Бишкек мэриясы аша чапкан эрежелерди киргизип жатабы?

карантин посту

Сүрөттүн булагы, official

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Укук коргоочулар Бишкек мэриясы өзгөчө кырдаал режиминде аша чапкан эрежелери менен жарандардын укугун бузуп жаткандыгын айтып чыгышты. Мэр Азиз Суракматов беткап кийбеген шаар тургундарына олчойто айып пул салып, ал эми жумушка чыга тургандарды салык кызматынан справка алууга милдеттендирген болчу.

11-майдан тарта Бишкекте өзгөчө абал режими жоюлгандан кийин карантин чараларын көзөмөлдөө милдети шаар мэрине өттү.

Өзгөчө абал жана коменданттык саат режими жокко чыгарылгандан кийин ошол маалда берилген уруксат кагаздары дагы күчүн жоготту.

"Азыр ырастамасы жок эле ишке чыгып жатам. Милициялар менен сүйлөшүп алам. Постто тургандар менден төрт мөөрү менен справка сурады. Анан мындай эле сүйлөшүп өтүүгө туура келүүдө",- деди Бишкек тургуну Бакыт. Ал чакыруу менен барып, майда техникаларды оңдоп иштейт.

Шаарда жүрүү үчүн маалым кат болушу керек деген эреже иштеши кыйын болчудай. Салык кызматындагы узун кезек дагы элдин нааразылыгын жаратты. Коомдук сайттардагы ачуу сындардан кийин Бишкек мэриясы уруксат кагаздарын электрондук жол менен алса болорун айтып чыкты.

"Салык кызматынан уруксат алууну ыкчамдатуу тууралуу аябай көп сын-сунуштар болуп жатат. Карантин маалында Бишкекте жүрүү үчүн жеке ишкерлик тармактагы жумушчулар иштеген жеринен ырастама (справка) алышы керек. Ал катталган жери боюнча салык кызматынан мөөр менен тастыкталышы зарыл. Мөөрдү алыш үчүн ишкер же жумушчу салык кызматына арыз менен кайрылат. Азыр электрондук түрдө арыз менен кайрылуу да иштеп жатат. Электрондук система берген QR-кодду кагазга чыгарып алып, көрсөтсө да болот",- деди вице-мэр Алмаз Бакетаев.

Электрондук уруксатка QR-кодду 312.meria.kg сайтынан алса болот. 11-майдан тарта борбор калаада 15 миңдей адам ишке чыгары күтүлгөн. Патенттин негизинде иштегендерге уруксат кагаздын кереги жок.

Азиз Суракматов

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте өзгөчө абал режими жоюлгандан кийин карантин чараларын көзөмөлдөө милдети шаар мэрине өттү

"Ач элдин ачуусуна тийбейли"

Шаар ичиндеги карантиндик жаңы эрежелерге нааразылык Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Айрым эл өкүлдөрү жергиликтүү бийликтин ойлонулбаган мындай кадамдары социалдык чыңалууга алып келерин эскертти.

"Салык инспекциялары төрт райондо бар, эми эки күндөн бери алардагы кезекти көрсөңүздөр. Беткапчан турса деле ошончо адамдын жыштыгынан вирус жукпайт деп ким кепилдик берет. Туура эмес мамиле болуп жатат. Ансыз деле ачка, ачуусу келген элдин кыжырына тийип эмне кылабыз? Мамлекет тарабынан акчалай жардам болбогон соң иштегиле, ушул абалга жеткиргенибиз үчүн кечирип койгула деп айтып, ишке чыккандарга беткап кийгиле, аралыкты сактагыла дегенибиз туура болмок",- деди КСДП өкүлү Эльвира Сурабалдиева.

Ал тапта Салык кызматы өзү маалым каттарды тастыктоого ыйгарым укуктуубу деген да суроолор көтөрүлүп жатат. Себеби аталган кызмат азыркы шартта ошондой аты-жөнү менен салык төөлөчү барбы же жокпу, ошону гана тастыкташы керек болчу.

"Мыйзам иштебей жатат"

Укук коргоочу Атыр Абдрахматова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Укук коргоочу Атыр Абдрахматова

Укук коргоочулар мэриянын жаңы талаптары мыйзамдарга каршы келерин айтып жатышат. Укук коргоочу Атыр Абдрахматова коронавируска карата киргизилип жаткан карантиндик чаралар өкмөттүн соңку эки жылдан бери айтып келе жаткан санариптештирүү ишин да сынады дейт.

Алсак, азыркы жагдайда жергиликтүү бийликтин башканы кой жарандардын жашаган дареги жана иштеген жерин эч кандай маалым каты жок, онлайн текшерүүгө кудурети жетпей жатат.

"Ички миграция, жумуш менен камсыз кылуу, муктаж адамдарды социалдык колдоо тууралуу мыйзамдарынын бардыгында мамлекетте жарандардын бирдиктүү электрондук базасы түзүлүш керек деп айтылган. Ал базада жарандардын төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки бардык маалыматтары топтолушу керек. Бул реформага мамлекет тарабынан чоң акчалар коротулган. Бирок азыркыга чейин андай электрондук базанын жоктугу көрүнүп турат",- деди Абдрахматова.

Ошентип жарандардан маалым кат суроо коомчулукта мамлекеттик органдардын начар ишинин натыйжасы катары кабылданууда.

21-майдан тарта Бишкекте ири соода түйүндөрү, базар, дүкөндөр иштей баштайт. Ага чейин маалым кат талабы кала береби же жокпу азырынча белгисиз.