#REакция: коррупцияга каршы жарандык чакырык

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Бишкектин Ала-Тоо аянтында ондогон активисттер каршылык акциясын өткөрүп, бийликке бир нече талап менен кайрылды.

Акцияга чыккандар колдоруна бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду сүрөтүн көтөрүп чыгып, анын камакка алынышын талап кылды. Ошондой эле бийликтен реалдуу реформаларды талап кылган чакырыктар айтылды.

Митингчилер арасында президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн көтөрүп алгандар дагы бар. Көпчүлүк өткөн аптада жарыяланган бир катар басылмалардын биргелешкен иликтөөсүнө бийликтин укуктук баа беришин талап кылууда.

митинг

Сүрөттүн булагы, facebook

"Мыйзамсыз чыгарылып кеткен делген 700 миллион долларга 29 акыр-чикир полигонун, шифер чыгаруучу 192 завод куруп, 128 жолу милицияда реформа жасамакпыз. 607 мектеп жана 1073 бала-бакча кура алмак экенбиз. Жогорку Нарын ГЭСин куруп, Бишкек ЖЭБди эки жолу кайрадан жаңылап курмак экенбиз. Ар бир балага 9778 сомдон пособие тиймек экен. Бул акчага Кыргызстандын көп ишин бүтурмөк экенбиз", -деди акциянын уюштуруучуларынын бири Улан Үсөйүн.

Бүгүн өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттердин суроолорун жооп берип жатып, УКМКнын тергөө кызматынын башчысы жетектеген оперативдүү топтун тергөөгө чейинки териштирүүсүнө Раимбек Матраимов чакырылышы мүмкүн экенин айтты.

Президенттин басма сөз кызматы: Жээнбековдун Абдукадыр менен чогуу бизнеси болгон эмес

Өтөн апта соңунда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы билдирүү таратып, «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсүндө айтылгандар боюнча түшүндүрмө берген.

Журналисттик иликтөөдө көрсөтүлгөн сүрөт

Сүрөттүн булагы, kloop

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Журналисттик иликтөөдө көрсөтүлгөн сүрөт

Биргелешкен иликтөөдө Кыргызстандан миллиондогон акчаларды мыйзамсыз чыгаруу боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар катары аталып жаткан кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадырдын Жээнбековдун инаугурациясында олтурганы көрсөтүлгөн.

"Ар кандай күчтөр Президент Сооронбай Жээнбековду бул журналисттик иликтөөдө айтылган чөйрө менен байланыштырууга аракет кылат деген пикирдебиз. Ошондуктан, президент Сооронбай Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз. Андай байланыштары болсо, иликтөөнүн авторлору буларды тастыктаган өз жүйөөлөрүн сөзсүз келтирмек. Материалда маанилүү аргумент катары Х.Абдукадырдын С. Жээнбековдун инаугурациясынан тартылып алынган сүрөтү келтирилип жатат. Мында элдин эмоциялык кабыл алуусуна таасир этүү аракети көбүрөөк. Бирок, бул эмоционалдык штрих дагы негизсиз. Анткени, өлкөнүн шайланган Президенти С. Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин, тактап айтканда А.Атамбаевдин Аппараты тескеген. С.Жээнбековго бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган. Белгилүү болгондой, Президент С. Жээнбеков журналисттик иликтөөлөр коомчулукка, укук коргоо органдарына жана президентке өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоол болгон башкы көйгөй — коррупция менен күрөшүүгө жардам берерин ар дайым белгилейт",-деп айтылат президентик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева тараткан билдирүүдө .

Ошондой эле билдирүүдө "материалда келтирилген жагдайларга көңүл бурулат", "укук коргоо органдар материалда айтылган жүйөөлөрдү эске алат" деп айтылган.

"Буга чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Түркиянын Башкы прокуратурасына А. Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишти иликтөөдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. А.Саймаитинин ысмы Кыргызстан менен байланышып жаткандыктан, анын Кыргыз Республикасынын жараны эмес экендигине карабастан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүн иликтөө иштерине катышат",-деп белгиленди.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Сооронбай Жээнбеков кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен биринчи жолу Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган 2012-жылы инвестициялык форумда таанышкан экен.

"2012-жылы өткөн инвестициялык форумга Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Х. Абдукадырдын иниси келген, ошондо таанышкан. Форумдан кийин С. Жээнбеков ал экөө менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн Президенти А.Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан. Кийин, 2017-жылы иниси аркылуу А.Атамбаев жана С. Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон. Андан кийин алардын А.Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү, бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес. Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда бул А.Атамбаевдин президент болуп турган маалы. Коомчулукка белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган. Иш жүзүндө, жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы Мамлекет башчысы кабыл алган эмес. Анын жыйынтыктары белгилүү — бүгүнкү күндө А.Атамбаев ага коюлган 5 айып боюнча тергөөдө",-деди Толгонай Стамалиева.

Коомчулукта кызуу талкууга түшкөн журналисттик иликтөөдө кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр көмүскөдө ири карго компания иштетип, Кыргызстандын бажы тармагына чоң сумадагы пара берип келгени тууралуу сөз болгон. Ага Бажы кызматынын мурдакы жетекчи орун басары Райымбек Матраимовдун түздөн түз катыштыгы тууралуу айтылат.

Иликтөөдөгү маалыматтарды жакында эле Стамбулда киши колдуу каза тапкан кытайлык ишкер Айэркен Саймаити бергени маалым болду. Буга чейин анын ысымын Матраимовдор менен байланыштырган бир нече иликтөөлөр жарыяланган.

Ушул айдын башында президент Жээнбеков журналисттер менен жолуккан учурда бул темада сөз болгон эле. Мамлекет башчы "тиешелүү кызматтар Матраимовду, бир туугандарын текшергенин", "24 миллион сом салыгы бар экен, аны төгүп жатат" деп гана айткан эле.

Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүн айрымдар актануу катары кабыл алып, иликтөөдө айтылгандар боюнча укуктук баа берүүгө чакырууда. AbA)