Парламенттин чечими тууралуу Конституциялык палатага арыз даярдалууда

Сүрөттүн булагы, Social media
Айрым топтор Жогорку Кеңештин акыркы кадамдарын укуктук жактан баалоо өтүнүчү менен Конституциялык палатага кайрылганы жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Конституцияны коргоо үчүн түрдүү күчтөрдү биригүүгө чакырды.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова эң жогорку соттук органга арыз даярдап, жөнөткөнү жатышканын Би-Би-Сиге билдирди.
"Булар мыйзамдан чыгып кетишти. Укукта мындай болбойт. Фракция лидерлери сүйлөшкөндөн кийин демек, саясий соода жүрдү. Бизди экономикалык, саясий кризистен азыр укуктук, конституциялык кризиске алып келишти", - дейт Сооронкулова.
Конституцияны коргоо чакырыктары айтылып жатат
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко конституциялык мыйзамдын беренелеринин күчүн токтотуу боюнча кесиптештеринин сунуштарын "уятсыз" жана конституциядан сырткары деп атады. Ал добуш берүүгө катышкан эмес, айтымында, мыйзам долбоорун башка депутаттар да көрбөй, талкуулабай туруп үч окуудан өткөрүшкөн.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Басым менен, КР ЖК Регламентинин жана башка мыйзамдардын бардык нормаларын бузуп кабыл алган парламенттин бул чечимине тарых каршы болот жана алдыда баасын алат! Мен коомдун бардык саламат, акыл-эс менен ой жүгүрткөн күчтөрү биригиш керек, президенттик башкарууну кайтаруу, Конституцияны өзгөртүү аракеттерине каршы калкан түзүш керек деп эсептейм. 5-октябрдагы элдин нааразылыгынын себеби дагы бийликтин партиялары сатып алуу жана административдик ресурс менен парламентти ээлеп, бийликти узурпациялоо аракети болчу", - деп жазды Никитенко.
Ал 28-октябрда парламенттин мөөнөтү бүтсө конституциялык реформа өткөрүүгө легитимсиз болоорун, парламент өзүнүн иштөө убактысын узарта албай турганын айтты. "Парламент 5 жылга шайланат" деген Баш мыйзамдагы берене бар деди.
"Конституциялык реформа зарыл"
Ошол эле убакта саясат таануучу, Президенттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Акматалиев Баш мыйзамда "парламенттин ыйгарым укуктары кийинки парламент келгенге чейин иштейт" деген берене да бар экенин белгилеп жатат.
"Мен парламентти легитимдүү деп эсептейм, - дейт Акматалиев.- Бирок ооба, шек саноолор болуп жатат. Жаңы Конституцияны референдум менен кабыл алса анын легитимдүүлүгү жогору болот. Бирок референдумду президенттин милдетин аткаруучу өткөрө албайт. Ошондуктан азыркы парламент туруп туруш керек. Ал жалгыз легитимдүү орган. Президенттик шайлоону референдум менен кошо өткөрсө да болот. Анан шашпай парламенттик шайлоону кыла бериш керек. Ушул баскычтар менен биз укуктук жолго түшөбүз. Жогорку Кеңешти биринчи шайласа алар келип алгандан кийин референдумга барбайт. Нааразы болгон элдин талабы депутаттарды азайтып, бир мандаттуу парламент, президенттик башкаруу экенин дагы унутпашыбыз керек".

Сүрөттүн булагы, Social media
Элдин талабы конституциялык реформа экенин депутаттар Талант Мамытов, Умбеталы Кыдыралиев жана башкалары парламентте айтты.
Конституция өзгөрө турган болсо парламентти шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдүн мааниси жоголот дешүүдө эксперттер. Ал жаңы мыйзамда партиялардын шайлоого катышуусу тууралуу эрежелер камтылган. Ал үч окуудан өткөн менен президент кол койгону кабарлана элек.
Эксперттер жана айрым саясатчылар конституция өзгөрсө, ага мажоритардык шайлоо эрежеси кирет деп эсептешет. Анткени өкмөт башчы Садыр Жапаров өлкөнү ушул шайлоо жолуна өткөрөөрүн айткан.
Ал эми 22-октябрда үч окуудан кабыл алынган парламенттик шайлоону жылдыруу тууралуу мыйзамга 23-октябрда Садыр Жапаров кол койду. Бул мыйзамда эмне камтылганын президенттин расмий сайты жазды:
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган, аларда конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.
Бул мыйзам конституциялык реформа аяктаганга чейин күчүндө экени белгиленген. Анда парламенттик шайлоону 1-июнга чейин өткөрүү каралган.














