"Ким кантип байыды?": Коомдук сайттардагы талкууга расмийлер эмне дейт

беткап кийген киши
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстандагы коомдук сайттарда "мурда-кийин мамлекеттик чоң кызматта иштеп жүрүп, чоң байлык топтогон" делген чиновниктер тууралуу билдирүүлөр талкууга алынууда.

Мыйзамсыз байыды делген аткаминерлердин сүрөттөрү жарыяланып, алардын айрымдарынын куран кармап актанган видеолору жарыяланды.

Бул сыяктуу коомдук сайттарда айтылып жаткан дооматтарга Башкы прокуратура баштаган укук коргоо органдары азырынча реакция жасай элек.

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Талкуу мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, байлыгын санап, алар күмөндүү жолдор менен байыган деп жазып чыккандан соң күчөдү.

Көп өтпөй "Кырк чоро" уюмунун жетекчиси Замирбек Көчөрбаев коомдук сайттагы өз баракчасына кыркка жакын чиновниктин сүрөтүн жарыялап, аларды "элдин ырыскысын жеп байыган жемкорлор" деп атады.

"Кыргызстанда мамлекеттик кызматтын айлыгы менен ошончо байлыкка жетип , миллионер болуп, завод-фабрикаларды салып, соода борборлорун же мунай станцияларын курууга мүмкүн эмес. Аны бардыгыбыз эле түшүнүп турабыз. Алар ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдаланып, баюунун ар кандай жолун көргөнү ачыктан ачык да. Элдин эсебинен байыган дегенге ошол негиз болуп берип атат", -деди Көчөрбаев.

Көчөрбаев чиновниктер декларацияларда кирешелерин жашырса да, аларга чара көрүлбөй жатат деп нааразы. Ал элдик демилге менен атайын топ түзүп, байлардын киреше-чыгашасын текшерип, арам акчаларын элдик банк же эсепке которуп, анын эсебинен тышкы карызды төлөө керек деген радикалдуу жолду дагы сунуштап жиберди.

"Далил керек"

Коомдук сайттардагы мындай айыптоолор менен чыккан жарандардын сөзү көбүнчө эмоционалдуу айтылып, далилдүү маалыматтар, документтер менен коштолгон жок.

"Сөз эркиндиги деген бизге кичине пролетардык багытта болуп кетип жатат, эч далили жок эле бул ууру же тиги ууру деп. Бирок негизи мындай ачыктык керек. Ошондой ачыктыкка биздин чиновниктер даяр болсо. ММК жана социалдык тармактарга чыгып жаткан билдирүүлөр колдон келсе, далилдери, документтердин көчүрмөлөрү же сүрөттөр менен чыкса жакшы болот эле. Мисалы, Орусияда Навальныйдын коррупцияга каршы изилдөө-иликтөөлөрү аябай дыкат даярдалып атат", - деди саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.

Былтыр Кыргызстандын бажы тармагындагы көмүскө коррупциялык схемалар тууралуу журналисттердин биргелешкен иликтөөсү чыгып, коомчулукта бир топ эле резонанс жаратты.

Иликтөөдөгү мыйзамсыз байыды деп аты аталган мурдакы чиновник тууралуу ашкерелеген маалымат чыккан сайын бийлик кошумча далил-факты сурап туруп алган эле.

митинг
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өткөн жылдын соңундагы Бишкекте жарандык активисттердин «REакция 2.0» деген тынчтык митинги

Адвокат Нурбек Токтакунов иликтөөдөгү башкы каарман мыйзамсыз байыгандыгы тууралуу Баш прокуратурага кайрылып, бирок анын арызы да кылмыштардын бирдиктүү реестрине ар кандай жүйөөлөр менен каттоого алынган эмес.

Бир, эки, үч...

Кылмыш Жаза кодексинин 323-беренесинде мыйзамсыз баюуга каршы жазалоо чаралары каралган. Аны Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаттары Дастан Бекешов жана Данияр Тербишалиев демилгелешкен эле:

"Үч жүз миң сомдон ашык кирешеси болсо мыйзамсыз болуп калса, анда жоопко тартса болот. Аны кантип аныктаса болот? Мисалы, ошол эле чиновникти чакырып, үй-мүлкүн, машиналарын көрсөтүп, аны кайсы каражатка алганын тактап, айлыгын же кирешесин көрсөтө албаса, анда иш козголушу мүмкүн",- деди Бекешов.

Кыргызстанда буга чейин мыйзамсыз байыган деген айыптоо саналуу гана аткаминерлерге коюлган.

Мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Чиновниктин банктык ячейкаларын текшере келгенде, бир миллион долларга чукул акча каражаты чыккан.

Андан кийин былтыр Кой-Таштагы окуялардан кийин Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишиндеги мыйзамсыз баюу жөнүндө материалдарын өзүнчө бөлүп, Аскер прокуратурасына өткөрүп берген эле.

Айэркен Саймитинин өлүмүнөн кийин Стамбулдагы мурдагы кыргыз консулу да мыйзамсыз баюуга шектелген. Консулдан табылган 200 миң доллардын булагы жана 47 миллион сомдук кыймылсыз мүлк кайсы акчага алынганы суроо жараткан.

Былтыр Кылмыш кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирип, анда аталган беренеге өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, мыйзамсыз байыганы аныкталган чиновниктер айып пул төлөйт же жети жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки же беш жылга чейин мамлекеттик кызматка алынбайт.