Аралыктан окутуу: 8-апрелде сабактар толук башталат

Сүрөттүн булагы, Thinkstock
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Ушу тапта Кыргызстанда мектептер менен жогорку окуу жайлары колунан келген электрондук ыкма менен окутуп жатышат. Билим берүү жана илим министрлиги онлайн портал даярдап, аралыктан билим берүү ыкмаларынын үстүндө иштөөдө. 8-апрелден тарта окуучулар менен студенттер толук окуй башташат.
Айтурган Урматова Кыргыз экономикалык университетинде окуйт. Карантинде бир гана күн сабактан калды.
Кечээ үйдө отуруп сынак тапшырганын айтып берди.
"Биз 16-мартта тарасак, 17-мартта үйдөн окуй баштадык. Университеттин өзүнүн порталы бар. Ошол жерден "кабинетке" кирип сабактарыбыз боюнча тапшырмаларды алабыз. Лекцияларды жазуу түрүндө жөнөтүп жатышат. Алардын аягында суроолор болот, ага белгилүү убакыт ичинде жооп жөнөтөбүз. Кечээ информатика сабагынан сынагыбыз бар эле, мугалим суроолорду жөнөттү. Бир жарым саатта жообун бербегендердикин алган жок", - деди студент.

Сүрөттүн булагы, Edu.gov.kg
Ал бардык предметтер ушундай тартипте экенин, тапшырмалар көп болуп жатканын белгиледи.
Ар мектеп өз алдынча аракет көрүүдө
Ош облусунун Өзгөн районундагы мектептердин биринде окуган окуучулар 1-апрелден тарта окууга камданып жатышканын билдирди. Ошол эле жерде коңшу мектепте баласы окуган Диана Жапарова ушул аптанын башынан тарта мугалимдер Whatsapp аркылуу тапшырмаларды жөнөтүп, текшерип берип жатканын билдирди.
Бишкектеги №50 орто мектептин 11-классынын окуучусу Наргиза Тургунбаева сабактар 8-апрелден тарта жаңы сайт аркылуу өтүлөөрүн мектептен билдиришти деди.
"Бирок башка мектептеги досторумдун сабактары башталды. Алар Whatsapp же башка месенжерлер менен окуп жатышат", - деди Наргиза.
Окуучулар телеканалдардан сабак алат
Билим берүү жана илим министрлиги аралыктан үйрөтүүгө интернет портал даярдап жатат, 8-апрелден окутуулар толук башталат.

Сүрөттүн булагы, Edu.gov.kg
"Министрлик төртүнчү чейректин сабактарын 8-апрелден тарта телеканалдардан берүүнү баштайт. 1-4-класстын сабактарын "Баластан" каналынан, 5-11-класстын сабактарын ЭлТРдин "Билим жана илим" каналынан берүү пландалып жатат. Башка телеканалдар да кошулушу мүмкүн. Азыр мугалимдер тандалып алынып, видео сабактар жаздырылып жатат. Мындан сырткары министрликтин алдында атайын портал түзүлөт. Анда видео сабактар, окуу куралдары, электрондук китептер, үй тапшырмалары, теледен кетчү сабактардын жадыбалы жайгаштырылат ", - деди министрликтин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов.
Ал кошумчалагандай, аталган материалдар "Мегаком" компаниясы менен бирге түзүлүп жаткан тиркемеде да болот. Ал тиркеменин аталышы "Мега 24". Аталган уюлдук байланыш компаниясы мугалимдер менен окуучуларга симкарта таратат. Тиркеме ошол симкарталарда акысыз иштейт.
Берилген тапшырмаларды текшерүү, окуучулардын мугалимдерге байланышуусу үчүн Zoom, Telegram, Whatsapp сыяктуу байланыш программалары колдонулат.
"Ноутбук алууга мажбурлашууда"
Жогоруда көрүнгөндөй, ушу тапта ар мекеме шартына жараша билим берүүгө аракет кылып жатат.
Бул жерде окуучулардын, студенттер менен мугалимдердин технологияны колдонуу жөндөмдүүлүгү маанилүү.

Сүрөттүн булагы, Thinkstock
Кыргызстандыктардын басымдуусу телефон аркылуу интернет колдонгонун эске алганда да, техникага зарылдык бар.
Кадамжай районунда иштеген мектеп мугалими Бурул Топчубаева ноутбук алууга милдеттендирип жатат дейт.
"Мугалимдерди ноутбук алууга мажбурлап жатышат. Мамлекет өзү камсыздап бериш керек. Андан сырткары балдар телефондорду, смартфондорду колдонбош керек дешет. Аралыктан окутуу телефон аркылуу жүрөт да. Ушундай карама-каршы маселелер бар. Кантсе да мамлекеттин чаралары абалдан чыгып кетүүгө өбөлгө болот деп үмүт кылам ", - деди Би-Би-Сиге окутуучу Топчубаева.
Өлкөдө окуучулар үчүн үчүнчү чейректен кийинки каникул 20-марттан 30-мартка чейин созулчу. Covid-19 вирусунун жайылуу коркунучунан улам алар 16-мартта каникулга эрте тарашкан.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар биринчи жолу 18-мартта жарыяланды. Учурда алардын саны 44ке жетти, арасында 14 жашка чейинки үч бала бар.








