УКМК: Матраимовго жакын жүрүп, коррупциялык схемаларга аралашкандар аныкталды

Сүрөттүн булагы, social media
Улуттук коопсуздук кызматы билдирүү таратып, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жанында жүргөн жана бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталганын билдирди.
"Учурда КР УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Р.Матраимов жана башка кызматтык адамдар тарабынан түзүлгөн коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.Тергөө органдары тарабынан Р.Матраимовдун жакын айланасына кирген жана жогоруда айтылган коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталды. Азыркы тапта алардын жүргөн жери аныкталды. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча активдүү иш аракеттер жүрүп жатат",-деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимов коррупция боюнча бир нече журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган. Бирок бул дооматтарды четке кагып келүүдө. Аны жоопкерчиликке тартуу талабы менен Бишкекте митингдер өткөн.
Р.Матраимовдун агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты. 4-октябрда өткөн шайлоодо алдыңкы орунда келген "Мекеним Кыргызстан" партиясын ушул үй-бүлө менен байланыштырып келишкен эле. Шайлоонун жыйынтыгы массалык нааразылыктарга себеп болуп, өлкөдө башаламандык орун алды. Демонстрацияларда коррупцияга аралашкандарды камакка алуу талаптары көтөрүлгөн.
"Райым миллион" деп элге кеңири таанылган Райымбек Матраимов Бажы кызматында иштеген. Раимбек Матраимов 2017-жылдын ноябрь соңунда кызматынан алынган. Ал учурда өкмөттүн башында Сапар Исаков эле. Андан кийин өкмөт бажы төлөмдөрү бюджетке эселеп көп түшкөнүн билдирген. Мисалы, Ош бажысы мурда күнүнө эки миллион сомдун тегерегинде чогултса, ошол учурда 15 млн сомго жеткенин айткан.
Көп өтпөй мурдакы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди жаңылоо ишиндеги коррупция боюнча айыпталып, камакка алынды. Ушундан тарта экс-президент Алмазбек Атамбаев менен анын жактоочулары "Райым-миллиондор" жаңы бийликти колго алып, "өч ала баштады" деген билдирүүлөрүн айтып келгени бар.
Ошондой сын-пикирлерден кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип баштаган. Бирок экс-президент Жээнбеков жетиштүү "фактылар жоктугунан" кылмыш иши козголбой келгенин айтып келди.
"Райым Матраимовдун маселеси мага чейинки жылдары, биздин элибиздин коррупцияны жек көргөнүн билип туруп, ошол коррупционерлердин саясий технологдору Райым Матраимовду коррупциянын символу кылып туруп, аны мага жабыштыргысы келип атышат. Мен да кызыкдармын ушуна аягына чыгарганга. Митинг да болду, силер да бердиңер. Улуттук коопсуздук комитетинин алдында атайын тергөө тобу түзүлдү. Тапшырма берилди, убакыт керек. Сотко беришти. Берген жүйөөлү фактылар боюнча укук коргоо органдары иштей баштады. Айттыңар, эми аны юридикалык жактан бекемдеш керек. Сен айтып койсоң эле дароо кармагыдай азыр 37-жыл эмес да. Аны бекемдеш керек. Айткан кишилер далилдеп берсе чогуу отуруп, анан кийин иш башталат. Ошол процесс жүрүп атат, ошонун үстүндө иштеп атышат",-деген эле өткөн жыл соңундагы басма сөз жыйынында С.Жээнбеков.













