Экономика: беш ишкананын экөө жумушун токтотууга аргасыз

Тигүү цех
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда болжолдуу ар бир беш ишкананын экөө жумушун токтотууга аргасыз болду. Бул тууралуу Бизнес ассоциациялардын альянсы билдирди. Пандемиядан сырткары, быйыл бизнеске саясий туруксуздук да түз таасир этип жатат.

Атын жашыруун калтырууну өтүнгөн маектешибиз бир үй-бүлөнү жалгыз баккан аял. Үч баланын экөө мектеп окуучусу. Жолдошу жумушсуз отурганына бир канча ай болду. Эми өзүнүн да жумушу, ага жараша тапкан акчасы эки-үч эсе азайды. Анткени ал иштеген тигүү цехи буюртма жок экенин айткан.

"Жолдошумдун жумушу январдан кийин ачылабыз деди. Эми таксиге чыгат окшойт, билбейм. Биздин цехте буюртма жок, буюртма болгондо гана барып аздан иштеп келип жатам. Азыр сезон арасы болуп, бизге дагы кышка чейин көп иш болбойт дешти", - деген маектешибиз Кыргызстанда жумушка муктаж көп жарандардын бири. Ал иштеген чакан цехте 20 чакты адам бош калды.

Тигүү цех
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карантин учурунда 709 миң киши убактылуу ишсиз калды

Өлкөдөгү жалпы жумушсуздук, эпидемиядан кийин жумушун жоготкондор, токтогон ишканалар боюнча бирдиктүү эсептер жок. Экономика министрлиги карантин учурунда 709 миң киши убактылуу ишсиз калды деп билдирген. Бул активдүү калктын дээрлик үчтөн бири.

Бизнес ассоциациялардын альянсынын катчылык башчысы Искендер Шаршеевдин айтымында, пандемияга байланыштуу ар беш ишкананын экиси жумушун токтотууга аргасыз болду. Бирок бул толук жабылды деген эмес. Туристтик тармак эң көп жабыркап, жоготуулар 60-70% чейин жетти.

"Бул тармактын ичинен дагы эң көп соккуга мейманканалар туш болду. Ал эми ресторандардын кирешеси мурунку жылдардагы көрсөткүчтөрдөн 30% чейин кыскарды. Альянстын мүчөлөрү өндүрүш тармагы 25%га чейин түштү деп жатышат. Акыркы айларда импорт кыскарып, чийки заттын баалары кескин өстү", - деди Шаршеев.

Дордой

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2020-жылы он айда мейманканалардын тейлөө көрсөткүчү 46 пайызга гана түшкөн. Ал эми дүңүнөн соода 18%, чекен соода 16% төмөндөгөн. Комитеттин эсебинде жабыр тарткан тармактардын бири унаа жана жүк сактоо кызматы, былтыркыга салыштырмалуу 35 пайызга аз тейлөө көрсөткөн. Жалпы тейлөө тармагынын ИДПдагы үлүшү 44% болуп, бир жыл мурдагыга караганда 12% гана азайды.

Альянстын мүчөлөрү санариптик мазмунду жасоо менен алек болгондорго быйылкы пандемия пайда эле алып келбесе, иши үзгүлтүккө учурабаганын айткан.

Бизнеске доллардын кымбаттаганы да олуттуу таасир этип жатат. Мисалы Бишкекте тигүү цехин иштеткен Амина муну мындай деп түшүндүрдү:

"Мен чийки заттын баарын доллар менен сатып алам. Бирок товарымды Орусияга сатам. Рублдын баасы сом менен эле бирдей болгон үчүн мага пайда жок болуп калып жатат. Эгер продукциянын баасын көтөрсөм кардарлар кетип калат. Анткени арзан жана сапаттуу тиккен азыр Өзбекстан турат".

Улуттук Банк доллардын кымбаттаганынын башкы себеби эркин базардагы талапка байланыштуу экенин билдирди. Искендер Шаршеевдин айтымында, акча базарындагы талап бизнесмендер менен инвесторлордун Кыргызстандагы кырдаалдан кооптонуп, сыртка акчаларын чыгарып жатышына байланыштуу. Пандемиядан сырткары саясий туруксуздуктун экономикага тийгизген терс таасирлеринин бирин ушинтип түшүнүүгө болот.

Сапар Асанов "Легпром" ассоциациясынын башчысы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сапар Асанов "Легпром" ассоциациясынын башчысы

"Легпром" биримдигинин башчысы Сапар Асанов орто жана чакан ишканаларды куткаруу үчүн үстөгү алты пайыздан ашпаган кредит зарыл экенин белгиледи.

"Орто жана чакан ишканаларды, жумуш орундарын сактап калууга өкмөттөн колдоо өтө зарыл. Биздин ассоциациядан жеңилдетилген кредитти 15 гана ишкана алууга үлгүрүптүр. Калганы алалбай калды. Бүгүнкү күнү эмне үчүн орто жана чакан ишкерлерди колдош керек? Анткени алар эң көп жумуш орундарын түзөт. Айландырган акчасы миллиарддарды түзгөн компаниялар менен көп болсо бир-эки миллион акчасы бар чакан ишканаларда кызматкерлердин алган айлыгы бирдей эле. Бирок майда ишканаларда көп киши иштейт. 50-60 миң мигрант сырттан келди деп жатышат, бизде жумуш сурагандар чынында көп", - деди Асанов.

Мамлекет жабыр тарткан ишканаларга 2021-жылды кошкондо 40 млрд сом жеңилдетилген кредит бермек. Карантинден кийин биринчи баскычында 14 млрд сом таратмак. Мурдагы вице-премьер министр Эркин Асрандиев 4,2 млрд доллар бөлүнгөнүн июлда айткан.

Азыр бизнеске колдоо көрсөтүү, жумушсуздук маселесин чечүү боюнча өкмөттүн чаралары белгисиз. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков лизинг программасын сунуштап жатат.