Курулуш тармагында каатчылык

Курулуш тармагы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курулуш тармагы чоң тоскоолдуктарга учуруганын анын өкүлдөрү айтууда
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Экономиканын дээрлик бардык тармагы пандемиядан жоготууларга учурап жаткан чакта курулуш багытына эки эсе сокку болгонун анын өкүлдөрү айтууда.

Кыргызстанда быйыл ИДП 3% төмөндөсө, курулуш тармагынын андагы өлчөмү 3,3% түштү. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясы билдирди.

Курулушчулар пандемиядан экономиканын бардык тармагы жабыркаса аларга эки эсе сокку болгонун айтышууда. Анткени алар ансыз да бюрократиялык, коммуникацияга туташтыруу өңдүү көп тосколдууктар бар болчу дешет.

"Мисалы, суу, жылытуу жана электр энергиясы ишканаларынын ар биринин өзүнчө мыйзамы, эрежеси бар. Аларды бириктире келгенде бири бирине карама-каршы. Нормативдерде да көп карама-каршылыктар бар. Бирок акыркысы жакшы иштелип чыкты. Мамлекетттик органдардын жетекчилери да байланышып, иштешүүгө даяр экенин билдире башташты. Бирок мунун баары жолго коюлуп, жыйынтык бергенче курулуш компаниялары көп кыйынчылыктарга туш болуп жатышат", - деди Би-Би-Сиге Архитекторлор союзунун төрагасы Муратбек Бейшембаев.

Курулуш компаниялары эсепсиз текшерүүлөр менен коштолгондуктан бир объектини баштоо, аягына чейин бүтүрүү жылдарга созулуп кетип жатат дешти.

Курулуш тармагы өлкөдө иш менен камсыз болгондордун 10% жумуш берет

Сүрөттүн булагы, Social Media/PRO GROUP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курулуш тармагы өлкөдө иш менен камсыз болгондордун 10% жумуш берет

JIA бизнес-ассоциациясынын эсебине таянсак, курулуш компанияларынын бир күндүк чыгымы 32 миң сомдон ашык, бир жылдык чыгашасы 6 млн 360 миң сомго айланат.

2020-жылы Бишкектеги шаар куруучулар кеңеши бир да жолу жыйналган жок. Анын айынан 90 чамалуу курулуш долбоору уруксат ала албай күтүп турат.

Акыркы жолкуларында аталган кеңеш кворум жок жыйынын өткөрө албай калган. Ага чейин карантин чаралары жана аны өткөрүү тартибиндеги талаштуу жагдайлардан улам болбой калганын "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын башчысы Асхат Түлөбердиев билдирди.

"Шаар куруучулар кеңешинин такай чогулуп турушуна мен дагы кызыктармын. Анткени "Бишкек башкы архитектура" шаар куруучулар кеңеши өткөн жылы караган бардык объекттер боюнча иштеп бүттү. Ушул жума күнгө биринчи жыйыны коюлган, кворум болот деп үмүт кылам. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев дайындалганда мен биринчи ушул маселени койдум. Курулуш тармагы токтоп калды, бюджетке каражат келбей калды деп айттым", - деди Түлөбердиев.

Саясий туруксуздук учурунда кыймылсыз мүлткү сатуу же сатып алуу келишимдери өлкө боюнча 12%, ал эми Бишкекте 24% кыскарып кеткен.

"Мамлекет курулуш тармагын четте калтырды"

Жыл башында курулуш тармагы боюнча 2030-жылга чейин стратегия кабыл алынган. Курулушчулар ага карабай, аталган стратегиядан пайда көрбөгөнүн белгилешти.

Курулуш тармагы

Сүрөттүн булагы, Social Media/PRO GROUP

Курулуш тармагынын өкүлдөрү долбоорду түзүүнү, уруксат алууну, бардык экспертизаларды өздөрү гана каржылай турганын айтышты. Алар мамлекет бир да кол кабыш кылбай, курууга шарт түзүп берген жок дешет.

Курулушчулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев тармактын экономикага кошкон салымына токтолуп, мамлекеттик органдардын жетекчилери чечкиндүү кадамдарга барыш керек деди.

"Курулуш аянтында иштеген бир жумушчу дагы 15 жумушчу тартып келээрин орусиялыктар эсептеген. Мен куруу, монтаждоо жумуштарына бир сом салсак, ал 15 сом табат деп санадым. Мектеп, бала бакча, оорукана, турак-жай сыяктуу кайсы гана курулуш ишке берилбесин башка жеңил өнөй жайды кошо тартат. Ошондуктан курулуш экономикага бат жыйынтык берет. Ушундай натыйжалуу тармакты - бизди өкмөт четте калтырды", - деди эмгек сиңирген курулушчу.

Молдобаев прокуратурадан тарта жашоочуларга чейин көп тоскоолдуктар бар экенин белгилеп, мамлекетти курулуш тармагын коргоого чакырды.

Кыргызстанда турак-жайга муктаждар коңшу өлкөлөргө салыштырганда көп

Сүрөттүн булагы, Social Media/GIK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда турак-жайга муктаждар коңшу өлкөлөргө салыштырганда көп

Жумуш менен камсыз болгондордун 10% курулуш тармагында иштешет. Ага курулуш материалдарын саткандар, өндүргөндөр да кирет. Ири мамлекеттердин өнүгүшүндө негизги ролдордун бирин ойногон бул тармак кыргыз ИДПсынын 29% түзөт.

Курулушчуларга да нааразычылык күч

Айтылгандар менен катар жергиликтүү курулуш компанияларына сын дагы көп. Алардын имараттарды куруу сапатына, орчундуу коопсуздук эрежелерин сактабаганына нааразылыктар байма бай чыгат. Соңку учурларда үйлөр күнгө, шамалга карап туура салынбаганы, тар жерге көп кабаттуу, көп батирлүү турак-жайлардын түшкөнү талкууга алынып келет.

"Унаа коючу жай жетпей же жол менен балдар аянтчасы тар болуп калышы мүмкүн. Бирок андайлардын басымдуусу эски долбоорлор болчу. Кийинки, болжолдуу акыркы эки жылдагы долбоорлор аларды жоюп жатат. Анткени экспертиза өткөрбөйт. Бул кемчиликтер бара бара оңдолуп жатат. Бирок биздеги көп эрежелер Советтер союзунан калган. Азыр башка шарттар да эске алыныш керек", - деди Муратбек Бейшембаев.

Кыргызстанда турак-жай менен камсыз болуу бир кишиге 13 чарчы метр туура келет, бул көрсөткүч Орусияда 24,4 чарчы метр, Казакстанда 20,9 чарчы метр.

Соңку жылдары Кыргызстанда жаңы имараттар жайнап курулуп жаткан менен турак-жай муктаждыгы дагы деле чоң. Божомолдор боюнча 150 миңден 250 миңге чейин жаран үйгө муктаж.