Ч.Эсенгул: Шайлоолорго сырткы күчтөр таасир этип келатат

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Беларустун президенти Александр Лукашенко 9-августта өтчү президенттик шайлоого Орусия кийлигишип жатканын айтып, айыптоодо. Орусия эч кимдин ички ишине кийлигишпесин билдирди. Кыргызстанда да парламенттик шайлоо өткөнү турат.

Жергиликтүү шайлоолорго сырткы күчтөрдүн таасири тууралуу Би-Би-Си эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул менен маектешип, адегенде Москванын кызыкчылыгы тууралуу сурады.

Чынара Эсенгул: Москва башынан эле Кыргызстандын жалпы ички жараяндарына аралашып келген. Өзгөчө шайлоо өтчү саясий жылдарда тышкы күчтөрдүн таасири артат. Бул Орусияга гана эмес башка ири державаларга да тиешелүү. Мисалы, Батыш болобу, Кытайбы кийлигишпесе да, кур дегенде көз салып турат.

Ошондуктан саясий жараяндар жанданганда бул турган нерсе.

Би-Би-Си: Мурдагы президенттик, парламенттик шайлоолордо талапкерлер Кремлдин "батасы" менен баратканын мактанган учурлар болгон. Ал эми Москванын кызыкчылыгы эмнеде?

Чынара Эсенгул: Ачык айтсак, Москва Кавказ болобу, Борбор Азия же мурдагы Советтер союзунун аймагы болобу өзүнүн мейкиндиги катары эсептейт. Биз башкалар менен карым катнашты күчөтсөк алардан кызгануу менен карайт. Бул аймактарда Орусия негизги жараяндарды көзөмөлдөп келатат. Ошондуктан алар бийлик алмашчу учурда Орусиянын кызыкчылыгына жана жалпы эле алардын Евразия үчүн койгон максаттарына каршы болбой турган күчтөрдүн келишине ынангысы келет.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Би-Би-Си: Буга чейинки шайлоолордо орус күчтөрү сүрөгөн талапкерлер ийгиликке жеткени талкууланып, жазылып жүрдү. Бул жолу алар кайсы күчтөр менен иштешүүгө кызыктар болушу мүмкүн?

Чынара Эсенгул: Орусиянын күчтөрү деле өзүнүн иш-аракеттерине кичине кичине түзөтүүлөрдү киргизип жатат. 2015-жылдан кийин биздин алар менен мамилебизде өзгөрүү болду, бул - Евразия экономикалык биримдиги. Путин менен Лукашенконун же Орусия менен Беларустун ортосундагы мамиле ушул экономикалык маселелерге да байланышы бар. Айрым саясий түшүнбөстүктөргө экономикалык жагдайлар да негиз болду.

Бийликке жакын экени айтылып жаткан "Биримдик" саясий партиясынын программасында "Евразия баалуулуктары", жөнөкөйлөштүргөндө "келечегибиз Орусия менен" деп ачык эле айтып жатат. Партиялар Орусиянын чоң саясаттагы баалуулуктарын колдой турганын көрсөтүп жатат. Ошондуктан азыр кайсы партия Орусияга ыктаганы же ыктабаганы ачык эле болуп калды.

Би-Би-Си: Электорат чогултууда маанилүү факторлордун бири экенин эске алганда Орусияга ыктабайм деген партиялар да барбы?

Чынара Эсенгул: Бар. Кыргызстан кичинекей болгонуна карабай ичинде бир канча дүйнө бар. Биз үч-төрт дүйнөдө бир учурда жашайбыз. Алардын биринчиси демократиялык баалуулуктарды карманган, ачык коом курууга умтулган, либералдык көз караштагылар. Экинчиси постсоветтик, үчүнчүсү диний дүйнө. Төртүнчүсүн улутчул, кыргызчыл же теңирчи дүйнө деп койсок болот.

Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген

Партиялар дагы ушулардын өкүлү катары келатат. Мисалы, КЛДП ааламдашуу жараянын колдогон, ачыктыкты жактырган адамдардан куралган. Ал эми дайыма саясатта келаткан карт бөрү саясатчылар советтик ой-жүгүртүү, көндүмдөр менен жашаган адамдар. Ошондуктан алар Орусиянын, Путиндин үлгүсүн көбүрөөк жактайт.

Би-Би-Си: Аталышы либерал болгон менен Кыргызстанда партиялар карама-каршы баалуулукту карманган партияга жөн эле кошулуп кетип жатпайбы. Демек, алар керек учурда сөз болуп жаткан мамлекетке ыктап кете бериши мүмкүнбү?

Чынара Эсенгул: Туура, партиялар приципиалдуу позициясынын жоктугун көрсөтүп жатышат. Алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүгү- эл эски күчтөрдөн чарчап, жаңыларга суусап жатканында. Эми ким кимди колдонуп кетет деген оюн болуп жатат. "Бир бол" партиясы жаңы курамды сунуштады эле, бирок бир мүчөсүнүн айынан эл аны да талкуулап отуруп калды.

Бул парламенттин шайланышы менен, балким Кыргызстандын жаңы тарых барагы ачылаар, балким, мурунку формула менен жаңы кишилерге жамынып келип алышып кийин эскилер аларды түртүп чыгат. Бирок менин оюмча чоң өзгөрүү болбойт. Анткени эң негизгиси - бул ресурс, бийлик жана акча каражаты. Экөө тең элди эмес өзүн ойлогон, коррупцияга аралашып калган күчтөрдүн колунда болуп жатат.

Би-Би-Си: Башка мамлекеттин Кыргызстандын шайлоолоруна таасир этиши өлкөгө кандай коркунуч жаратат?

Чынара Эсенгул: Коркунуч көзгө көрүнбөгөн менен келечек үчүн олуттуу. Батышчыл, Орусиячыл деп бөлүнгөн менен чынында кыргызды ойлогон партия да, күчтөр да жок. Сырткы күчтөр өлкө ичинде коалицияларды, байланыштарды түзүп, таасирлүү адамдар аркылуу өздөрүнүн максатын аткарат. Вирус жайылган айрыкча азыркыдай оор мезгилде кыргыздын кызыкчылыгын гана ойлой турган партия керек болуп жатат. Бирок менимче, андай азырынча жок. Сырткы күчтөрдүн колдоосу, каржылык жактан жардамынан кийин бийликке келген күчтөр аларга көз каранды болуп калганы стратегиялык жактан бизге кооптуу.

Шайлоолор

Би-Би-Си: Орусиянын таасирин тең салмактоочу күчтөр Батыш, АКШ болуп саналат. АКШ аскердик базасын чыгарып кеткенден кийин анын Кыргызстанда кызыкчылыгы азайды деген пикирлер басымдуулук кылды. Бул жагдай азыр кандай?

Чынара Эсенгул: Кыргызстанда акыркы жылдары жарандык коомго, медиадагы ачыктыкка соккулар болуп жатат. Ачыктык азыраак болуп, көзөмөл көбөйүп, бизге мейкиндикти аз калтырып жатканы байкалууда. Сенин пикириңе каршы болгондорду алсыздандыруу тенденциясы бар. Бул аскердик базанын гана эмес, глобалдык ойлордун, демократиялык принциптердин чындап кеткенин көрсөтүп жатат. Батыш дегенде либералдуулук, ачыктык, көп түрдүүлүк тууралуу туюндурабыз, болбосо албетте Батыштын баары жакшы эмес.

Кыргызстанда болгон демократиябызды сактап калчу күчтөрдүн жок болуп жатканына Орусия да, Батыш да, өзүбүз да күнөөлүбүз.