Түркиялык басылмалар: Саймаитини өлтүргөндөр террордук уюмдун мүчөлөрү

Түрк басылмаралары Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү кыргызстандык делген жарандар тууралуу жаңы маалыматтар менен бөлүшүп жатышат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги шектүүлөрдүн кыргызстандык экенин далилдеген бир дагы расмий документи жок экенин айтты. Алар башка өлкөнүн жарандары болушу мүмкүн деп айтылууда.

Sabah.com.tr сайты жарыялаган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Sabah.com.tr

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Sabah.com.tr сайты жарыялаган сүрөт

Т24 басылмасы кыргыз жарандары делип жаткан эки адам Түркияга жасалма паспорттор менен Хусеин Ахмет (Hüseyin Ahmet Aliyev) жана Абдуллах Энвер (Abdullah Enver)болуп киргенин жазып, сүрөтүн кошо тиркеди.

Ага ылайык, бул эки адам Сириянын Идлиб провинциясындагы "ан-Нусра" террордук уюмунан бөлүнүп чыккан экстремисттик топко мүчө болгон. Шектүүлөр Түркияга бири 2017-жылы, экинчиси былтыр кирген. Айеркен Саймаитинин өлүмүн бир миң доллар үчүн ишке ашырышканы да айтылып жатат.

Түркиялык басылма Айеркен Саймаитинин өлтүрүү операциясы эки апта даярдалганын да жазып чыкты. Шектүүлөр Сирияны көздөй бет алганда, өткөрмө полиция бекетине жакын жерден колго түшүрүлүлгөн.

Шектүүлөрдүн жанынан табылган документтери

Сүрөттүн булагы, t24.com.tr

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шектүүлөрдүн жанынан табылган документтери

Тинтүү учурунда шектүүлөрдүн жанынан 13 кишинин жасалма документтери чыккан, деп жазат басылма.

Кыргызстандагы реакциялар

Кыргызстандын парламенти кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланышкан бир катар жагдайлар боюнча өкмөттүн маалымат беришин талап кылды.

"Кечээ Кыргызстандын казынасына беш миллиард сом салык төлөбөй издөөдө жүргөн Саймаитини өлтүрүштү. Аны өлтүргөн адамдар кыргыз паспорту менен чыгып атат. Саймаитинин минип жүргөн машинеси дипломатиялык номер менен чыгып атат. Премьер-министр болсо унчукпайт. Бул өзгөчө кырдаал да. Издөөдө жүргөн адам элчинин машинеси менен жүргөнү өзгөчө кырдаал да", -деди Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

Парламент жыйынында бир эле Саймаитиге байланыштуу эмес, Кыргызстандагы соңку апталардагы ишкерлерге кол салуу окуялары да талкууланат деп айтылды.

Айеркен Саймаити ким?

Уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин ысымы "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу "Азаттыктын" иликтөөсүндө бир нече жолу аталып, ал аркылуу Кыргызстандан ири суммадагы каражаттар күмөндүү жол менен чыгып кеткени тууралуу сөз болгон эле.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул боюнча иликтөө жүргүзүп, Саймаити жана Вуфули Бумайляму аттуу ишкерлер, «Абдыраз» ишканасы бир нече жыл ичинде 700 млн чамалуу АКШ доллары Кыргызстандан чыгарылып кеткенин ырастаган. Бирок бул каражаттар кездеме, мотор майы, унаа тетиктери сыяктуу товарларды сатып алуу тууралуу келишимдин негизинде которулган деп айтылган.

Бул ишкерге сентябрь айында Кыргызстандын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматты издөө жарыялаганы белгилүү болду.

Андан сырткары эки жыл мурун ага ИИМ дагы издөө салган экен.

"Кытай жараны Айеркен Саймаити 2017-жылы өзүнүн өнөктөшү, кытайлык жарандан 3 млн. 28 168 долларлык товарды жана акчаны алдап кеткен үчүн кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө издөө жарыяланган",-деди Жогорку Кеңеште маалымат берген ички иштер министри Кашкар Жунушалиев .

Консулдун унаасы

Эркин Сопоков

Сүрөттүн булагы, facebook

Айэркен Саймаитиге кол салуу болгон жерде табылган унаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулуна таандык болуп чыкканы чоң резонансты пайда кылды. Эртеси Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин расмий сайты жарыялады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Башкы консулдун кызматтан кеткен себебин түшүндүрдү.

"2019-жылдын октябрында Э.Сопоков транспорт каражатын каттоодон чыгарып, дипломатиялык номерди тапшыруу боюнча процедураларды бузуу менен «Рейндж Ровер» үлгүсүндөгү унаасын «Рамадан туризм» автосалонуна сатыкка койгон. Жогоруда көрсөтүлгөн унаа эмне үчүн Кытай жараны А. Саймаити өлтүрүлгөн жерде болуп калганын Э.Сопоков түшүндүрүп бере алган жок",-деп билдирди Би-Би-Сиге Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Улан Дыйканбаев.

Буга чейин дагы бул консул жол эрежелерин жана транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузганы үчүн эскертүү алган экен. Ошондой эле Башкы прокуратура Сопоковдун 2017-жылы бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаганын да таап чыккан .

Эркин Сопоковдун өзү бул окуяларга түшүндүрмө берген жок.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Кол салуунун себебин шектүүлөр "Кыргызстандагы аласа-бересе маселеси" деп айтышкан

Стамбулдун Фатих районундагы кытайлык ишкерге кол салган деген шек менен кармалган үч чет элдик жарандын экөө кыргызстандык болуп чыкты.

Полиция аларды Түркиянын аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган жерден камакка алган. Кол салуу болгон жердеги байкоо камераларына үч кишинин кол салганы жана алар колдонгон унаанын номери түшүп калган. Полиция шектүүлөр Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган деп айтты.

"Иликтөө иштерин жүргүзгөн полиция бөлүмү Адана шаарында атайын операция өткөрүп, кыргызстандык Хусейин Акматалиев менен Абдуллах Энверди жана сириялык Али Избехти кармады. Алгачкы сурак учурунда кол салуу Кыргызстандагы аласа-бересе маселесинен улам чыккан чырдан болгону айтылды",-деп жазды түркиялык Sondakika сайты.

Айрым басылмалар болсо шектүү катары кармалгандар Сирияда таанышып, Айэркен Саймаитини өлтүрүү үчүн бир ай мурун Стамбулга келген деп жазышты. Аны «мусулман эмес болчу» деген себеп менен өлтүрдүк» деп көрсөтмө беришкен.

Мамлекеттик каттоо кызматы Сайматинин өлүмүнө шектүү катары кармалгандардын өздүгү тууралуу сурап кайрылганыбызда, маалымат берген жок.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Дамира Азимбаева жеке маалыматтардын купуялуулугу тууралуу тийиштүу мыйзамга шилтеме берип, бул адамдардын чоо-жайы тууралуу маалымат берилбей турганын айтты.

УКМК Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөр боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын Би-Би-Сиге ырастаган да, тастыктаган да жок.

Айеркен Саймаитиге кол салуу тууралуу макаланы бул жерден окуңуз: