"Төрт насыям бар, бешинчисин алганга аргасызмын"

Кыргызстанда 100 миң сомго чейин кредити бар адамдын саны 600 миңден ашат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда 100 миң сомго чейинки насыясы барлардын саны 600 миңден ашат
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Премьер-министр Садыр Жапаров 100 миң сомго чейин банктан насыя алгандарга жардам берилерин айтты. Алардын үч айлык пайызын мамлекет мойнуна алмакчы. Кыргызстанда насыя алгандар абдан көп, мындай аракет маселени канчалык жеңилдетет?

Бишкекте турган Кундуздун үч баласы бар, тигүү цехинде иштейт. Жолдошу Чаткалдын Терек-Сайындагы кенде иштечү, азыр жумушу жок.

Бул үй-бүлөнүн төрт насыясы бар. Аны ай сайын төлөө Кундуздун мойнуна түштү. Пандемия башталгандан бери тигүү цехинде жумуш такай эмес. Мисалы, карантин учурунда такыр иш жок болуп калган, бир аз гана беткап тигип эки аптада эки миң сом тапкан күндөрү болгонун Би-Би-Сиге айтып берди.

"Өткөн жылы жолдошумдун жумушу он айга токтоп калды. Таксиге чыгып жатканда кырсыкка кабылып, унаасы жарабай калды. Аны оңдотуп кайра иштеш үчүн кредит алдык. Башка айлабыз жок эле. Бул жазда пандемия башталаардын алдында эле, 70 миң сом алганбыз", - дейт Кундуз.

Сүрөттүн каарманга тиешеси жок

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстрациялык сүрөт, каарманга тиешеси жок

Ага чейин өткөн жылдан берки насыясы бар эле.

"Анан эле карантин болуп, мектептер жабылып калды, - деп сөзүн улады Кундуз. - Кокуй, телевизордон көрүп онлайн окуйт экенбиз дешти. Телевизорубуз жок эле, "Мөл булактан" кредитке телевизор алдык. Кийинчерээк ал дагы жетишсиз болуп жатат деп, кызыма насыяга телефон алып бердик".

Бул бүлө ай сайын бир насыянын 4000 сом, экинчи насыянын 7000 сом үстөгүн төлөп жатат. Телевизордун эки айлык карызы - 4800 сом калыптыр. Батирдин ижара акысы 5000 сом. Телефондун жаңы эле акыркысын төлөп алдым деп маектешибиз кубанып турган экен.

Өкмөттүн жардамын кубанып күткөндөр

"Багы жокко дагы жок" болуп Кундуз бешинчи ирет насыя алууга мажбур экенин айтат.

Экономист Кубан Чороевдин айтымында, айрыкча айыл жерлеринде кредитке жашагандар көп
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Экономист Кубан Чороевдин айтымында, айрыкча айыл жерлеринде кредитке жашагандар көп

"Батирдин кожоюну Орусияда. Бизди ансыз да кыйналып жатат дедиби ушуга чейин акчасын сурап келген жок. Азыр толук 50 миң сом чогулуп калды. Жакында аны сурап келсе, айла жок дагы насыя алабыз деп жатабыз", - деген Кундуз премьер-министр Садыр Жапаровдун кредити барлардын үч айлык пайызын төлөп берем деген убадасынын аткарылышын ак эткенден так этип күтүп жатат.

Бул үй-бүлөнүн азыр негизги милдети насыянын чынжырын үзүү. Ошондуктан батирдин ижара акысын кайтарууга көмөктөшчү жан чыкса дешет. Ата-эненин толук иштешине балдардын мектепке барбаганы чоң тоскоолдук болду.

"Колу-бутубуз бар, андан аркысын эптеп кетет элек. Балдар эми мектепке бара баштайт экен десек, дагы деле онлайн болот деп жатышат. Мен үч баланын сабагын кошо окутканча түштөн кийинки саат үч болуп кетет. Калган убакытта көп жумуш жасап жетишпей жаттым. Бирок азыр сезон бүтүп, цехте да январга чейин жумуш болбойт деп жатат", - деген кожойке баш калка акысын төлөп алса бактылуу.

Премьер-министр Садыр Жапаров 100 миң сомго чейин насыя алгандардын үч айлык үстөк пайызын мамлекет төлөп берерин айтты.

Сүрөттүн каарманга тиешеси жок
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттүн каарманга тиешеси жок

"100 миң сомго чейин насыя алгандардын үч айлык пайызына жардам беребиз деп жатабыз. 100 миңге чейин гана, андан өйдө карай мамлекеттин күчү жетпейт экен. Өзүңүздөр билесиздер, демек аябай начар турмушта жашагандар, 20 миң, 50 миң, 80-90 миң алгандар", - деди Жапаров 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушуу учурунда.

Бул жеңилдикке өлкөдөгү 600 миңден ашык майда насыя алуучулар камтылмакчы. Жапаров ал үчүн 1 млрд 200 млн сом керектигин жана каражат булагы бар экенин белгиледи. Мындай жардам абдан керек экенин биздин каарманыбыз сыяктуу кирешеси өп-чап бүлөлөр айтып жатат.

"Чакан жардам сазга баткан элди куткарбайт"

Экономист Кубан Чороев Кыргызстандагы насыялардын пайызы өтө жогору, анын сазынан чыга албай калгандардын саны көп экенин айтып жатат. Бул өз кезегинде башка социалдык, экономикалык көйгөйлөргө жол ачат дейт. Мисалы, ажырашкандар, үйдөгү зордук зомбулук, миграция, мал-мүлкүнөн ажырагандар келип чыгууда. Ал мамлекет жалпы акча саясатын реформалап, насыя пайыздарын түшүрүүнү сунуштап келет.

