Ишкерлер өкмөттөн кыргыз-кытай чек ара маселесин чечүүнү талап кылышты

Бүгүн Бишкекте жана аймактарда бир канча митингдер болуп өттү. Өкмөт үйүнүн алдында "Дордой" базарында иштеген ишкерлер акцияга чыгышты. Алар Кытайдан алды жарым жылдан бери товарларын өткөрө албай жатканына даттанышууда. Ишкерлер өкмөттөн чек ара маселесин чечип берүүнү сурашты.
Борбор калаада "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери мурунку директорун кайра кызматка коюу талабы менен 2-ноябрда дагы чыгышты.
Өкмөт үйүнүн алдында митингге чыккандардын башка тобу кредит төлөөдө жеңилдиктерди талап кылышты. Алар доллардын наркы кымбаттап, эпидемияга байланыштуу көп жумуштар токтогондуктан кредиттерди төлөй албай жатканын айтышты.
Бүгүн ошондой эле Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири "Дордойдо" иштеген ишкерлер каршылык акциясына чогулушту. Алар бийликтен кыргыз-кытай чек арасындагы тоскоолдуктарды жоюуну талап кылышты. "Торугарт" өткөрмө бекети аркылуу товарларын киргизе албай жатышканын белгилешти. Айрымдарынын айтымында, беш-алты айлап товары чек арадан өтпөй калган.
"Товарларыбыз өтпөй турат, жок дегенде себебин түшүндүрүп беришсин", - деди митингге келгендердин бири.
Айрымдары бир канча айдан бери чек ара толук иштебей, базарда соода кыла албай чыдамдары кеткенин белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бишкекте тигүү цехин иштеткен, "Дордойдо" соода кылган Гүлзат Момунбекова кездеме, кийимдерге коюлчу топчу, шуру сыяктуу майда-чүйдөлөрдү табуу кыйын болуп калганын айтты.
Ал кийимге керектүү кездемени эбактан бери кезекке туруп, талашып алып калышканын кошумчалады.
"Кытайдан товар аз келип калган. Издегениңди таба албайсың. "Мадина" базарына барсаң эски калдык товарларды эле сатып жатышат. Кездеме үчүн кезекке турабыз, ким мурунтан берки кардар болсо алып кетип жатат, жетпегени жетпей эле калууда. Мен бир апта мурда жазылгам, чек ара ачылса келет дешет, келбей жатат. "Дордойдун" тегерегинде 10-15 чакты түрк дүкөнү бар, бүгүн ал жерден дагы эч нерсе таппай келдим. Алар да калдык товарларды сатып жатыптыр", - деди Момунбекова
Жеке ишкердин айтымында, коронавирус эпидемиясы башталгандан бери алардыкы сыяктуу көп бизнес токтоду. Тигүүчүлөр же башка жумушчулар иши жок калышты.
"Бизде мурда 20 киши иштесе, азыр беш киши тигип жатат. Ошолорду да жумуш менен толук камсыздай албай жатабыз. Эки күн иштесе, эки күн иш жок. Марттан кийин эки ай карантин болуп иштебей үйдө отурдук. Андан кийин бир ай жакшыраак иштедик. Анан кайра солгундады, бир жума иштесек, он күн иштебейбиз. Былтыркы жылдарга салыштырганда кирешебиз азаймак тургай, күнүмдүк ичкен-жегенибизге араң чыгып жатат", - деди Момунбекова.
Чек ара кызматынын айтымында, кыргыз-кытай чек арасы жөө жүргүнчүлөр үчүн ачык.
Ал эми жүктөр үчүн да тоскоолдук жок экенин Бажы кызматы билдирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Биз тараптан эч кандай тоскоолдук жок. Бүгүнкү күнү, буга чейин деле Кыргызстандан эч кандай чектөө же тыгындар болгон эмес. Ал жактан өткөрбөй жатат деп жатышпайбы, аны биз чече албайбыз", - деди Бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов.
Анын айтымында, бул маселени чечүүнүн үстүндөТышкы иштер министрлиги иштеп жатат.
Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Гүлнара Үскенбаева да чек арада Тышкы иштер министрлиги чече турган маселе жаралды деп божомолдойт.
"Бул сырткы соода мамилеси болгондон кийин дипломатиялык маселелерди Тышкы иштер министрлиги чечиш керек. Министрлик да жабыгыраак мекеме болгондуктан биз сүйлөшүүлөр кайсы баскычта экенин, процедура кандай жүрүп жатканын билбейбиз. Биз жүктөрдү ташып өткөрүү жумушун макулдаша албай жатышат деп божомолдойбуз. Мисалы, мурда бир жүк өткөрүүчү баштан аяк толук алып өтчү. Азыр Кытайда кытайлар жүктү чек арага чейин алып келет, андан бери кыргыздар жеткирет. Эми Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ким кайсы жерге чейин, кантип алып келет деген суроо боюнча бир пикирге келе албай жатышат. Бирок ТИМ эмне үчүн макулдаша албай жатканы белгисиз", - деди Би-Би-Сиге Ускенбаева.
Анын айтымында Кытайдан жүктөр аздан кирип жатат.
Советтер союзу бузулгандан кийин пайда болгон "Дордой" базарында болжолдуу эсептер менен 150 миңдей киши жумуш менен камсыз болгон. Ал жерде сатылган товарлар өлкөнүн көптөгөн майда базарларына, дүкөндөргө тарагандан сырткары Казакстанга, Орусияга кетет.
Кытайдан келчү товарларга бир гана бул базар же тигүү тармагы эмес, экономиканын, бизнестин көп багыты көз каранды.












