Стамбулдагы консул кызматынан алынды: Саймаитинин окуясына байланышы барбы?

Сүрөттүн булагы, facebook
Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттин расмий сайты жарыялады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Башкы консулдун кызматтан кеткен себебин түшүндүрдү.
"2019-жылдын октябрында Э.Сопоков транспорт каражатын каттоодон чыгарып, дипломатиялык номерди тапшыруу боюнча процедураларды бузуу менен «Рейндж Ровер» үлгүсүндөгү унаасын «Рамадан туризм» автосалонуна сатыкка койгон. Жогоруда көрсөтүлгөн унаа эмне үчүн Кытай жараны А. Саймаити өлтүрүлгөн жерде болуп калганын Э.Сопоков түшүндүрүп бере алган жок",-деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Буга чейин дагы консул жол эрежелерин жана транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузганы үчүн эскертүү алганы айтылат. Ошондой эле Башкы прокуратура Сопоковдун 2017-жылы бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаганын да таап чыккан.
Кечээ күнү Стамбулда жеке ишкер Айэркен Саймаити киши колдуу каза тапканы тууралуу бир катар түркиялык басылмалар жазып чыккан. Ага кол салуу болгон жерде ишкердин унаасы табылып, консулдуктардын бирине таандык жасалма номерде болгону айтылган эле. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ишкердин унаасы боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган. Бул ишкерге сентябрь айында Кыргызстандын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматты издөө жарыялаганы белгилүү болду.
Кыргызстан: Чуулгандуу иликтөөнүн фигурантын Түркияда атып кетишти
Sabah.com.tr сайты Стамбулдун Фатих районундагы Тургут Өзал көчөсүндөгү мейманкананын маңдайындагы тамактануучу жайда ишкерге кол салуу болгонун жазды. Кечки саат сегиздер чамасында эки киши кол салып, ошол жерден дароо из жашырып кетишкен. "Ишкердин кытай жана украин жарандыгы болгон" деп жазды басылма.
Стамбул полициясы шектүүлөрдү издөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, Айэркен Саймаитиге кол салуу атайын пландалган. Кол салгандар көптөн бери аны аңдып жүрүшкөн деп айтылат. Кол салуу анын ишмердигине түздөн-түз байланышы бар деген полиция.
"Маалыматтарга караганда, Айэркен Саймаити унааларды ижарага берип жана бажы каттоосунан өткөрүп турган. Бул ишмердүүлүк ага кол салуунун себеби болушу мүмкүн деген маалыматтар бар" деп жазды Sabah.com.tr сайты.
Унааны жүктөп жаткан учур:
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Бул кытайлык ишкердин ысымы «Кыргызстандын чыгарылган миллиондордун изи» аттуу "Азаттыктын" иликтөөсүндө бир нече жолу аталып, ал аркылуу Кыргызстандан ири суммадагы каражаттар күмөндүү жол менен чыгып кеткени тууралуу сөз болгон эле.
Өлкөнүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул боюнча иликтөө жүргүзүп, Саймаити жана Вуфули Бумайляму аттуу ишкерлер, «Абдыраз» ишканасы бир нече жыл ичинде 700 млн чамалуу АКШ доллары Кыргызстандан чыгарылып кеткенин ырастаган. Бирок бул каражаттар кездеме, мотор майы, унаа тетиктери сыяктуу товарларды сатып алуу тууралуу келишимдин негизинде которулган деп айтылган.
Ал эми иликтөөдөгү Матраимовдордун "Ысмайыл ата" фондуна Саймаитинин атынан 2,3 миллион АКШ доллары чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу маалымат такталган эмес. Бирок аталган фондко кайрымдуулук үчүн 199 958 АКШ доллары Вуфули Бумайляму тарабынан которулганы такталган болчу.
Матраимовдор соңку учурда Кыргызстандагы медиада эң көп талкууланган ысым болуп калды. "Райым миллион" деп элге кеңири таанылган Райымбек Матраимов мурда Бажы кызматында иштеген. Бир катар ММКлар анын көмүскө ишмердиги жөнүндө иликтөөлөрүн жарыялашкан. Райымбек Матраимов 2017-жылдын ноябрь соңунда кызматынан алынган. Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев аны коррупция боюнча айыптап, жаңы бийликти колго алып койду деп сындаган эле. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат ушундай маанайдагы сын-пикирлерден кийин Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип баштаган.
Матраимовдордун улуусу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өздөрүнө байланышкан коррупция боюнча айыптоолорду негизсиз каралоо катары четке кагып келүүдө. (AbA)








