Мамлекеттик башкаруу: президенттик же парламенттик?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстан да башка өлкөлөрдөй эле коронавирус менен алпурушуп жатканда, Жогорку Кеңештеги саясий күчтөр өлкөнүн башкаруу формасын тактап алуу боюнча референдум өткөрүү демилгеси менен чыгышты.
Мыйзам долбоорунун автору, "Республика - Ата Журт" фракциясынын өкүлү, демилгечи депутат Курманкул Зулушев азырынча комментарийлерге ачык эмес болууда. Бирок ал буга чейин эле өзүнүн позициясын билдирген:
"Эл чечсин"
"Референдум өткөрүү мыйзам долбоорун талкууга коем. Себеби, биз мамлекетте шайлоо өтүп жатканынан пайдаланып, элдин оюн билишибиз керек. Мунун мен ойлоп чыккам жокмун. Көпчүлүк ушундай көз карашты айтып жатат. Баш мыйзам элдин ою менен жазылган эмес эч качан" .
Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлары менен сынга калды.

Сүрөттүн булагы, Official
Негиздемеде " референдумга Баш мыйзамга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо маселеси коюлат" делип, бирок мыйзам долбоору "мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу" деп аталып калган.
Бул такыр эки башка нерсе дейт, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов. Мамлекеттик түзүлүштүн унитардык, федеративдик же конфедеративдик формалары белгилүү.
"Апендинин жоругу"
"Президенттик башкаруу деген эмне, парламенттик башкаруу деген эмне, экөөнүн чоң ажырымы эмне, элдик бийликке кайсы формасы жакыныраак деген түшүндүрмөлөрдү элге берип туруп, референдум өткөрөт да. Азыр коронавирустан чоң экономикалык апаатка туш болобуз деп турсак, элибизде депрессиялык маанай болуп жатса, биз ушундай маанилүү тагдыр чечүүчү референдум өткөргөнүбүз апендинин жоругу болуп калат", -деди Шыкмаматов.
Ал мамлекет жетекчилиги жана жалпы парламент буга жол бербейт деген ишенимде.
Ошентсе да аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш сайтына жайгаштырылып, коомдук талкууга коюлду.
"Президент башкы фигура"
Кыргызстандын 2040-жылдарга чейинки өнүктүрүү стратегиясы мындан эки жыл мурун кабыл алынган. Өлкө парламенттик башкаруу жолунда калабы же андан четтейби суроосуна бирок ал жерде так жооп табуу кыйын. Документте президент баштапкы жылдары башкы фигуларалардын бири болуп турат дегендей жазылат. Бирок саясий атаандаштык, таза шайлоолор, элитаны жаңыртуу, шайлоодо ачык-айкындуулукту камсыздоо артыкчылыктуу нерселер экени да айтылат.
Улуттук өнүгүү стратегиясынын алдын ала долбоору Атамбаев президент болуп турган учурда эле кабыл алынган.
"Сооронбай Шариповичтин абдан оор миссиясы бар. Кыргызстанды президенттик мамлекеттиктен парламенттик мамлекетке өткөрүүнүн эң акыркы этабы колуна түштү", -деген эле Атамбаев өзү 2018-жылы 31-мартта берген басма сөз жыйынында.
"Парламенттик демократияны колдойм"
Президент Жээнбеков өзү буга чейин парламенттик демократия жолунан чыкпай турганын айтып келди.
Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө дагы президент бул оюн кайталап баса белгилеп айткан эле.

Сүрөттүн булагы, Official
"2020-жылы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт. Ушул маанилүү саясий учурга байланыштуу жеке көз карашымды мекендештерге дагы бир ирет билдирип кетейин. Мен Кыргызстанда парламенттик демократия орношун көздөйм. Кыргызстанда авторитаризмди орнотуунун потенциалдык мүмкүнчүлүгүн жоюш керек деп эсептейм", - деген эле Жээнбеков.
Талдоочулар Кыргызстан де-юро парламенттик башкаруудагы өлкө болгону менен, де-факто президенттик-парламенттик башкарууда экенин айтып келишет. Ал тургай президенттик супер күчтүү бийлиги тууралуу да талкуулар бар.
" Саясатта башкы скрипканы азыр президент ойнойт. Ошол эмне эч кимге белгилүү эмеспи. Эч кимден көз карандысыз, элден мандат алып келген күчтүү премьер-министр болгондо парламенттик башкаруу болот. Бизде бүгүн президенттик башкаруу", -деди Шыкмаматов.
Ошентип Курманкул Зулушевдин демилгеси ишке ашары күмөндүү болуп турат. Себеби, коронавируска байланыштуу күзгө белгиленген парламенттик шайлоону жылдыра туруу сунуштары да чыгууда. Алалы, буга чейин 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңешке шайлоолор кийинкиге жылдырылды.








