: "Биз мыйзамдуулук үчүн күрөшүп келгенбиз, күрөшө беребиз. Биз башка талапкерлер менен дагы кеңешебиз. Бир талапкерге 700 миң киши добуш бергени эмнеден кабар берет? Бул шайлоо реалдуулуктан өтө алыс",-деп айтты.

"Эч ким азыр каршылык көрсөтпөйт. Бул жолу мүмкүн саясатчылар унчукпай койгону менен эртең элдин суроосу жаралат",-деди А.Мадумаров.

Ал эми президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков шайлоонун жыйынтыгын тааный турганын айтты. Клара Сооронкулова болсо "көпчүлүктүн тандоосун сыйлоо" керек экенин белгиледи.

Президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаев шайлоо өнөктүгү учурунда талапкерлердин баарына бирдей мүмкүнчүлүк болгон жок деп билдирди.

"Бардык талапкердин финансысын чогултуп келсек, анын баары бир талапкердикине тең келе алган жок. Рекламасын, баннерлерин эле санап көрсөк, ММКга берген убактысын санап көрө турган болсок, анысы эле бир миллион доллардын тегереги болду. Эгерде бардык рекламага кеткен акчасын санасак, эки миллион доллардай болду. Расмий түрдө 62 миллионду көрсөтүп атат. Башкача айтканда, көрүнүп эле турат, расмий кассасы турат, экинчи жагы - кара кассасы. Менде суроо жаралат: анын баары кайдан пайда болду? Эми баарыбызга эле белгилүү, кечээки эле кыргыз элинин ырыскысын миллиондоп жегендер, ошол эле "Биримдикке", "Мекеним Кыргызстанга" иштеген уурулардын, коррупционерлердин баары бир гана талапкерге, октябрда бийликти басып алган талапкерге акчаларын жумшады",-деди талапкер "Говори ТВ" каналындагы маегинде.

Кыргызстан жаңы тарыхында алтынчы президентти шайлоодо. Садыр Жапаров октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык учурунда абактан бошотулуп, өкмөт башына келди жана президенттин милдетин убактылуу аткарды. Октябрдагы окуялардан кийин анын үзөңгүлөштөрү бийликтеги негизги кызматтарга барды.

Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө Жапаров бир нече оор көйгөйлөрдү чечүүгө убада берип, атаандаштары болсо муну популисттик чакырык катары сынга алган. Маселен, мигранттарга жумуш орундарын тузүп, мекенине кайтаруу, кен байлыктарды улутташтыруу сыяктуу чакырыктары бар.

"Жапаров бийлик дискредитацияланып, бардык саясатчыларга, бийликке нааразылык өтө күчөп турган маалда келди. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, бийликке болгон нааразылык 2010-жылдын Апрель окуяларынын алдында ушундай курч болгон. Жапаров нааразылык күчөп турганда абакта болуп, нейтралдуу саясатчы катары (элдин көзүнө) алынып кетти",-дейт "Контекст" саясий программасынын автору Азим Азимов.

Ошол эле маалда Садыр Жапаровдун президенттикке талапкер болуп катышканы канчалык мыйзамдуу деген суроолор көтөрүлүп жатты.

"Президенттин милдетин аткарган адамдар президенттикке талапкер болбош керек деп эмнеге жазылып турат. Мунун мааниси бар да. Булар президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда даярдап коюшат экен баарын шайлоого",-деген Би-Би-Сиге шайлоочулар ассоциациясынын президенти Бакыт Керимбеков.

Шайлоо өткөндөн кийин жеңилген талапкерлер үчүн бул шайлоонун легитимдүүлүгүн талашып-тартышууга өзүнчө бир себеп болуп бериши мүмкүн дейт серепчилер. Ансыз деле азыр шайлоодо теңчилик болбой калды, административдик ресурс бир талапкерге иштеди деген нааразылыктар айтылууда.

"Азыркы кырдаалда наразылык акцияларына даана, так негиздер жок деп айтсак болот. Октябрда каршылык акциялары парламенттик шайлоонун мыйзамсыз өткөндүгү үчүн гана эмес, комплекстүү маселелерден улам чыкты. Анда коррупцияга каршы күрөштүн чабалдыгы, Жээнбеков бийликти узурпациялап жатканына каршылык болгон эле. Жаңы өкмөт үч айдай иштеди, бул бийлик кардиналдуу чоң ката кетиргенге деле убакыт болбоду. Ооба, конституциялык реформаны жылдыруу, сүрөө деген болду. Бирок элдин өтө бир кыжырына тийчү ишараларга жетишкен жок. Ошентсе да, нааразылык кийинки парламенттик шайлоодон кийин орун алышы мүмкүн. Ал жаңы президент, өкмөттүн жасаган аракеттеринен көз каранды болмокчу. Дагы бир жагдай, лидерлер бул жолу тарапкерлерин көчөгө алып чыгуудан тартынды. Алар өздөрүнө карата кылмыш иши козголобу деп, коркуп турушат. Мадумаровдон тышкары талапкерлердин көбү жаштар. Алар шайлоо жыйынтыгына нааразы болсо, аны сот аркылуу чечүү жолун тандашы мүмкүн. Ошондой эле калган талапкерлерде Мадумаровдукундай көчөгө алып чыга калчу көп санда тарапкерлери деле жок",-дейт саясат талдоочу Аида Алымбаева Би-Би-Сиге берген маегинде.

Байкоочулар бул жолу шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болгонун белгилеп жатат. БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекова муну шайлоочулардын реалдуу жана демократиялык катышуусу деп атады. Шайлоонун тыянагы добуштардын баары кол менен эсептелип бүткөндөн кийин расмий жарыяланат.

С.Жапаров коомчулукка Кумтөр алтын кенине байланышкан маселелерди көтөрүп чыкканы менен белгилүү. Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында митинг уюштуруп, өкмөттүн ошол кездеги Ысык-Көл облусу боюнча атайын өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катыштыгы бар деп айыпталган. Садыр Жапаров өлкө сыртында жүрүп, 2017-жылы 25-мартта өлкөгө келип, чек арадан өтүп жатканда кармалган. Аны колдоп митингге чогулгандар таратылып, "коомдук тартипти бузган" деп бир нече киши кармалып, 12 киши "бейбаштык", "башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү" сыяктуу беренелер менен айыпталган. Камакта кармалып турган учурда Садыр Жапаров өзүнө-өзү кол салганы белгилүү болгон. Садыр Жапаровдун жактоочулары муну саясый куугунтук катары баалап, ага адилеттүү чечим чыгарууну талап кылып келишкен эле. (AbA)