Кыргызстанда калктын 22 пайыздайы жакыр жашайт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда калктын 22 пайыздайы жакыр жашайт

"Бул Улуттук Банк акча-кредиттик саясатынын инструменттеринин негизинде чече турган олуттуу маселе. Көйгөй 100 миң сомго чейин насыя алгандардын үч айлык пайызын жаап коюу менен чечилбейт. Кандай кылганда насыя проблемасы жаралбайт, элдин кызыкчылыгына иштей турган саясат куруш керек деп чоң суроо катары караш керек. Сунушталган жардам чакан, ал негизги көйгөйдүн жөндөлүшүнө таасир эте албайт", - дейт Чороев.

Ал билдиргендей өлкөдө 800 миңдей адам кредит алган. Бул активдүү калктын үчтөн бири. Кыргызстанда насыя кымбат болуп, дүйнөдө алтынчы орунда турат. Ал акча-кредит саясатын өзгөртүү боюнча программа түзгөн.

"Акча-кредит саясатын жакшыртуу менен көп башка маселелерди жөндөп, экономиканы өнүктүрүүгө болот", - деди президенттикке талапкер Чороев.

Ансыз алсыз экономика пандемия чоң сокку болду дешет байкоочулар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ансыз дагы алсыз экономикага пандемия чоң сокку болду дешет байкоочулар

Ал өнүккөн өлкөлөрдө 3-4% болсо, Кыргызстанда 40%га жетээрин белгиледи.

Гүлнур аттуу жаран микрокредиттик уюмдан 39% менен 14 айга 70 миң сом насыя алган. Ал микрокредиттик компаниялар карызды бат бергендиктен, кымбат экенине карабай алышаарын белгиледи.

"Албетте турмуштан кыйналгандар алат. Байлар андан ары бизнес кылуу үчүн алат да. Күнүмдүк тамак-ашына, карызына сурагандар кымбат болсо да көзү чачырап турганда бергенине ыраазы болуп ала берет", - деген Гүлнур үчүн да мамлекет үч айлык жардам берсе ага сезирээрлик болоорун кошумчалады.

Финансылык уюмдар азыр көбүнчө бардык сумманы айларга бөлүп коюп төлөтөт. Мисалы, Гүлнур алган насыясын жайда төлөп бүтөт. Жазга чейинкисин өкмөт төлөп берсе, ары жагында дагы саналуу айдыкы калат. Ал айына 7000 сомдон берет. Бирок өкмөт кимге кандай төлөп берери кенен маалым эмес. Майда насыя ээлерине декабрь, январь жана февраль айларынын үстөк пайыздары төлөнөрү айтылды.

Пандемия ири кредит төлөөчүлөргө сокку урду

Чоң суммада насыя алып иштеткендерге да быйыл өзгөчө оор болууда. Айрым финанасылык мекемелердин кардарлары насыяны төлөөнү үч айга жылдырып беришпегенин айтып чыгышты.

Сүрөт башка учурда тартылган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөт башка учурда тартылган

Биздин кийинки маектешибиз Махабат карантин учурунда насыясын үч ай төлөгөн эмес. Өкмөттүн ишкерлерге жана кредит алган жарандарга жардамы ушул болчу. Махабат базарда соода кылат. Жумушун насыя менен өнүктүрүп турат. Бирок үч айга жылдыруу чарасы аларга жеңилдик эмес, кыйноо болгонун айтууда.

"Июнга чейин төлөгөн жокпуз, - деди Махабат. - Биз дайыма "ЭкоИсламикБанк" менен иштейбиз. Үч айдын карызын кийинки айларга чачып койду. Мурдагы суммада эле бере берели, кийинки жылы кредиттин мөөнөтү бүткөндө дагы үч ай кошумча төлөйлү дегенибизге көнүшкөн жок. Биз айына жүз миң сомду ансыз да араң чыгарчубуз. Эми андан да көп төлөгөнгө кыйналып калдык. Карантинден кийин кардарларыбызды жоготконбуз, соода быйыл такыр болгон жок. Кытайдан болсо товар кирбей жатат".

Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов коммерциялык банктар да кардарлардын каражатын кайтарыш керек болгондуктан үч айга жылдыруудан башка жеңилдик бере албасын билдирген. Бирок ал пандемиядан жапа чеккендердин баарына жардам көрсөтүү чечими кабыл алынганын марттагы сөзүндө айткан:

"Биз бул теманы узакка талкууладык. Коммерциялык банктар кыйынчылыкка туш болгондорго болушунча жардам берет деген чечим кабыл алдык. Коронавирустан жабыр тарткан бизнестерге көмөк көрсөтүлөт. Мисалы, убактылуу чектөө учурунда жабылган кафе-ресторандар, барлар, компьютердик клубдар, ким чындап жабыркаса ошолорго жардам болот".

Кубан Чороев насыялар коомдун трагедиясы деп эсептейт. Айрыкча айыл жеринде элдин басымдуусу кымбат микрокредиттерди, бирөөнүн колунан үстөк пайыз менен карыз алаарын, андан чыга албай калышканын айтууда.

Айдын башында эле кредиттик амнистияны талап кылгандар өкмөт үйүнүн алдында митингге чогулушту. Мындай нааразылыктар Кыргызстанда улам чыгып турат. Алардын укугун коргогон коомдук уюмдун миңдеген мүчөсү бар.